Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 16-мартындагы № 1435-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 5395-V
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды карап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды карап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын коммерциялык эмес уюмдардан саны 10 мүчөдөн турган төмөндөгүдөй курамы бекитилсин:
Рысбеков Бакыт Токталиевич - кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору;
парламенттик көпчүлүктөн:
Нуркулов Уланбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
парламенттик оппозициядан:
Сулайманкулов Болот Абыкеевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
илимий коомдоштуктан:
Жоробекова Арзыгүл Мамаюнусовна - милициянын полковниги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигин академиясынын начальнигинин орун басары, юридика илимдеринин доктору, профессор;
Сулайманова Назгүл Назарбековна - Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, профессор;
Сманалиева Алтынай Каныбековна - Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин жазык укугу жана криминология кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;
Ормушева Мээрим Айдарбековна - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын илимий экспертиза жана талдоо секторунун башкы адиси;
эл аралык уюмдардан:
Фабио Пиана - Бишкектеги ОБСЕ Борборунун улук кеңешчиси;
Утешева Наталья Алексеевна - Укуктун улуктугу боюнча программанын, Борбордук Азиядагы адам укуктары боюнча БУУнун Башкы комиссарынын башкармалыгынын адиси.
2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлөрүнө талапкерлер жөнүндө сунуштарды карап чыгуу боюнча жумушчу комиссиясынын биринчи курамынын санын аныктоо жана бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-январындагы № 2715-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |