Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 5426-V
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 26-майындагы № 324 токтому) "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төраганын орун басары | Т. Зулпукаров |