Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-июну № 4117-V
Областтык түзүмдөр ээлеп турган социалдык чөйрөнүн объекттерин бошотуу жана Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши областтык түзүмдөр ээлеп турган социалдык чөйрөнүн объекттерин бошотуу жана Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
"Кыргыз Республикасынын Баткен областын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 1999-жылы Баткен областы түзүлгөн жана Баткен шаарынын көптөгөн имараттарына областтык маанидеги статусу менен социалдык кызматтар жайгашкан.
"Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаардын статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-январынан тартып ага областтык маанидеги шаардын статусу берилген.
"Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Баткен шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтомунун 5-пункту менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине (азыркы убакта - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду) Баткен областынын мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен шаарынын жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын кызматтык жайлар жана имараттар менен камсыз кылуу тапшырмасы берилген. Бирок бүгүнкү күндө Баткен шаарындагы көптөгөн мамлекеттик органдардын жана социалдык багыттагы муниципалдык башкармалыктардын өз имараттары жок.
Мурдагы бала бакчанын имаратында жайгашкан Баткен областтык аскер комиссариаты кайра уюштурулгандыгына карабастан, аны бошотуу жана аны түз арналышы боюнча пайдалануу үчүн Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү боюнча маселе чечилбей келет.
Мамлекеттик администрациялык имараттарды сарамжал жана натыйжалуу пайдалануу жана Баткен шаарынын социалдык мүнөздөгү мамлекеттик органдарын жайгаштырууга байланышкан маселелерди ыкчам чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
шаардык маанидеги статуска ээ, бирок өзүнүн имараты жок Баткен шаарынын социалдык мүнөздөгү объекттерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссияны түзсүн;
ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү жана Баткен шаарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүгө жаткан объекттерди аныктоо боюнча иштерди күчөтсүн;
тиешелүү министрликтерге жана ведомстволорго төмөндөгү тапшырмаларды берсин:
Баткен шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү социалдык чөйрөнүн объекттеринин тизмесин даярдоо;
Баткен райондук аскер комиссариатынын балансасында турган мурдагы бала бакчанын имаратын (Баткен ш., Т.Садыков көч.) түз арналышы боюнча пайдалануу үчүн муниципалдык менчикке өткөрүп берүү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 219-р буйругунун ушул буйруктун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарына жана мекемелерине, ошондой эле башка аскердик түзүлүштөргө карата жайылтылбайт деген 4-1-пунктуна өзгөртүү киргизүү.
2. Кабыл алынган чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаков), Социалдык саясат боюнча комитетине (Д.А.Ниязалиева), Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев), Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | А. Сасыкбаева
|