Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-майы № 324
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 11, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-бөлүгүндөгү жана 2-статьядагы "кепилденген эң төмөнкү кирешенин үч эселенген өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз жети өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-статьялар менен толукталсын:
"3-1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун балдарына төмөнкүлөр кепилденет:
- мамлекеттик мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, дарылоо жана санатордук типтердеги мамлекеттик адистештирилген балдар мекемелеринде, мамлекеттик ден соолукту чыңдоочу лагерлерде жана башка ден соолукту чыңдоочу мамлекеттик мекемелерде орундар менен кезексиз жана акысыз камсыз кылуу;
- башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү;
- алар он сегиз жаш куракка чыкканга чейин Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз кароо жана медициналык жардам көрсөтүү;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда жаракат алып, майып деп таанылган адамдарга төмөнкүлөр кепилденет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктердин программасынын алкагында медициналык жактан тейлөө жана дары-дармектер менен жеңилдетилген камсыз кылуу;
- биринчи деңгээлдеги дарылоо-алдын алуу уюмдарында артыкчылыктуу тейлөө жана стационарларга кезексиз жаткыруу;
- медициналык корутундуларга ылайык протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;
- санаторийлерге, профилакторийлерге жана эс алуу үйлөрүнө жолдомолор менен иштеген жери боюнча камсыз кылууга артыкчылыктуу укук;
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аскердик кызматтан бошотуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун (бир жолу) биринчи кезекте алуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте чөп чабуу үчүн участокторду жана мал жаюу үчүн жайыттарды биринчи кезекте алуу;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик жана коммуналдык турак жай фондунун алар ээлеген турак жайларын жеке менчикке бекер өткөрүп берүү;
- улгайгандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын интернат үйлөрүнө кезексиз кабыл алынуу, ошондой эле социалдык коргоо органдары тарабынан үйүндө кезексиз тейленүү укугу.
3-2-статья.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, профсоюздук бирикмелер өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле жаракат алып, майып деп таанылган адамдарды тамак-аш азыктары, отун менен камсыз кылуу, турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртуу, жеке же кооперативдик курулушка пайызсыз ссуда берүү, медициналык, соода жана транспорттук тейлөө боюнча кошумча чараларды көрө алышат.".
3. 4-статьянын 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте" деген сөздөрдөн кийин ", аталган Мыйзамдын 15-статьясын эске албоо менен" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|