Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-февралы № 168-V
Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:
А.Ш.Жээнбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;
Ө.Ч.Текебаев;
А.Г.Бекматов;
Э.Исаков;
М.И.Бакиров;
А.К.Кочкорбаев;
А.М.Маматалиев;
М.Орозбаев.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
- Ө.Ч.Текебаев - укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссияга;
- А.М.Маматалиев - экономикалык саясат боюнча туруктуу комиссияга;
- М.И.Бакиров - бажылык жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссияга;
- А.К.Кочкорбаев - социалдык саясат боюнча туруктуу комиссияга;
- А.Г.Бекматов, Э.Исаков - агроөнөр жай саясаты, жаратылышты пайдалануу жана экология боюнча туруктуу комиссияга;
- М.Орозбаев - соода саясаты жана эл аралык кызматташуу боюнча туруктуу комиссияга.
(КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 889-V, 2011-жылдын 15-сентябрындагы № 1002-V, 2012-жылдын 15-февралындагы № 1644-V, 2012-жылдын 10-майындагы № 1900-V, 2012-жылдын 13-декабрындагы № 2568-V, 2013-жылдын 3-апрелиндеги № 2933-V, 2014-жылдын 9-апрелиндеги № 3961 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.
4. 2008-жылдын 14-февралындагы № 171-IV "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Келдибеков
|