Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2013-жылдын 14-ноябры № 3571-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тиленчиева Майрамкүл Бекчороевна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана контролдук-бюджеттик комиссияга делегатталсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 177-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович киргизилсин жана Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы болуп бекитилсин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Төрөбаев Бакыт Эргешович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын тең төрагасы кызматынан бошотулсун.
Төраганын орун басары |
| Ч. Султанбекова |