Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 18-февралы № 4796-V

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жогоруда көрсөтүлгөн беренесине карама-каршы келбеген бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевнанын талапкерлиги жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун онунчу абзацындагы "Шыкмаматов Алмамбет Насыркановичти" деген сөздөр "Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевнаны" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынгандан күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Жээнбеков