Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 18-июну № 5264-V
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтомун аткаруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" токтомду аткаруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтомунун аткарылышы жөнүндө маселени карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому ар бир баланын тарбияланууга жана жеткиликтүү билим алууга укуктарын камсыз кылуу, ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу максатында кабыл алынган.
2015-жылдын апрелине карата 1990-2000-жылдары кайра профилдештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 190 имаратынан (32 мамлекеттик жана 158 муниципалдык) 119 объект Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөтү) тарабынан кайтарылган.
Өкмөт тарабынан 2012-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын жүзөгө ашыруунун биринчи үч жылдык планы катары 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнүн стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы иштелип чыккан.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жетекчилигинде ведомстволор аралык комиссиянын иши жандандырылган, 1990-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилде менчиктештирилген жана кайра профилдештирилген мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын инвентаризациялоо аяктаган жана бирдиктүү базасы түзүлгөн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын кайрып берүү боюнча аракеттердин иш планы иштелип чыккан.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын кайруу боюнча сот органдарында каралып жаткан доо иштерине карата эскирүү мөөнөтүн колдонуу нормаларын жокко чыгарууну караган ченемдик укуктук акт даярдалган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.
Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарынын чек ара заставалары жайгашкан мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын кайрып берүүнүн зарылчылыгы жөнүндө маселени кароодо Өкмөт көпчүлүк чек ара заставалары стратегиялык райондордо жайгашкан деген тыянакка келген. Ушуга байланыштуу Өкмөттүн 2013-жылдын 10-майындагы № 219-р тескемесине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарына жана мекемелерине, ошондой эле башка аскердик түзүмдөргө аталган тескеменин колдонулушу жайылтылбай тургандыгы тууралуу тийиштүү толуктоолор киргизилген.
Жыл сайын алдыдагы жылга билим берүү объектилерин куруу боюнча "Капиталдык салымдар" беренесине тизме түзүлөт, ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизилет. Бул багытта иштер улантылып жатат.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына муктаждыкты эсепке алуу үчүн 1 жаш 6 айдан 6 жашка чейинки курактагы балдардын эсебинин электрондук базасы түзүлгөн.
Республиканын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, шаарлардын мэрияларынын сайттарында жергиликтүү мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардагы бош орундар тууралуу маалыматтарды жайгаштыруу боюнча иштер улантылып жатат.
Менчиктештирүү, ошондой эле билим берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын айрым бузуулар прокуратура органдары тарабынан аныкталган, ал фактылар боюнча берилген ыйгарым укуктардын алкагында тийиштүү прокурордук таасир этүүнүн актылары чыгарылып, доолор коюлган, ошондой эле кылмыш иштери козголгон. Соттордун чечимине 22 апелляциялык, 15 кассациялык жана 33 көзөмөлдүк аныктамалар чыгарылган. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарын мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары боюнча 51 кылмыш иши козголгон.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтомун аткаруу боюнча Өкмөттүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V токтомун аткаруу боюнча чараларды күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган токтомун аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карасын;
- мамлекеттик бюджетти түзгөн учурда аларды тике максаты боюнча пайдалануу үчүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын калыбына келтирүүгө жана алардын кызматкерлеринин эмгек акыларына акча каражаттарын карасын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 219-р тескемесинин 4-1-пунктундагы "Кыргыз Республикасы" жана "түзүү" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү түрдө "жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" жана "жана билим берүү иштери жүзөгө ашырылган имараттарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" жана "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле жер участокторун, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын имараттарын жана курулмаларын өткөрүп берүүгө жана алып коюуга жол бербөө максатында кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча органдарда менчик жана жер участокторун мөөнөтсүз пайдалануу укуктарын милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
- ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын менчиктештирилген имараттарын кайрып берүү боюнча чараларды күчөтсүн;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мурдагы имараттарын кайрып берүү боюнча сот процесстеринин жүрүшүн көзөмөлгө алсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине (К.Осмоналиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |