Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 4314-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2013-жылдын 31-декабрындагы № 730 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн киргизсин.
|
| |
Төрага | А. Жээнбеков
| |