Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 17-апрели № 2978-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Т.Б.Мамытов Кыргыз Республикасынын Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Ф.Ш.Кулов Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясындагы парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссияга өкүлдөнсүн.
2. "Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин катышуучу мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясындагы Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациянын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
С.К.Нышанов Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясындагы парламенттик делегациянын курамына киргизилсин жана агрардык саясат, жаратылыш байлыктары жана экология боюнча туруктуу комиссияга өкүлдөнсүн.
3. "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2.1-пунктун экинчи абзацындагы жана 2.3-пунктун биринчи абзацындагы "Жогорку Кеңештин депутаттык фракцияларынын сунушу боюнча" деген сөздөр алынып салынсын;
2. 2.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Бир эле депутаттын бирден ашык достук топко жетекчи болуп шайланууга укугу жок".
Төрага |
| А.Жээнбеков |