Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 581
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине ылайык, административдик-аймактык реформаны мындан ары тереңдетүү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн приоритеттерин ишке ашырууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 "Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өстүрүүгө, вертикалдык жана горизонталдык башкарууну жогорулатууга багытталган аткаруучу бийликтин натыйжалуу, бүтүн жана ачык тутумун өлкөдө калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын чыңдоо, толук кандуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.";
- 3-пункттун үчүнчү абзацы жана 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункттагы "мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө" деген сөздөр "уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформа концепциясын аткаруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 16-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин аппараты" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомуна тиркеме |
Акыркы жылдарда Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук жашоонун көптөгөн чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүүдө. Коомдо мамлекеттин, анын функцияларынын ролун, борбор менен региондордун ортосундагы мамилени жаңыча түшүнүүнүн тенденциялары байкалууда. Ошол эле учурда кечиктирилгис социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, калктын жашоосунун сапатын жана деңгээлин жакшыртуу үчүн натыйжалуу мамлекеттик бийликтин болушу зарыл. Алдыда боло турган администрациялык-аймактык реформа биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун оптималдуу тутумун түзүүгө багытталат. Тажрыйба көрсөткөндөй, бул узакка созулуучу, татаал иш болуп эсептелет, ал бүткүл коомдун күч-аракетин талап кылат. Ошол эле учурда шашылыш жана ойлонулбаган чечимдер олуттуу экономикалык жана социалдык жоготууларга алып келиши мүмкүн.
Республикада администрациялык-аймактык реформаны өткөрүүнүн, анын ичинде аймактык бирдиктерди ирилештирүүнү, башкаруу борборлорунун жайгашуучу жерлерин тандоону, калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылууну, жаңы администрациялык-аймактык бирдиктерди финансылык камсыздоону эске алуу менен өткөрүүнүн зарылдыгы бышып жетилди.
Администрациялык-аймактык реформаны иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун максаты болуп региондордун потенциалын күчөтүүгө жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү эсептелет.
Бул максаттарга жетишүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү каралат:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун түзүмүндөгү бирин-бири кайталоону жоюу, алардын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү, бюджеттик сарптоолорду кыскартуу;
- региондордун потенциалын күчөтүү, алардын финансылык өз алдынчалыгын чыңдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү;
- элдик курултайлардын натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү;
- кадрдык саясатты өркүндөтүү;
- ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү.
Администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууда төмөнкүдөй базалык принциптер эске алынат:
- адамдын жана жарандын артыкчылыгы, мамлекетти адамдын укуктарын, коопсуздукту, бейпил жашоону камсыз кылуу, адамды жана коомду өнүктүрүүчү инструмент катары кароо;
- мамлекеттин аймагынын бирдиги, бүтүндүгү жана ажырагыстыгы;
- коомдук жашоону жана мамлекеттик башкарууну уюштурууда демократиялык ыкмаларды сактоо;
- үнөмдөө жана жыйынтыктуулук;
- региондордун социалдык, демографиялык, тарыхый, маданий жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу;
- реформаны өткөрүүнүн ачык-айкындыгы.
Администрациялык-аймактык түзүлүш, бийликти аймактык уюштуруу өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий, маданий өнүктүрүүнүн, калкка сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн маселелерин жана коомдун жашоосун уюштуруунун башка көптөгөн көйгөйлөрүн чечүүдө маанилүү ролду ойнойт.
Кыргызстанда администрациялык-аймактык түзүлүш калктын тигил же бул мезгилдеги кызыкчылыгын эске алуу менен мамлекеттин тарыхый өнүгүү процессинде калыптанган. Өлкөбүздүн администрациялык-аймактык реформасы узак тарыхка ээ жана ал республиканын Россия империясынын, андан кийин - Советтер Союзунун курамына кирген убагынан бери башталат.
Кыргызстанда эгемендик жылдарында өлкөбүздүн администрациялык-аймактык тукумун кескин реформалоо аракеттери өткөн кылымдын 90-жылдардын орто ченинде жана 2007-2011-жылдары көрүлгөн.
Иш жүзүндө администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоо процесси перманенттүү мүнөзгө ээ болуп, ушул кезге чейин тигил же бул башкаруу баскычтарын өзгөртүү, аймактык кайра уюштуруу түрүндө гана жүргүзүлгөн.
"Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333 Жарлыгын кабыл алуу администрациялык-аймактык реформаны өткөрүүнүн акыркы мезгилдеги олуттуу аракети болуп калды.
Бул Жарлыкты чыгарууга өлкөнүн администрациялык-аймактык бөлүнүшүндөгү логиканын жоктугу себеп болуп калды. Алсак, Ош облусунун Кара-Суу районунун элинин саны Талас жана Нарын облусунун элинин санынан көп. Ошол эле учурда элинин саны жыйырма миң адамдан ашпаган райондор бар, бул айрым айылдарга караганда аз болуп эсептелет. Башкаруунун ар кандай деңгээлдеринде функциялары бирин-бири кайталаган мамлекеттик чиновниктердин олуттуу штатынын болушу реформаны жүргүзүүнүн дагы бир себеби болуп калды.
Указ менен сунуш кылынган администрациялык-аймактык реформа 3 этапты камтыган. Реформанын биринчи этабында (2007-2008-жылдары) башкаруунун көптөгөн облустук түзүмдөрү жоюлуп, бирок кийин алар башкаруунун региондор аралык түзүмдөрүндө өзгөртүлүп түзүлгөн, ал эми айрымдары кайра калыбына келтирилген.
Реформанын экинчи этабы (2009-2010-жылдары) экинчи этаптын логикалык уландысы болууга тийиш жана мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткарган функцияларын түзүмдүк талдоонун негизинде айрым райондорду жана айылдык аймактарды бириктирүү аркылуу администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүүгө жакындоого мүмкүндүк берет. Иш жүзүндө ирилештирүү республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын курамына кирген бир катар айылдык аймактарга гана жүргүзүлдү.
Реформанын үчүнчү этабында (2010-2011-жылдары) башкаруунун төрт баскычтуу тутумунун милдеттерди жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн негизинде үч баскычтуу тутумга өтүү менен Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү процесстери башталууга тийиш.
Бирок, бул Жарлык толук ишке ашкан жок жана 2010-жылы күчүн жоготту деп табылган. Тутумсуз жана аягына толук чыкпаган өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнүн айынан бир катар проблемалар чечилбей калган. Ошондуктан мындай абал республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшүн реформалоону кайра жандандырууга негиз болуп жатат.
Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда белгилүү бир жыйынтыктарга 2012-жылы жана 2013-жылдын өткөн мезгилинде жүргүзүлгөн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформанын концепциясынын айрым иш-чараларын ишке ашыруунун этабында жетишилди:
- облустардын мамлекеттик администрацияларынын базаларында тиешелүү аппараттары бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары түзүлдү;
- шаар тибиндеги он тогуз поселок кайра түзүлдү, анын алтоо - шаар, он үчү - айыл аймагы болуп түзүлдү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматка компетенттүү жана квалификациялуу адистерди тартуу жана кармап калуу максатында 2013-жылдын августунан баштап жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысы эки жана андан көп эсе көтөрүлдү. 2013-жылдын октябрынан баштап мамлекеттик башкаруу органдарынын эмгек акысы салыштырмалуу төмөн болгон мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысын көтөрүү каралган;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүн оптималдаштыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрдагы № 603 токтому менен Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты түзүлгөн жана бекитилген, анын негизинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарты иштелип чыгууда. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин түзүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандартын иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Ошону менен бирге эле, бийликтин жана башкаруунун жергиликтүү органдарынын ишинин натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн анализ жер-жерлерде ишти уюштуруудагы жана мамлекеттик программаларды натыйжалуу аткаруудагы бир катар тутумдук көйгөйлөрдү аныктады. Атап айтсак:
- аткаруу бийлигинин башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жана борбордук мамлекеттик органдарында гана, же болбосо төмөнкү деңгээлде - калктын жана аймактардын көптөгөн маселелери мүмкүнчүлүктүн чектелгенинен улам талаптагыдай деңгээлде чечилбей жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында топтоо;
- айрым мамлекеттик органдар көбүнесе чарбалык иш-милдеттерди аткарышып, саясатты иштеп чыгуу, тийиштүү тармактардагы стратегиялык көрө билүү функцияларын ишке ашырбагандыктан саясат жана чарба жүргүзүүнү аралаш алып баруу - дайым эле өзүн актай бербейт жана алардын функциясына таандык болбойт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын мамлекеттик аткаруу бийлигин ишке ашыруусун координациялоодогу жана функциялык, ресурстук жаткан чектелгендиктен улам аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин комплекстүү чечүүдө Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык демилгелерин жеринде ишке ашыруудагы алсыздыгы;
- жергиликтүү бийлик органдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жада калса жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдөгү жоопкерчилигинин төмөндүгүнөн улам мындай маселелер жогору турган башкаруу деңгээлдерине даректелет;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана мамлекеттик органдардагы учурдун талабына жооп берүүчү, кадрдык потенциалды жеринде андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана түзүү боюнча тутумдуу кадрдык иштерди жүргүзүүнүн жана уюштуруунун алсыздыгы.
Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө бирдиктүү, түшүнүктүү жана сапаттуу тутумдун жоктугу көйгөй боюнча кала берүүдө. Калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу бюрократчылыктан жана мөөнөттөрдүн узактыгынан улам кыйынчылыкка туш болууда. Мамлекеттик кызматчыларга түрткү берүү тутуму иштелип чыккан эмес, ошондуктан коррупциянын жогорку деңгээли сакталып калууда.
Жергиликтүү өнүгүүнүн маанилүү маселелеринин ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги, өткөрүлүп берилген мамлекеттик маселелерди аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялык жана ресурстук алсыздыгы ошол бойдон калууда.
Мына ошентип, администрациялык-аймактык түзүлүштүн орун алган тутуму өлкөдө жана коомдо түзүлүп жаткан жаңы мамилелердин толук ченемине ылайык келбейт, калктын татыктуу жашоосун жана аймактардын натыйжалуу өнүгүүсүн камсыз кылууга чакырылган башкаруунун натыйжалуу тутумун жөнгө салуу милдеттерине жооп бербейт.
Өлкөнүн аймагында башкарууну уюштуруунун өнүгүү максаттарына жооп берген моделине өтүү боюнча аракеттердин ырааттуулугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө кадрдык саясатты оптимизациялоо маселеси менен администрациялык жана администрациялык-аймактык реформаларды өткөрүүнү бир убакытта жүргүзүү зарыл.
Азыркы учурда өлкөнүн администрациялык түзүлүшү башкаруунун 4 деңгээлин камтыйт: борбордук, облустук, райондук жана муниципалдык (шаарлар жана айылдар).
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн сунушталган модели айрым администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүүнүн жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүнү болжолдойт.
Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоону жүргүзүү администрациялык реформаны ишке ашырууну, башкарууну оптималдаштырууну жана башкаруу субъекттеринин ортосунда функцияларды жана ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүүнү ажыратылгыс байланыштырууну талап кылат. Аймактык түзүлүштү жана өлкөнү башкаруу деңгээлдерин рационалдаштыруу, баштапкы аймактарды ирилештирүү боюнча да оптималдаштыруу маселеси функциялык жана ресурстук тең салмактуулукка көмөк берүүгө тийиш.
Жыйынтыгында аймактык башкаруунун жыйнактуу, натыйжалуу уюшулган, тийиштүү компетенциялардын көлөмү жана жеткиликтүү ресурс менен камсыз болгон туруктуу тутумга ээ болуу зарыл.
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин киргизүү башкаруу тутумуна жаңы сапаттык өзгөрүүлөрдү киргизүүгө, башкаруучулуктун дисбалансына жол бербөөгө багытталган этаптуу кадамдарды ырааттуу ишке ашырууну талап кылат. Буга байланыштуу реформанын төмөнкү этаптуу багыттарын ырааттуу ишке ашыруу керек.
1. Биринчи этап (2013-2014-жылдар)
Бул этапта төмөнкүлөр каралат:
- башкаруунун аймактык деңгээлдеринде жоопкерчиликти жогорулатуу жана функцияларды оптималдаштыруу;
- финансылык борбордон алыстатуу;
- мамлекеттик программаларды жана башкаруунун натыйжалуулугун баалоону өркүндөтүү жана ишке ашырууну мониторингдөө;
- кадрдык потенциалды жогорулатуунун туруктуу системасын түзүү.
1.1. Башкаруу деңгээлдеринде жоопкерчиликти жогорулатуу жана функцияларды оптималдаштыруу
Функциялык жана түзүмдүк оптималдаштыруу процесстери вертикалдык жана горизонталдык байланышты жана башкаруу тутумунун бүтүндүгүн камсыз кылууга, башкаруу жана бийлик тутумунун түзүмдүк жана функциялык стабилдүүлүгүнө узак мөөнөттүү мезгилде жетүүгө багытталууга тийиш.
Башкаруунун ар бир деңгээлиндеги функцияларды чектеп бөлүштүрүү жана жоопкерчиликтин так чөйрөлөрүн аныктоо боюнча алардын иштеринин кайталанышын жокко чыгаруу принциби боюнча ишти улантуу зарыл. Бул мамлекеттик органдардын түрлөрү боюнча функцияларды типтештирүүнүн эсебинен жетишилип, саясатты чарба жүргүзүү функцияларынан бөлүүнүн артыкчылыгы менен жүргүзүлөт. Башкаруунун ар бир деңгээли үчүн өзүнүн компетенциясынын жана жоопкерчилигинин көлөмү каралып, бир эле маселе боюнча бир нече чечимдерди кабыл алууну жокко чыгарууга тийиш.
Башкаруунун борбордук жана аймактык органдарынын ортосунда функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектеп бөлүштүрүп, чарба жүргүзүү жана аткаруу функцияларын көбүнесе башкаруунун райондук деңгээлинде топтоп, анда стратегиялык демилгелерди ишке ашырууну координациялоо жана мониторингдөө функцияларын да күчөтүү керек.
Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды конкреттештирүү жана рационалдуу бөлүштүрүү, өзгөчө башкаруунун райондук жана муниципалдык түзүмдөрүнүн ортосунда жоопкерчиликти чектеп бөлүштүрүү маселелери алдыда турат. Иш жүзүндө жергиликтүү өз алдынча иш башкаруунун өзүнүн (гана) ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө тыюу салууга жетишүү жана мыйзамдарды жана өткөрүлүп берилген мамлекеттик функцияларды тиешелүү аймактардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусуна мамлекеттик администрациялык контролду ишке ашыруу жол-жоболорун ийне-жибине чейин жазып чыгуу зарыл.
Аткаруу бийлигинин тутумунда да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде да функцияларды жана жоопкерчиликтерди борбордон алыстатуу жана топтоодон баш тартуу саясаты бул чараларды ишке ашырууну финансылык-ресурстук камсыздоо менен бир эле убакытта рационалдуу тең салмактоого тийиш.
1.2. Финансылык борборлоштуруудан бөлүү
Аймактарда милдеттерди толук өнүктүрүү жана натыйжалуу аткаруу башкаруу органдарынын ортосундагы финансылык ыйгарым укуктарды чектөөлөрдү жана аларды финансылык камсыздоонун механизмин түзүүнү талап кылат. Тиешелүү ыйгарым укуктардын максималдуу түрдө натыйжалуу ишке ашырылышы камсыздалуучу, адекваттуу киреше жана чыгаша базасы түзүлүүчү башкаруунун деңгээлине өткөрүп берүү менен бюджеттик жана башка каражаттарды борборлоштуруудан бөлүүнү жана бир жерде топтоштуруудан бөлүүнү ишке ашыруу керек.
Жергиликтүү бийлик органдары, өзгөчө баштапкы (муниципалдык) жана райондук деңгээлдеги органдар өздөрүнө алган милдеттерин өз алдыларынча камсыз кылууга жана ал үчүн аларга бекитип берилген бюджеттик жана башка булактарга ээ болууга тийиш.
Райондук деңгээлдеги башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик жана программалык демилгелерин жүргүзүүгө жооптуу болушу керек. Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнө талаптарды ченемдик жактан бекемдөө зарыл.
Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктардын жана жыйымдардын айрым түрлөрүн башкарууну өткөрүп берүүнү аяктоо, салыктык башкарууну жакшыртуунун, жергиликтүү салыктарды болжолдоонун жана жыйноонун толуктугун камсыз кылуунун, республиканын мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен жер жерлерде жыйымдардын түрлөрүн кеңейтүүнүн эсебинен региондордун киреше базасын көбөйтүү саясатын жүргүзүү керек. Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү, административдик айыптарды алуу менен бийликтин жергиликтүү органдарынын өз алдынчалыгын камсыздоо механизмин даярдоо керек.
Финансылык борборлоштуруудан бөлүүнүн негизи болуп бюджеттик каражаттарды түзүүдө жана натыйжалуу пайдаланууда жергиликтүү бийлик органдарынын жана башкаруунун жоопкерчиликтерин жогорулатуу максатында өздүк кирешелерди алуу жана аларды чыгымдоо багыттарын аныктоо укугу менен финансылык-бюджеттик өз алдынчалыкты белгилөө болуп калат.
Жергиликтүү бийлик органдарына чоң жоопкерчилик жана укуктарды берүү жагына трансферттик саясатты кайра куруу керек. Мамлекеттик трансферттер аймактарды социалдык-экономикалык жана стратегиялык өнүктүрүүгө багытталышы керек.
Бюджетти пландоо тутуму орто мөөнөттүү мезгилге (үч жыл) багытталышы керек, ал эми аны түзүүнү натыйжага жетүүгө жана аймактарды стратегиялык өнүктүрүүгө багытталган программалык форматта практикалоо керек.
Өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү региондук пландарын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыздоо алдыда турат, алар инвесторлор үчүн белгилүү аймактагы түрдүү тармактарды, иш чөйрөлөрүн жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө карата багыт болуп эсептелет.
1.3. Мамлекеттик программаларды баалоону жана ишке ашыруу мониторингин өркүндөтүү жана башкаруунун натыйжалуулугу
Мамлекеттик программаларды баалоого жана аткарууга мониторинг жүргүзүү тутумун түзүү алдыда турат, ал мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, ушул программаларды ишке ашыруунун натыйжаларына жарандардын канааттанууларын өлчөөнү эсепке алуу менен тиешелүү аймактардагы социалдык-экономикалык кырдаалдын өзгөрүшүнүн таасирин аныктоого мүмкүндүк берет. Мониторинг жана баалоо проблемаларды чечүү үчүн өз учурундагы чараларды көрүү максатындагы мамлекеттик жана аймактык программалардын (стратегиялардын) төмөнкү натыйжалуулугунун себептерин идентификациялоонун иштиктүү механизми болууга тийиш.
Мамлекеттик программаларды баалоо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин натыйжалуулугун баалоо методдорун жана каражаттарын өркүндөтүүнү талап кылат, буга төмөнкүлөр да кирет: мониторингдин жана баалоонун маалыматтарына, башкаруу органдарынын натыйжалуулугунун индикаторлоруна таянуу менен башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу тутумун өркүндөтүү.
Мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун жана башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тутуму мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын жекече баалоону жана иштин жыйынтыгы үчүн алардын жоопкерчиликтерин киргизүү механизмдери менен да байланыштырылууга тийиш. Жекече баалоонун базалык критерийлери жарандардын жашоо турмушун өнүктүрүүнү жана сапаттык өзгөртүүнү, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жарандардын ага жете алышын; бюджеттик каражаттар менен башкаруунун натыйжалуулугун; башкарууда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууну; аймактарды өнүктүрүүгө жана потенциалдык жогорулатууга багытталган аймактарда жумуш орундарын түзүүнү камсыз кылуучу, коюлган программалык максаттарга жана милдеттерге жетүү болушу керек.
1.4. Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү административдик-аймактык реформанын маанилүү курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Ашыкча башкаруу бийлик органдарынын контролдоочу-көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функциялардын жеткилеңсиздиги - ушул жана көптөгөн башка факторлор ишкердиктин өнүгүшүнө тоскоолдук кылат, инвестициялык кызыктыруучулугун төмөндөтөт, бул акыр аягында региондордо жана жалпы алганда республикада экономиканын динамикалык өнүгүшүн кыйындатат.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин түзүү боюнча иштерди улантуу максатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапат стандарттарын иштеп чыгуу керек.
Белгиленген талаптарга ылайык келүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн көп функционалдуу борборлордун тарамын түзүү, сапатына мониторинг жүргүзүү тутумун жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн түзүү керек (2012-2016-жылдар).
Көп функционалдуу борборлор калктын электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жери болууга тийиш.
Жарандардын, өзгөчө алыскы региондордун жарандарынын кызмат көрсөтүүлөрдү алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн мобилдүү көчмө борборлорун ишке киргизүүнү практикалоо керек.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү комплекстүү оптималдаштыруу жалпысынан кызмат көрсөтүүлөрдүн акыркы натыйжасын алуу үчүн зарыл болгон кайрылуулардын санын кыскартууга (анын ичинде ведомстволор аралык өз ара аракетти уюштуруу жолу менен), кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн кыскартууга, арыз ээлеринин материалдык сарптоолорунун ченемдерин аныктоого багытталган.
1.5. Кадрдык потенциалды жогорулатуунун туруктуу тутумун түзүү
Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын керектөөлөрүнө ыкчам таасир этүүчү, мамлекеттик программаларды ишке ашырууну жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү кадрдык потенциалды даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун туруктуу иштөөчү тутумун түзүү керек. Квалификацияны жогорулатуу, кадрларды жылдыруу жана кызматтык функцияларды ишке ашыра баштоо тутумунун милдеттүү түрдөгү алдын алуучу элементи болууга тийиш.
Башкаруунун бүткүл тутумун, кадрларды тандоонун жана жылдыруунун механизмин өркүндөтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анын негизинде жооптуу кызматта иштөө үчүн кесипкөйлүк жана адекваттуу квалификациялык талаптарды белгилөө принциби гана болушу керек. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнү, андан ары тиешелүү кызматтарды ээлөө үчүн аларды максаттуу түрдө алдын ала окутуунун маселелерин иштеп чыгуу керек.
Мансаптык өсүүнү жана мотивациялоону камсыздоо, тикелей жана горизонталдык кадр ротациясын түзүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жол жоболорун интеграциялоо алдыда турат. Башкаруунун жана кадрдык потенциалдын сапатын жогорулатуу, жердешчилик, коррупциялашкандык жана башка тобокелдик факторлорун азайтуу каражаттарынын бири болуп "борбор-региондор", "регион-регион", "регион-борбор" принциби боюнча кадрларды ротациялоонун туруктуу иштөөчү милдеттүү механизми, персоналды ведомстволор аралык жана аймактар аралык ротациялоо, анын ичинде ведомствонун тутумундагы бөлүмдөр ортосунда ротациялоо практикасы болууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдардын кадрдык потенциалын өстүрүү боюнча кабыл алынган чараларды илимий жактан негиздөө максатында ушул чөйрөдө фундаменталдык прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен илим-изилдөөлөр жана аналитикалык изилдөөлөрдүн таасирдүү тутумун тартипке салууну камсыз кылуу зарыл.
2. Экинчи этап (2015-2016-жылдар)
Бул этапта төмөнкүлөр каралат:
- айылдык аймактарды ирилештирүү;
- райондорду ирилештирүү;
- облустук деңгээлде башкаруу органдарын оптималдаштыруу.
2.1. Айылдык аймактарды ирилештирүү
Кыргызстанда муниципалдык деңгээлде административдик-аймактык бөлүүгө ылайык 1800дөн ашык айылды бириктирүүчү 31 шаардык жана 453 айылдык административдик-аймактык бирдик бар. Айылдык аймактарды азыркы учурдагы бөлүштүрүү оптималдаштырууну талап кылат. Алсак, республикада бир гана айылдан турган 57 айылдык аймак бар; алардын көпчүлүгүндө калктын саны анча көп эмес. Ошол эле учурда курамына 15тен ашык айыл кирген жана калкы 20 миңден ашык адамды түзгөн айылдык аймактар да бар.
Айылдык аймактарды ирилештирүүнү жүргүзүү үчүн майда-чүйдөсүнө чейин толук негиздөө, илимий экспертиза жана экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү, ушул процесстерди ишке ашыруу үчүн ирилештирүүнүн уюштуруучулук схемаларын гана эмес, бюджеттик-экономикалык түрткү берүүнүн чараларын да даярдоо талап кылынат.
Айылдык аймактарды оптималдаштыруу максатында төмөнкүдөй негизги критерийлер боюнча муниципалдык административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү сунуш кылынат:
- жаратылыштык-ландшафтык шарттар;
- бийик тоолуу алыскы, кыйындык менен жетүүчү жана чек ара жанындагы калктуу конуштарды кошпогондо калкынын саны 5000 адамга чейинки айылдык аймактарды бириктирүү зарылдыгы;
- муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн сактоо;
- муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу;
- борборго жакындык (мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн калк үчүн жеткиликтүүлүгү);
- экономикалык базанын болушу.
Мында калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, алар административдик-аймактык бирдиктерди ирилештирүү үчүн юридикалык тоскоолдуктарды болтурбоого мүмкүндүк берет.
Алыскы айылдык аймактарды ирилештирүүгө тийиштүү өбөлгөлөр боло турган болсо бул процессти тездик менен жүзөгө ашыруу керек.
2.2. Райондорду ирилештирүү
Азыркы учурда республикада мамлекеттик башкаруунун көп сандаган түзүмүндөгү 40 район бар. Райондорду оптималдуу ирилештирүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун региондук бөлүмдөрүнүн сарптоолорун кошкондо мамлекеттик сарптоолорду кыскартууга, административдик функцияларды минималдаштырууга, региондук мамлекеттик органдар тарабынан башкаруучулукту өркүндөтүүгө, жаратылышты, өндүрүштүк, адамдык, материалдык жана башка ресурстарды кыйла натыйжалуу пайдаланууга алып келет.
Райондордун санын оптималдаштыруу үчүн оптималдаштыруу принциптерин жана критерийлерин аныктоону эсепке алуу менен майда-чүйдөсүнө чейин толук негиздөө, илимий экспертиза жана экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча чараларды көрүү талап кылынат.
2.3. Облустук деңгээлде башкаруу органдарын оптималдаштыруу
Төмөн турган аймактарга ирилештирүүнү жүргүзүүнүн жыйынтыктарын эсепке алуу менен башкаруунун облустук түзүмдөрүнө оптималдаштырууну киргизүү керек.
2.4. Башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракетинин туруктуу механизмдерин түзүү
Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өркүндөтүү башкаруу органы менен жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү талап кылат.
Турмуштук маанилүү чечимдерди кабыл алууга жарандардын катышуусун камсыздоочу "күнүмдүк демократия" механизмин жана жол-жоболорун түзүү зарыл.
Элдик курултайлардын, жыйындардын, чогулуштардын жана коомдук катышуунун башка формаларынын маанилүүлүгүн жана ролун жогорулатуу керек.
3. Үчүнчү этап (2017-жыл)
Ушул этапта жаңы административдик-аймактык түзүлүштү мыйзамдуу түрдө бекемдөө зарыл.
Сунушталган вариантта административдик-аймактык реформа жүргүзүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- башкаруунун ашыкча звенолорун жоюуну, бул тиешелүү натыйжаларга жетүүгө, башкарууну жакшыртууга, башкаруучулук чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет;
- айылдык аймактардын санын оптималдаштырууну;
- мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатын жогорулатууну;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, коррупция үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чектөөнү;
- финансылык каражаттарды үнөмдөөнү, адамдык, материалдык жана башка ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну;
- жарандардын мамлекеттик башкарууга ишенимдерин калыбына келтирүүнү.
Административдик-аймактык түзүлүштүн жаңы тутуму, өзгөчө ага өтүү белгилүү тобокелдиктер менен коштолот. Алардын ичинен кыйла олуттуусу коомдун белгилүү топтору тарабынан реформага жана жаңы мамилелерге каршы туруулары болуп эсептелет. Мыйзамдуу тобокелдиктер сунушталган Концепцияны ишке ашырууда пайда болуучу негизги тоскоолдуктардын бири болуп эсептелет. Башталгыч этапта финансылык сарптоолор бир аз көбөйүшү мүмкүн (өзгөртүп атоого, кайра уюштурууга, жаңы кызматтарды түзүүгө ж.б.), алар каражаттарды андан ары үнөмдөөнүн эсебинен компенсацияланат.
Кадрларды даярдоо деңгээлинин жаңы тутумдагы иштин талаптарына, өзгөчө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерине болгон талапка шайкеш келбей калышы проблема болуп эсептелинет. Жашоо турмушун камсыз кылуу тутумунун жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумунун иштеринин башкаруучулук деңгээлин азайтуу үчүн байкалаарлык коркунуч жок, бирок жаңы тутумга өтүүдө тигил же бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө убактылуу үзгүлтүккө учуроолор болушу мүмкүн.
Ушул тобокелдикти минималдаштыруу үчүн калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумунун тигил же бул компоненттерин пилоттук иштеп чыгууну практикалоо керек. Жерлерди кайра бөлүштүрүү менен байланышкан маселелердин келип чыгышы толук ыктымал.
Ушул Концепцияны практикалык жактан ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды жана алардын мөөнөттөрүн караган иш-чаралар планын бекитүү пландалган. Концепцияны ишке ашыруу процессин координациялоо Координациялык кеңештин макамына ээ болгон, атайын түзүлгөн коллегиялуу органга жүктөлөт, анын курамына мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
|
|