КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-февралы № 4787-V
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абал актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Нотариат жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө", "Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Мамлекеттик статистика жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө", "Ветеринария жөнүндө", "Жарандык абал актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө жиберсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (Н.В.Никитенко) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |