Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-апрели № 495-VI
"2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) баяндамасы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, "2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) К.Оторбаевдин (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен) баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы эске алынсын.
2. Адамдын укуктары менен эркиндигин коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, системалуу укук бузууларды болтурбоо, укуктун жана мыйзамдын үстөмдүүлүк принцибин ишке ашыруу, 2015-жылы Кыргыз Республикасында адамдын укуктары менен эркиндигин бузууга жол берген адамдардын жоопкерчилигин көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) (мындан ары - Акыйкатчы (Омбудсмен) берген баяндамасынын жыйынтыктары боюнча төмөндөгү сунуштар кабыл алынсын жана алардын аткарылышы тапшырылсын:
1) Акыйкатчысы (Омбудсмен):
Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин карамагындагы алардын маселелерине ылайык төмөнкүдөй мыйзам актыларына сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин:
ишканаларда эмгектенген адамдардын эмгектик укуктарын сактоо боюнча ишкерлердин милдеттери жаатында толуктоолор каралган "Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамга;
үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыктарын коргоонун натыйжалуу укуктук механизмин иштеп чыгуу жаатындагы өзгөртүүлөр каралган "Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Мыйзамга;
сот реформасы боюнча иштердин алкактарында:
эмгек мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып пул өлчөмүн көбөйтүү каралган Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине;
соттук териштирүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү, соттор тарабынан иштерди акылга сыярлык мөөнөттөрдө кароо жөнүндө талаптар жана соттор тарабынан камакта кармоо мөөнөттөрүн узартуунун негиздүүлүгүнө баа берүү жол-жоболорун белгилөө; ошондой эле соттун жүйөөлүү токтомунун (соттун аныктамасынын) негизинде соттолгондорду ар бир эки ай камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун зарылдыгы тууралуу толуктоолор каралган Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине;
эмгек келишимин жол-жоболоштурбай туруп ишке тарткандыгы үчүн иш берүүчүгө карата кылмыш жаза жоопкерчилигин белгилөө жаатында толуктоолор каралган Жосундар жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна;
2) Кыргыз Республикасынын судьялар кеңеши:
сот процесстеринин мониторингдеринин жүрүшүндө Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан табылган адам укуктарын бузуу фактыларына токтоосуз маани берүүнү жүзөгө ашырсын.
3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту:
- бөгөт коюу чарасы жөнүндө мыйзамдарды соттор тарабынан колдонуу практикасын иликтесин жана аларга тиешелүү жетекчиликке ала турган төмөндөгүдөй түшүндүрмөлөрдү берсин:
камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоодо жана узартууда мыйзамдардын ченемдеринин катуу сакталышын камсыздоо жөнүндө;
соттук териштирүүлөрдүн кийинкиге калтырылышына алып келген себептерге жана шарттарга талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө;
жашы жете электин инсандыгы, ошондой эле анын жашоосунун, турмуш-тиричилик шарттары жана ата-энелери менен мамилеси жөнүндө маалыматтарды эске алуу менен иштин конкреттүү шартынан жана кылмыштын оорчулугунан улам жашы жете электерди камакка алуунун негиздүүлүгүн текшерүүнү жүзөгө ашырсын;
жашы жете электи ата-энелеринин, камкордукка алгандардын, камкорчулардын же ишенимге татыктуу болгон башка адамдардын кароосу алдында өткөрүп берүү түрүндө бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын колдонууну пайдалансын.
4) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тынч чогулуштарды өткөрүүгө жана жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамды бузуу менен аларга катышууга жолтоо болгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу менен "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамдын жоболорунун так жана бир жактуу аткарылышы үчүн натыйжалуу прокурордук көзөмөлдү камсыз кылсын;
- психиатриалык жардам көрсөтүүдө мыйзамдардын сакталышына медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын дайындоо, өзгөртүү же токтотуу жөнүндө соттордун токтомдорун аткаруунун мыйзамдуулугуна көзөмөлдү күчөтсүн;
- жарандардын арыздарын каттоодон мыйзамсыз баш тартуу, кылмыш иштерин козгоодон баш тартуу, өз мезгилинде медициналык экспертиза дайындоодон баш тартуу фактылары табылган учурларда ички иштер органдарынын күнөөлүү кызматкерлерине карата жаза чараларын көрсүн.
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот департаменти:
- алименттик милдеттенмелер боюнча карызы бар адамдарды издөө боюнча сот актыларынын аткарылышы үчүн контролду күчөтсүн;
- сот аткаруучусуна өзүнүн жаңы дареги же жаңы иш орду, ошондой эле жашаган жери же иштеген жери алмашылганда жаңы же кошумча эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарды билдирүүнүн милдеттүүлүгү тууралуу "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө" Мыйзамдын жоболору бузулган учурда алименттик милдеттенмелер боюнча карызы бар адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыксын;
- алименттик иштер боюнча аткаруу өндүрүшүнө катышкан алименттик милдеттенмелер боюнча карызы бар төлөтүп алуучу же адамдар үчүн сот аткаруучулар кызматына өз дарегинин алмашкандыгы жөнүндө билдирүү милдети каралган аткаруучу сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуш иштеп чыксын.
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- инфляциянын деңгээлин эске алуу менен пенсияларды жана жөлөк пулдарды индексациялоо боюнча иштерди өз убагында улантсын;
- турак жай курулушу жаатындагы улуттук программаларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда эл аралык келишимдер менен белгиленген жетиштүү турак жайга укукту ишке ашыруу боюнча милдеттерди эске алсын;
- Бишкек жана Ош шаарларында үйү жоктордун себебин табуу жана аталган фактордун, анын ичинде мыйзамсыз курулуштардын масштабын баалоо боюнча иштерди жүргүзсүн. Аталган иштин жыйынтыктары боюнча жетиштүү турак жайга укуктарды ишке ашыруу планын түзсүн;
- социалдык турак жайларды куруу үчүн каражат издеп тапсын;
- өз алдынча курулуштар бар райондо жарандардын ден соолугуна жана жашоосуна коркунучтарды баалоону жүргүзсүн жана жаңы курулуштарды легалдаштырууну чечүүнүн оптималдуу жолдорун аныктасын;
- таза суу менен жабдуу секторун өнүктүрүү жана калктын таза суу менен жабдуу маселелерин чечүү үчүн багытталган финансы каражаттарынын максаттуу чыгымдалышы үчүн жер-жерлерде контролдоо процесстерине жарандык коомду тартууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн жана эл аралык донорлордон алынган каражаттарды пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана отчёттуулугун камсыз кылсын;
- калкты коопсуз таза суу менен камсыздоо маселелерин чечүү үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн финансы каражаттарын көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
- жарандардын репродуктивдүү ден соолугу жана репродуктивдүү укуктарынын сакталышы жөнүндө коомдук жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалыматтык-агартуу иштерин күчөтсүн;
- пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөрдү ар кандай мезгилдерде өткөрүүгө, ошондой эле эмгекти коргоонун жана эмгек мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушун табуу максаттарында ишканалардын жетекчилерине алдын ала кабарлабай туруп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын эмгек инспекторлорунун укуктарын белгилеген "Ишкердик субъектилерин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Мыйзамга жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыксын;
- эл аралык стандарттарга ылайык жана менчик ишканаларда иштеген адамдардын укуктары менен эркиндигинин сакталышы үчүн контролду күчөтүү максаттарында эмгектин мамлекеттик инспекторлорунун штаттык санын көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- жашы жете электер менен никеге туруунун эл аралык келишимдерден келип чыккан жол бербестиги боюнча Кыргыз Республикасы алган эл аралык милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо боюнча иштерди жүргүзсүн;
- жашы жете электер менен никеге туруу боюнча жазык иштерин натыйжалуу кароо максатында улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштерди улантсын, атап айтканда жашы жете электер менен никеге туруу жана "ачык" категориядагы мажбурлоо никелери боюнча кылмыштарга которуу мүмкүнчүлүгүн карасын;
- өз балдарын нике мамилелерине кирүүгө мажбурлаган жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энелеринин, камкорчуларынын, камкордукка алгандардын) жоопкерчилигин жогорулатсын;
- никеге мажбурлап турууга катышкандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу практикасын тергөө жана сот органдарынын иш укугун колдонууга киргизүү боюнча чараларды иштеп чыксын;
- республиканын региондорундагы көйгөйлөрдүн чыныгы масштабдарын баалоо максатында никеге эрте туруу маселелери боюнча жашыруун изилдөөлөрдү өткөрүү жолу менен (кийин сурамжылоого алынгандардын ысымдарын көрсөтпөй туруп, алардын жыйынтыктарын жарыялоо менен) жашы жете электер менен никеге туруу чөйрөсүндө статистикалык маалыматтарды жыйноону жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыксын;
- окуучулардын маданий өзгөчөлүктөрүн жана жаш курагын эске алуу менен нике, репродуктивдүү ден соолук маселелерин кароо аркылуу класстан тышкаркы иштердин алкактарында жашоонун сергек мүнөзү сабактарын иштеп чыксын жана мектептик билим берүү тутумуна киргизсин;
- өзгөчө учурларда мыйзам менен белгиленген жол-жоболорду сактабай туруп никеге эрте турууга жол берүү жаш курагы боюнча улуу өнөктөш тарабынан кылмыш болуп санала тургандыгына көңүл буруу менен катышуучулардын кеңири чөйрөсүн тартуу аркылуу (медициналык кызматкерлерди, мугалимдерди, мамлекеттик бийликтин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн, кризистик борборлорду, эл аралык уюмдарды, диний лидерлерди жана башкаларды) никеге эрте туруунун зыяндуу кесепеттери жөнүндө мектеп окуучуларынын арасында агартуучулук иштерди жүргүзсүн;
- маалыматтык-агартуу кампанияларынын, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусу менен эрте жана катталбаган никелердин, көп аял алуулардын зыяны жана мыйзамсыздыгы жөнүндө иштерди системалуу негизде жүргүзсүн;
- жетим балдардын жана турак жай алууга муктаж ата-энелердин камкордугу жок калган балдардын жалпы республикалык маалыматтар базасын түзсүн;
- ҮБКБнүн жетекчилери менен бирдикте жетим балдар жана турак жай алууга муктаж, ата-энелерден камкордугу жок калган балдар багылган мекемелердин (менчиктин ар кандай түрүндөгү) бардык жетекчилери үчүн ЖӨБ органдарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда кезексиз турак жай үчүн жер участогун алууга укук берүү менен аларды эсепке коюу үчүн милдеттүү талаптарды киргизсин, жыйынтыкка жеткенге чейин иштерди план ченемдүү жүргүзсүн;
- жетим балдардын жана ата-энелердин камкордугу жок калган балдардын турак жайга муктаждыгынын максаттуу мониторингин жыл сайын жүргүзсүн жана кырдаалды талдоонун негизинде аталган көйгөйдү чечүү үчүн республикалык каржылоону пландаштырсын;
- жетим балдарды жана ата-энелеринен камкордугу калган балдарды турак жай менен камсыздоону регламенттеген мыйзам актыларынын аткарылышы жөнүндө Өкмөттүн расмий сайтында үзгүлтүксүз маалымдоону жүзөгө ашырсын жана аталган чөйрөдө мыйзамдарды аткаруу жана жетим балдарга жана ата-энелеринин камкордугу жок калган балдарга мамлекеттик жардам берүү муктаждыгы үчүн социалдык жатаканаларды, мамлекеттик жана муниципалдык турак-жайларды курууга тышкы жана ички инвесторлордун инвестицияларын тартуу боюнча региондордун жана шаарлардын башчыларынын жоопкерчилигин күчөтүү максатында региондор боюнча статистикалык маалыматтарды туруктуу байкоого алып турсун; бүтүндөй өлкө боюнча иштерди жандандыруу максатында аталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча инвестицияларды тартуунун оң тажрыйбасы бар региондордун жана шаарлардын башчыларын мамлекеттик деңгээлде белгилесин жана сыйлык берсин;
- жарандардын бекер билим алууга конституциялык укуктарын бузууга жол бербөө максаттарында мамлекеттик (муниципалдык) билим берүү уюмдары тарабынан акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө тыюу салуу белгиленген "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуш иштеп чыксын;
- 2017-жылдан тартып "Балдарга жардам көрсөтүүнүн тез линиясы" (115) кызматынын бюджеттик каражаттарынан каржылоону карасын;
- мажбурлап дарылоодо болгон жана сот тарабынан сот-психиатриялык экспертизага жиберилген оорулууларды психиатриялык мекемелерде күзөтүүнү ЖАМКнын камсыздоосу боюнча маселени карасын;
- кыйноолорду жана башка адамгерчиликсиз же мамиле жасоонун же жазалоонун кадыр-баркты кемсинткен түрлөрүн натыйжалуу документтештирүү жана тергөө боюнча Стамбул протоколунун стандарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыгылган медициналык адистер үчүн зордук-зомбулук, кыйноолор жана ырайымсыз мамилелерди жасоону натыйжалуу документтештирүү боюнча практикалык жетекчиликти бекитсин; аны иш жүзүнө киргизүү саламаттык сактоо, ички иштер жана прокуратура органдарынын тутумунун ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүлөрүнүн таасирдүү механизминин болушун талап кылат;
- расмий жалпыга маалымдоо каражаттарынын, атап айтканда "Кыргыз Туусунун", "Слово Кыргызстандын" жана "Эркин-Тоонун" барактарында адамдын жана жарандын укуктарын сактоо жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ишин жана башка маселелерди ар тараптуу чагылдырууну камсыздоо максатында айына бир газеталык полоса өлчөмүндө бекер негизде аянтча бөлүү жөнүндө маселени карасын;
- төмөндөгү маселелерди милдеттүү камтуу менен республиканын жаңы курулуштарынын социалдык-турмуш-тиричиликтик инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча аракеттердин комплекстүү планынын так мөөнөттөрүн иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөнүндө маселени карасын: жашоочуларды коопсуз таза суу менен жабдуу;
баштапкы же орто мектептерди куруу же балдардын мектепке баруусу үчүн транспорт менен камсыздоо;
фельдшердик-акушердик пункттарды, үй-бүлөлүк медицина борборлорун куруу;
жаңы курулуш аймактарынын деталдуу планын иштеп чыгуу, негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү иликтөө;
жаңы курулуштарды легалдаштырууну чечүүнүн оптималдуу жолдорун аныктоо;
- коркунучтуу зоналарда жайгашкан мыйзамсыз курулуштардын жашоочуларынын ден соолугу үчүн мүмкүн болуучу тобокелдиктер жөнүндө тиешелүү корутундуларды киргизүү менен тийиштүү мамлекеттик органдарга изилдөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырсын;
- калктын аярлуу тобунун (ДМЧАлардын, улгайган адамдардын) турак жайга жеткиликтүүлүк укугун сактоону изилдөөнү жүргүзсүн жана социалдык турак жайларды куруу үчүн каражаттарды издеп тапсын;
- соттолуучунун шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотулушун колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө психологдун сотко корутунду бериши тууралуу түзөтүү мекемелеринин администрацияларынын милдеттерин мыйзамдуу бекитүү жөнүндөгү маселени карасын.
7) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
- пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча улгайган адамдар үчүн маалыматтык материалдар жана камсыздандырылган жарандар менен пенсионерлердин укуктарын коргоо механизмдери. менен камсыздоо иш-чараларын үзгүлтүксүз негизде жүргүзсүн;
- республикалык психиатриялык оорукананын жетекчилиги менен бирдикте Чүй областынын Чым-Коргон айылында бир жылдан ашык ооруканада жаткан пациенттерди психоневрологиялык үй-интернаттарына которуу маселесин чечсин;
- гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун курмандыктарына укуктук, социалдык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыксын;
- кризистик борборлорду жана башпаанектерди колдоо, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн комплекстүү мүнөзүн камсыздоо үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин киргизсин;
- социалдык колдоо көрсөтүү тутумун жакшыртууга багытталган учурдагы жана иштелип чыгылып жаткан улуттук программаларда калктын картаюу жана улгайган адамдардын укуктары жөнүндөгү маселелерге ойдогудай көңүл бурсун. Атап айтканда, жергиликтүү деңгээлде улгайган адамдардын укуктарын коргоого, татыктуу жашоо деңгээлин камсыздоого, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөргө өзгөчө көңүл буруу менен 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү Программасынын толук аткарылышын камсыз кылсын;
- Улуттук статистика комитети менен бирдикте гендердик көрсөткүчтөрдү эске алуу менен калктын картаюу маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзсүн.
8) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- медициналык мекемелерди, атап айтканда жарандарды госпиталдаштыруу чөйрөсүн координациялоо жана кызматташуулар боюнча чараларды өркүндөтсүн;
- шашылыш, кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн татаал абалда болгон оорулууларды кабыл алуу жол-жоболорун уюштуруудагы кемчиликтерди четтетүү боюнча иштерди жүргүзсүн;
- өздөрүнүн функционалдык милдеттенмелерин ак ниетсиз аткаргандыгы (кызмат ордунан төмөндөткөндүгү, администрациялык жоопкерчиликке тарткандыгы ж.б.) үчүн мекемелердин медициналык персоналынын жоопкерчилигин күчөтсүн;
- медициналык кызматкерлердин дарыгерлик каталыктарын жаап-жашыруу учурларын болтурбоо максатында "Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Мыйзамдын аткарылышына контролду күчөтсүн;
- пациенттин ден соолугуна оор зыян же анын өлүмүнө алып келген медициналык кызматкерлердин каталыктарына байланыштуу шарттарды тергөө боюнча комиссиялардын курамына көз карандысыз эксперттерди киргизсин;
- Өкмөттүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктердин программасы) ишке ашыруу максатында төрөт үйлөрүнүн ишине үзгүлтүксүз контроль жүргүзсүн;
- кесиптик жоопкерчилик жана жүрүм-турум этикасы жөнүндө медициналык кызматкерлердин арасында иштерди дайыма жүргүзсүн;
- юстиция органдарында катталган бекитилген жоболорду эл аралык ченемдерге жана "Психиатриялык жардам жана аларды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзамга ылайык жүргүзсүн;
- психиатриялык мекемелерде жеткинчектер бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө маселени карасын;
- психиатриялык жардам көрсөтүү мекемелеринин жетекчилиги менен бирдикте психиатриялык жардам үчүн кайрылуунун ыктыярдуу принцибинин аткарылышы жана "Психиатриялык жардам жана аларды көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Мыйзам менен белгиленген дарылоодо жана госпитализацияда жана дарылоонун жүрүшүндө пациенттерге тиешелүү маалымат берүүгө жазуу жүзүндө макулдук берүүнү маалымдоо менен тиешелүү контролду камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте психиатриялык ооруканалардагы пациенттерди психоневрологиялык үй-интернаттарына которуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн механизмин иштеп чыксын;
- материалдык-техникалык маселелерди (мебелдерди, офистик жана физиотерапевтикалык жабдууларды сатып алуу) чечүү менен Ош областтык психикалык ден соолук борборун толук кандуу каржылоо, ошондой эле Ош областтык психикалык ден соолук борборунун 4-бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттоо маселесин тез арада чечсин;
- өтө катуу, күчөтүлгөн жана кадыресе байкоо режимин өз-өзүнчө кармалган адамдар тарабынан сактоо талабы камтылган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2014-жылдын 12-сентябрындагы "Стационардык сот-психиатриялык экспертиза жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалган, психикалык жактан бузулуулардан жабыр тарткан адамдарга психиатриялык жардамдарды уюштурууну жакшыртуу жөнүндө" № 521 буйругунун аткарылышын контролдоону камсыз кылсын;
- коомдук коркунучтуу жосундарды жасаган, психикалык жактан бузулуулары бар адамдарга карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо жана башка чараларын колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитсин;
- өлкөнүн бардык региондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда кош бойлуу аялдар үчүн медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилдиктери жөнүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылсын;
- төрөт үйлөрүндө коррупцияга каршы аракеттенүү максатында коррупция учурлары жөнүндө кабарлоого кош бойлуу аялдар жана төрөгөн аялдар үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланыш жана ишеним телефондору тууралуу маалыматтарды камсыздоо жолу менен натыйжалуу механизмдердин кепилдиктердин карасын;
- Мамлекеттик кепилдиктердин программасын кайра кароо менен дары-дармек каражаттарынын тизмегине жаңы, өтө натыйжалуу медикоменттерди киргизсин;
- кош бойлуу аялдарды - ички мигранттарды өз мезгилинде эсепке коюу, диспансеризациялоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана тоскоолдуктарды төмөндөтүү жана перинаталдык мезгилде ал пациенттерди андан ары кароо боюнча иштерди кеңейтсин.
9) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- тынч чогулуштарды өткөрүүгө укуктарды кепилдеген конституциялык ченемдерге ылайык иштерди камсыз кылсын;
- адам укуктарын жана эркиндигин сактоо маселелери боюнча окуу программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.Алиев атындагы Академиясына киргизсин;
- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында адамдын укуктары менен эркиндигин сактоо маселелери боюнча профилактикалык иштерди системалуу негизде жүргүзсүн.
10) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- үй-бүлөлүк зордук-зомбулук учурлары боюнча гендердик-бөлүштүрүлгөн статистиканын ведомстволор аралык борбордоштурулган талдоосунун түзүмүн иштеп чыксын.
11) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- "Кылмыш жасоого шектенүү жана айыптоо боюнча кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылсын.
12) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын эл аралык стандарттарга жооп берген жана маданияты менен менталитетинин салттуу өзгөчөлүктөрү эске алынган репродуктивдүү ден соолук негиздерин окутуу усулун, программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик (муниципалдык) жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын ата-энелеринен кирүү төгүмдөрүн алуу практикасын жоюу боюнча чараларды көрсүн;
- негизсиз кирүү тестирлөөсүн, балдарды сынактык тандоону жүргүзүүнү алып салуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык балдарды жалпы билим берүүчү уюмдарга кабыл алуу тартибин контролдоону күчөтсүн;
- жалпы билим берүүчү уюмдарга балдарды кабыл алууда мектептердин микроучасткасында ата-энелерди каттоонун болушу жөнүндө талапты алып салсын;
- мектептерге барбаган балдарды табуу жана кароосуз калган балдардын болушун алдын алуу максатында мектептин микроучасткасында жашаган балдардын санын эсептөө тутумуна контролду күчөтсүн;
- мектеп формаларын кийип жүрүү жөнүндө маселелерин окуучулардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүнө жана каалоолоруна жараша чечсин;
- Кыргыз Республикасынын бардык окуу жайларында Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратына караштуу "Балдарга тез жардам көрсөтүү линиясы (115) кызматынын иши жөнүндө маалыматтык стенддерди жайгаштыруу жөнүндө маселени карасын;
- өлкөнүн бардык региондорунда жогорку класстардын окуучуларынын арасында эрте бойго бүтүү тобокелдиктери жана терс кесепеттери жөнүндө маселелерди кошуп алганда репродуктивдүү ден соолуктун жана үй-бүлөнү пландаштыруунун негиздери боюнча курстарды окутсун.
13) Кыргыз Республикасынын маданият, туризм жана маалымат министрлиги:
- Акыйкатчынын (Омбудемендин) Аппараты менен бирдикте областтык телерадио берүү корпорацияларына Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоо маселелери боюнча жума сайын берилүүчү телепрограмма үчүн 30 мүнөттүк эфир убактысын бөлүү жөнүндө маселени карасын.
14) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган Жазык-процесстик кодекстин 252-беренесинин текстиндеги каталарды четтетсин.
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
- жашы жете элек соттолгондор кармалган бардык жабык мекемелерде "Балдарга тез жардам көрсөтүү линиясы (115) кызматынын телефонуна жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча чараларды көрсүн;
- ЖАМКнын бюджетин пландаштырууда, чыгымдардын сметасын түзүүдө бардык зарыл чыгымдарды, айрыкча имараттардын жана курулмалардын учурдагы жана капиталдык ремонтун, медициналык жабдуулар жана тиешелүү аспаптар менен камсыздоону кошуп алганда адекваттуу санитардык шарттарды камсыздоону милдеттүү тартипте алдын ала карасын;
- ЖАМКнын мекемелеринде соттолгондор үчүн татыктуу эмгек акысы бар жумушчу орундарын түзүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп тапсын;
- жаза өтөп бүткөн адамдарды иштен бошотууда бир жолку берилүүчү акчалай жөлөкпул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 150-беренесинин талаптарынын аткарылышын камсыз кылсын;
- ЖАМКнын карамагындагы кесиптик-техникалык окуу жайларды материалдык-техникалык камсыздоонун жана усулдук жактан жабдылышып жакшыртсын;
- пенитенциардык мекемелердин китепкана фонддорун жаңылоо, аны ичинде ар кандай адистиктер боюнча окуу адабияты менен камсыздоо жолу аркылуу соттолгондор үчүн социалдык өзүн-өзү өнүктүрүү шарттарын түзсүн;
- пенитенциардык мекемелердин китепканаларын жаңылоо максаттарында жарандык коомдун уюмдарынын көмөгү менен кайрымдуулук акцияларын өткөрсүн;
- жаза өтөп жаткан адамдарды шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана бирдиктүү маалыматтар базасын түзүү боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын иштеп чыксын.
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:
- иш берүүчүлөр жана профсоюз уюмдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу эмгек мыйзамдарын сактоонун туруктуу мониторингин жүргүзсүн;
- иштеген адамдардын эмгек шарттарын системалуу изилдөө жана көйгөйлүү маселелерди табуу максаттарында мамлекеттик уюмдарда жана жеке ишканалардагы иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгектик мамилелерди изилдөөлөрдү жүргүзсүн;
- эмгек укуктары жөнүндө калктын маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу үчүн маалыматтык-агартуу программаларын иштеп чыксын;
- жарандардын эмгектик укуктарын бузууларды алдын алуу максаттарында менчик компаниялардын жана уюмдардын жетекчилерине эмгек укуктары маселелери боюнча окутууларды жүргүзсүн.
17) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун тарифтик саясатын өркүндөтсүн.
18) Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясынын байкоочу кеңеши:
- адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин сактоо жана коргоо маселелери боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппаратынын ишин ар тараптуу чагылдырууну камсыз кылууга көмөк көрсөтүү максаттарында бекер негизде эфирдик убакыт (жума сайын 30 мүнөттөн кем эмес) берүү жөнүндө маселени карасын.
19) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- таза суу менен камсыздоо тутумунун иштөөсүн, ал тутумду эксплуатациялаган ишканалардын ишин, таза суунун сапатын контролдоону күчөтсүн;
- жарандардын каршылык көрсөтүү активдүүлүгүнүн потенциалдуу себеби болуп саналган маселелерди өз учурунда карасын жана чечсин;
- өткөрүлүүчү митингдер жана чогулуштар жөнүндө, ошондой эле аларды камсыздоо боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу коомчулукка милдеттүү маалымдап турсун.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар жылдык баяндаманын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) сунуштарын ишке ашыруу боюнча ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратына маалымат берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын ишке ашыруу мониторингин жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдык баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүүдө маалымат берсин.
Төрага | Ч.Турсунбеков |