Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 127-VI
"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2015-жылдын 1-декабрындагы № 812 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
республикалык бюджетке кирешелердин толук келип түшүүлөрүн камсыздоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын;
төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- "Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коопсуздугу" Мамлекеттик программасын ишке ашырууну;
- табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды берүүнү жана бекер бир жолку жардам көрсөтүүнү;
- калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууну каржылоону;
- сот тутумун толук каржылоону;
- "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана "Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2230-V токтомун ишке ашырууну.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Жээнбеков |