Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-апрели № 473-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри М.Т.Турганбаевдин маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
Бүткүл дүйнөлүк банктын изилдөөлөрү боюнча 2010-жылы Кыргызстан жол-транспорт кырсыктарындагы каза болгондор боюнча биринчи орунду ээлеген, ошол жылы республиканын жолдорунда 985 адам, анын ичинен 120 бала каза болгон.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан (мындан ары - ИИМ) жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, акыркы он жылдын ичинде жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун саны көбөйгөн. Өлкөдө жол коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыздоо тутумунун мезгилдин жана коомдун талабына ылайык келбөөсү, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынан каза болгондордун санынын көбөйүшү кырдаалды өзгөртүү үчүн кординалдуу чечимдерди кабыл алууга түрткү болду.
Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча сунуш мүнөзүндө чечим кабыл алынган. Долбоор төмөнкүдөй максаттарды чечүүгө багытталган:
коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча милициянын милдеттерин чечүү үчүн объектилерге күнү-түнү көрмө-байкоо жүргүзүү;
жол-күзөт кызматынын милдеттерин аткаруу үчүн машиналар паркын күнү-түнү көрмө-байкоону жана көрмө байкоо объектилерин баалоону камсыз кылуу;
жол-транспорт бузууларын, жол кыймылынын эрежелеринин бузулушун каттоо жана мамлекеттик каттоо белгилерин, автомобиль каражаттарын, автожолдордо автомобиль каражаттарынын автоматташтырган идентификациясын аныктоо, статистиканы жыйноо жана окуяларды талдоо максаттарында аларга мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;
издөөдө болгон инсандарды идентификациялоо, статистика жыйноо жана окуяларды автоматташтырылган талдоо;
калк дайыма болуучу объектилерде орнотулган жеке күзөт ишканаларынын көрмө байкоо тутумунун мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу жана "Коопсуз шаар" долбоорун интеллектуалдуу көрмө байкоо тутумунун операторлорунун зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу;
кийин кырдаалдарды талдоо үчүн көрмө материалдардын архивин жүргүзүү.
Долбоор укук тартибин орнотуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуулук жана татыктуу жашоо" программасынын коопсуздугун камсыздоо боюнча түзүлгөн милдет катары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аталган долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкактарында ишке ашыруу жөнүндө (2014-жылдын 20-июнундагы № 232 тескемеси), ошондой эле тендердик документацияларды жана тендердик комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө (2014-жылдын 24-августундагы № 363 тескемеси) тескемелер кабыл алынган.
Тендердик комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирген:
жарандык коомдун өкүлдөрү;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ар бир фракциясынан 5 депутат;
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү.
Жыйынтыгында 8 компаниядан тендердик өтүнмөлөр келип түшкөн.
Натыйжада, 2015-жылдын 27-январында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыктары боюнча "Стилсофт" ЖАКсынын жана "Атайын курулуш коопсуздугу" ЖЧКсынын россиялык өнөктөштөрү менен бир консорциумда аракеттенген "Стилсофт Бишкек" компаниясы жеңүүчү деп таанылган.
Бирок келишим "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген алтымыш күндүк мөөнөттө түзүлгөн эмес, анткени Кыргыз Республикасынын ИИМи, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн ведомстволор аралык комиссиясы тарабынан республика үчүн ыңгайсыз финансы жана укуктук кесепеттердин тобокелдигине алып келе турган бир катар бузуулар табылган.
Азыркы мезгилде өткөрүлгөн тендердин мыйзам менен белгиленген жол-жоболорго ылайык келүү маселеси соттук териштирүүлөрдүн предмети болуп саналат.
Бирок, жол коопсуздугун чыңдоо маселелеринин актуалдуулугун эске алып, Кыргыз Республикасынын ИИМи долбоорду ишке ашыруу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну улантууда.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 615 тескемеси менен бекитилген жолдорду жана коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын аткаруу үчүн, ошондой эле кылмыш-жаза жана административдик процесстерди автоматташтыруунун интеграцияланган тутумун (мындан ары - Тутум) Кыргыз Республикасынын ИИМне бекер негизде өткөрүп берүүгө ниеттенген Молдова Республикасынын ИИМнин көмөгү алдында ЖКЭни бузууларды фото-көрмө жазып алууларынын автоматташтырылган тутуму ишке киргизилген.
Жүргүзүлүп жаткан иштерге укуктук негиз түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМинин 2016-жылдын 26-февралындагы № 209 буйругу менен "Жол кыймылынын коопсуздугунун мониторинги" автоматташтырылган тутуму жөнүндө" Жобо, ошондой эле аталган тутумду уюштуруунун жана анын иштөөсүнүн Регламенти бекитилген.
Азыркы учурда мыйзам менен белгиленген тартипте бир сертификацияланган аппараттык-программалык комплекс (Бишкек-Кара-Балта автожолу, "Азамат" автобазарынын бет маңдайында) орнотулуп, ылдамдык режимин бузуулар жазып алынууда.
Бирок азыркы шартта төмөндөгү маселелер чечилбей жатат:
Кыргыз Республикасынын ИИМнин керектөөлөрүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ИИМнин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон каражаттарды толук көлөмүндө каржылоону камсыздоо;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 615 тескемесинде каралган иш-чараларды толук көлөмүндө ишке ашыруу;
"Коопсуз шаар" долбоорунун келечектеги маселелерин чечүү үчүн шашылыш чараларды көрүү;
Кыргыз Республикасынын ИИМнин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри М.Т.Турганбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө маселени кайра карасын;
2) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын артыкчылыктуу каржылоо механизмин түзүү боюнча так сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 615 тескемесинде каралган иш-чараларды толук көлөмүндө каржылоону камсыз кылсын. ИИМдин Патрулдук милициясы башкы башкармалыгынын толук кандуу иштөөсү үчүн зарыл болгон каражаттарды кошуп алганда, ИИМдин керектөөлөрүн толук көлөмдө каржылоону камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
4) Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууну тездетсин.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссиянын курамына кирген жана макулдашуу жол-жоболоруна катышкан жана ал боюнча чечим кабыл алган министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугуна юридикалык баа берсин.
4. Ушул токтомду аткаруу боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыктары жөнүндө 2016-жылдын 20-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине (Ж.А.Бакчиев) жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |