Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 44-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2015-жылдын 15-апрели №"4993-V
"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген «Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө» жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 166-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
"Европа Бирлиги - Кыргызстан" парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына депутат Сулайманкулов Болот Абыкеевич киргизилсин.
Төрага | А.Келдибеков |