Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-ноябры № 33-VI

Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1999-VI 2021-жылдын 24-февралы № 4420-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)

Парламенттер аралык Бирликтин алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

- Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

- Жапаров Акылбек Үсөнбекович;

- Никитенко Наталья Владимировна;

- Жутанов Алмаз Токтоназарович;

- Примов Улан Бердибаевич;

- Айнакулов Мухтарбек Айнакулович;

- Каримов Нодирбек Тохтосинович;

- Алтынбеков Айбек;

- Зулушев Курманкул Токторалыевич;

- Асылбек уулу Дамирбек.

 (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 1999-VI токтомдорунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

 Төрага

А. Жээнбеков