Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2014-жылдын 9-апрели № 3961-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Евразия экономикалык шериктештиктин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Галина Анатольевна Скрипкина чыгарылсын;
Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамат Орозбаев киргизилсин жана соода саясаты жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.
2. "Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын Парламенттик делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Галина Анатольевна Скрипкина жана Олег Леонидович Домшенко киргизилсин жана социалдык-экономикалык жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга делегатталсын.
Төрага | А.Жээнбеков
|