Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-апрели № 440-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI ,2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна - Жээнбеков Сооронбай Шарипович;
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер министринин кызмат ордуна - Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич;
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин кызмат ордуна - Панкратов Олег Михайлович;
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринин кызмат ордуна - Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кызмат ордуна - Разаков Жениш Парпиевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин - министринин кызмат ордуна - Осмоналиев Акылбек Шарипович;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна - Абдылдаев Эрлан Бекешович;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна - Жунушалиев Кашкар Астакановичтин;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна - Мамбеталиева Жылдыз Жээнбаевна;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна - Касымалиев Адылбек Алешович;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна - Кожошев Арзыбек Орозбекович;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна Бекбоев Турдуназир;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин кызмат ордуна - Айдаров Замирбек Казакбаевич;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна - Боронов Кубатбек Айылчиевич;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна - Сариева Эльвира Кубанычбековна;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна - Батыралиев Талантбек Абдуллаевич;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна - Казаков Түгөлбай Токтогулович;
Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна - Базарбаев Кудайберген Базарбаевич;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Шаршембиев Бакыт Нуржанович.
(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI, 2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.
3. 2015-жылдын 5-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 12-VI токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков
|