Редакцияот 13.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 13-январы № 169-VI

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2014-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 9-апрелиндеги № 4960-V токтому менен экинчи окууда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59-беренесине ылайык кийинкиге калтырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети (Н.К.Макеев) жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окуудагы жол-жобого кайтарып берүү маселесин карасын.

 

Төрага

А. Жээнбеков