Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 26-декабры № 852-IV
2008-жылдын 26-декабрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын
күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 26-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Республиканын экономика тармактарын жана калкын 2008-2009-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун аткарылышы тууралу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору тууралу;
"Дүйнөлүк каржы кризисинин республиканын экономикасына тийгизген таасирин алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралу" Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Товарларды контролдук (латенттик) маркалар менен маркировкалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик божомолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылуучу товарларга ташып кетүүнүн (экспорттун) мезгилдүү бажы алымдарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2007-жылдын 16-августунда кол коюлган 2002-жылдын 7-июнундагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Региондук террорчулукка каршы түзүм жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөр киргизүү тууралу Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2004-жылдын 17-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа Коомдоштуктарынын Комиссиясынын ортосундагы Кыргыз Республикасында Европа Коомдоштуктарынын Комиссиясынын Өкүлчүлүгүн ачуу, анын артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 15-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Литва Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 24-сентябрында кол коюлган "Канаттуулар тумоосун контролдоо жана пандемияга каршы даярдык менен чара көрүү" долбоорун гранттык каржылоого (Грант № ТF091994 жана грант № ТF091995) тиешелүү Макулдашуу-Катты ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасына Кытай Эл Республикасы Мамлекеттик кредит берүүсү жөнүндө 1994-жылдын 23-апрелиндеги макулдашуунун биринчи стадиясында каралган 50 (элүү) миллион кытай юаны суммасындагы өкмөттүк кредитти грантка кайра түзүү тууралу Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын 15-августундагы катты жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 2007-жылдын 15-августундагы № 10-2-1/7161 жооп катты алмашуу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канаданын Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"2008-жылдын 10-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-Импорттук Банкынын ортосундагы Ош-Сарыташ-Иркештам автожолун 123-километрден 190-километрге чейин реабилитациялоо долбоору боюнча кредитти алуучу үчүн карыз жөнүндө жеңилдиктүү макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 10-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдар учурундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жер-агрардык реформага ылайык 1996-жылдын 1-январына чейин жоюлуп кеткен айыл чарба субъектилеринин бюджеттик кредиттик карыздарын жана бул дүйнөдөн өтүп кеткен айылдык ссуда алгандардын бюджеттик карыздарын эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-июлундагы № 338-б буйругун жактыруу тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"2009-жылга Кыргыз Республикасынын экономика тармактары жана региондору боюнча эмгек миграциясына квотаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу.
Төрага | А.Тагаев
|