Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-декабры № 122-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы режимге кайтаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 24-мартындагы № 146 токтому), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-июнундагы № 5325-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, "Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө", "Суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору үчүнчү окуудагы кароого калтырылсын.
2. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет (М.И.Бакиров) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.
Төрага | А. Жээнбеков |