Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 3-апрели №2933-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген парламенттер аралык комиссияларынын кыргыз тарабы, чет өлкөлөрдүн парламенттери менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтору жана парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу делегациялар жөнүндөгү Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V "Евразия экономикалык коомдоштугундагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамат Орозбаев Евразия экономикалык коомдоштугундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Галина Анатольевна Скрипкина Евразия экономикалык коомдоштугундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана соода саясаты жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясына жөнөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 176-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Парламенттер аралык комиссиясынын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Капашович Иманалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы Парламенттер аралык комиссиясынын кыргыз тарабынан тең төрагалык кызматына бекитилсин.
Төрага |
| А.Жээнбеков |