КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 438-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 10-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер Т.А.Сариев тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 5055-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Жээнбеков |