Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 12-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына;
Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызматына;
Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Кудайбердиева Гульмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызматына;
Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызматына;
Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызматына;
Турганбаев Мелис Токтомамбетович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызматына;
Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына;
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына;
Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызматына;
Бекбоев Турдуназир - Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызматына;
Малабаев Аргынбек Джумабекович - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына;
Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына;
Сариева Эльвира Кубанычбековна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына;
Максутов Алтынбек Аскарович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматына;
Базарбаев Кудайберген Базарбаевич - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кызматына;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасынын кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын кызматы - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине берилсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5057-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |