Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 3456-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 1435-VI
Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын бекитүү тууралуу
"Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 6-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамы төмөндөгү адамдардан бекитилсин:
Оторбаев Кубатбек Табылдиевич - Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени);
Сулайманов Нурдин Эсенович - Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору;
парламенттик көпчүлүктөн:
Нурматов Кубанычбек Советович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Акматов Алмасбек Жумабекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
парламенттик оппозициядан:
Никитенко Наталья Владимировна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Мавлянова Махабат Эргешовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
Шайназаров Тынчтык Урайимович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
илимий коомдоштуктан:
Кенжебек кызы Махабат - Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясынын жазык укугу жана кылмыштардын алдын алуу кафедрасынын профессору, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги;
Шамурзаев Таалайбек Турсунович - Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин жазык процесстик жана криминалистика кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору;
Ахметов Мирдин Алыкулович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын тергөө-криминалистика факультетинин деканы, юридика илимдеринин кандидаты;
Жакупбеков Максат Замирович - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин жазык укугу жана процесстик кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;
эл аралык уюмдардан:
Албанов Бакай Кубанычбекович - БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын Улуттук программалар башкармалыгынын координатору;
Сангинов Кахрамонжон - ЭККУнун Бишкектеги Укук үстөмдүгү маселелери боюнча борбордун кеңешчиси.
2. "Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө коммерциялык эмес уюмдардан талапкерлер жөнүндө сунуштарды кароо боюнча жумушчу комиссиянын курамын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5395-V токтому күчүн жоготту ден таанылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|