Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 13-ноябры № 736-IV
2008-жылдын 13-ноябрына Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2008-жылдын 13-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.А.Шабатоевдин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А.Жээнбековдун уулу Б.Ж.Амиражановдун жоголуу фактылары боюнча иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын тиешелүү укук коргоо органдарынын маалыматы тууралуу;
"2008-жылдын 14-февралындагы № 175-IV "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Депутат М.К.Жураевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Региондук өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Керектелүүчү товарлар менен кызматтарга баалардын өзгөрүшүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын индекстештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага Кыргыз Республикасынын Баткен областынын областтык маанидеги шаарынын статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Нан унун байытуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Калк менен аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Суу чарба объекттеринин курулуш программасынын ишке ашырылышын, ошондой эле 2006-жылдан 2008-жылга чейинки мезгилде бөлүнгөн финансы каражаттарынын өздөштүрүлүшүн иликтөө жана текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.
Төрага | А.Тагаев
|