Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 9-октябры № 671-IV
Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жөнүндө
Демократиялык принциптердин өнүгүшүнүн тереңдеши жана ачыктыктын жагымдуу жагдайы Кыргыз Республикасында салтка айланган иштеп жаткан диний конфессиялардын гана эмес, ар кыл багыттагы жана агымдагы кеп сандаган чет өлкөлүк дин таратуучулардын ишинин активдешүүсүнө алып келди. Алардын айрымдары өз диний окууларын таратуу менен ар кайсы региондордо диний негизде бирин-эки чыр-чатактарды туудурган, өлкөдөгү социалдык туруктуулукка жана коомдук коопсуздукка терс таасирин тийгизүүчү агрессивдүү идеялар менен усулдарды пайдаланууда.
Жер-жерлерде квалификациялуу жана компетенттүү кадрлардын, ошондой эле дин иштери боюнча адистердин тиешелүү штатынын жетишсиздиги жергиликтүү деңгээлде дин чөйрөсүндө туруктуу жана ырааттуу мамлекеттик саясатты жана ар кыл конфессиядагы дин кызматкерлери" менен координацияланган ишти жүргүзүүнү ого бетер кыйындатууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик дин чөйрөсүндө пайда болуп жаткан проблемалардын баарына дайыма эле толук кандуу көңүл бурууга чамасы келбей жатат.
Колдонуудагы "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы өркүндөтүүнү талап кылат, анткени анын көпчүлүк ченемдери учурдагы болуп жаткандарга жооп бербей калды.
Жогоруда баяндалгандарды жана өлкөдөгү диний кырдаалды жакшыртуунун зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы диний кырдаалды иликтөө боюнча парламенттик комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Депутаттарга - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот укук реформасы боюнча комитетинин (Л.Ч.Сыдыкова) мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына экстремисттик мүнөздөгү продукцияны даярдагандык, сактагандык жана таркаткандык үчүн жоопкерчиликти күчөткөн өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдоо сунуш кылынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин алдында илимий-талдоо борборун жана мамлекеттик, диний уюмдардын, илим жана маданият мекемелеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын, коомдук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн туруу менен туруктуу иштөөчү жумушчу органдын ролун аткаруучу Дин иштери боюнча улуттук координациялык кеңешти түзүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын;
- калк арасында диндер аралык араздашууну, диний чыдамсыздыкты, дин тутуу жана диний ынаным жүйөөлөрү боюнча басмырлоону пропагандалоого жана алардын көрүнүштөрүнө бөгөт коюу максатында мыйзамдуу түрдө иштеп жаткан диний конфессиялардын дин өкүлдөрү менен үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин туруктуу жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- жарандардын бир динден экинчи динге өтүшүнө (прозелитизм) байланыштуу пайда болуучу чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу максатында калктын үрп-адаттарын жана тарыхый жактан калыптанган салт-санааларын эске алуу менен жарандардын дин тутуу эркиндигине болгон конституциялык укуктарын түшүндүрүү боюнча иш-чараларды кеңири практикаласын;
- эки айлык мөөнөттө:
кайрымдуулук фонддору менен уюмдарын кошуп алганда диний фонддор менен уюмдардын ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келерин бардык жерде комплекстүү текшерүүдөн жана мониторингден өткөрүүнү жүргүзүү менен бүткүл республика боюнча диний объекттерди куруу, реконструкциялоо жана арналышын өзгөртүү боюнча документтерди кароонун жана макулдашуунун бирдиктүү тартибин белгилесин;
аларды өркүндөтүү жана "Диний билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ишти кийин уюштуруу максатында дин жаатындагы ченемдик-укуктук актыларды тизмектөөдөн өткөрсүн;
алар өлкөнүн билим берүү мекемелерине коюлуучу тиешелүү шарттарды (санитардык-гигиеналык шарттар, материалдык-техникалык база, окутуп-үйрөтүүчү программалар, пландар, окутуучулардын даярдык деңгээли ж.б.) түзгөндө гана бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде иштөө үчүн бир түргө келтирилген билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда диний окуу жайларына көмөк көрсөтсүн;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти республиканын региондоруна жиберүү үчүн тиешелүү материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоо менен азыркы штаттык бирдигин кеминде 10 штаттык бирдикке көбөйтүп, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча улуттук агенттигине кайра түзүү маселеси боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2009-жылдын I кварталынан кечиктирбестен берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик диний мүнөздөгү маселелерди чагылдырууда жалпыга маалымдоо каражаттары менен активдүү кызматташсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитетине (З.К.Курманов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Тагаев
|