КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 492-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин чечимдеринде көрсөтүлгөн маселелерди чечүүгө өзгөчө көңүл бурсун жана конкреттүү чараларды кабыл алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча бүткөрүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө 2016-жылдын 1-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 23-майындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчёту тууралуу" № 3101-V токтомунда каралган формат боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө кийин отчёт түзүүнүн максатка ылайыктуулугун карасын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" № 24-VI токтому менен бекитилген маселелерди жүргүзүүгө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков |