Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-декабры № 2568-V
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 11-февралындагы № 168-V "Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Азамат Нурказыевич Кангелдиев, Куштарбек Сүйүнбаевич Айтматов Евразия экономикалык коомдоштугунун Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
2. 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Жусуп Умарович Иманалиев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
3. 2011-жылдын 11-февралындагы № 170-V "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
Курсан Сатарович Асанов Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ирина Юрьевна Карамушкина Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
4. 2011-жылдын 11-февралындагы № 173-V "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Сымбат Эсеналиева Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын.
5. 2011-жылдын 11-февралындагы № 175-V "Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Алтынай Сейтбековна Өмүрбекова Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
6. 2011-жылдын 11-февралындагы № 177-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
Азамат Нурказыевич Кангелдиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын.
Төрага |
| А. Жээнбеков |