Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
| КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 20-ноябры № 790 токтому менен бекитилген |
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 302, 2017-жылдын 3-мартындагы № 136, 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636, 2021-жылдын 27-январындагы № 26 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул Мамлекеттик кепилдиктер программасына катышкан менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыздоочу Кыргыз Республикасында жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн кепилдеген көлөмү, түрлөрү жана шарттары.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегиндеги медициналык-санитардык жардамдын көлөмү саламаттык сактоону каржылоонун чегинде төмөнкү каражаттардын ичинен аныкталат:
- республикалык бюджеттен;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруудан.
3. Мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону башкаруу төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан;
- айрым бир категориядагы жарандарды амбулатордук деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү медициналык жардамдын Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрү фондусунан каржылоо бөлүгү боюнча саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан.
4. Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча медициналык жана фармацевттик кызматтар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын аткарылышына карата келишим түзүшкөн саламаттык сактоо мекемелери менен дарыкана мекемелери тарабынан көрсөтүлөт.
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегиндеги бекер жана жеңилдетилген медициналык-санитардык жардам берүү шарты болуп жеңилдик алуу укугун ырастаган документ (паспорт, 16 жашка чейинки балдар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу күбөлүк алганга чейин баланын туулгандыгы тууралуу маалымдама, пенсиялык күбөлүк, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (мындан ары – ММК полиси), ошондой эле төмөнкү адистер тарабынан лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөргө, стационарга жаткырууга берилген жолдомо кат саналат:
- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун;
- үй-бүлөлүк медицина борборунун;
- жалпы дарыгерлик практика борборунун;
- ведомстволук медицина кызматынын;
- аскердик-дарылоо комиссиясынын;
- стационардын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүнүн.
2. Медициналык-санитардык жардамдын түрлөрү
6. Мамлекеттик кепилдиктер программасы медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн камсыз кылат:
- баштапкы медициналык-санитардык жардам;
- амбулатордук шарттардагы шашылыш медициналык жардам;
- шашылыш консультативдик медициналык жардам (санитардык авиация);
- адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары амбулатордук шартта адистештирилген медициналык жардам;
- адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардамдан тышкары стационардык жардам;
- медициналык жардамдын Жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрү фондусунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардам;
- стоматологиялык жардам;
- дарылык жана вакциналык камсыздоо;
- иммунопрофилактика;
- амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык жардам;
- паллиативдик жардам.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 1. Баштапкы медициналык-санитардык жардам
7. Амбулатордук шарттардагы баштапкы медициналык-санитардык жардам:
- фельдшердик-акушердик пункттун фельдшерлери;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер;
- үй-бүлөлүк медицина жана жалпы практика борборунун адистери тарабынан көрсөтүлөт.
8. Баштапкы медициналык-санитардык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жазылышкан жарандарга төмөнкү өлчөмдө бекер көрсөтүлөт:
1) профилактика:
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, сергек жашоо образын калыптандыруу;
- Улуттук алдын алуучу эмдөөлөр календарынын чегинде жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөргө ылайык иммунизация өткөрүү;
- эпидемияга каршы иш (инфекция булактарында);
- бейтаптарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өзүн-өзү контролдоого жана өзүнө жана өз ара жардамдашууга окутуу.
2) диагностика:
- дарыгердин кабыл алуусу жана консультациясы, зарыл болгон учурда медициналык манипуляцияларды жүргүзүү менен;
- адистин жолдомо каты болсо базалык лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр:
кандын жалпы анализи;
зааранын жалпы анализи жана зааранын тунмасынын микроскопиясы;
уретралдык мазоктун микроскопиясы;
вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
какырык анализи (мазок микроскопиясы);
кандагы кантты аныктоо;
заарадагы кантты аныктоо;
кандагы холестеринди аныктоо;
электрокардиограмма;
кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган бейтаптарга - жылына 1 жолу);
Грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);
3) дарылоо:
- кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү;
- иммобилизация;
- медикаментоздук дарылоо дайындоо;
- медициналык инъекцияларды жасоо (венага, булчуңга, тери алдына).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр, 8-пунктта көрсөтүлгөндөн сырткары төмөнкүдөй өткөрүлөт:
1) дарыгердин жолдомо каты бар болсо, акысыз:
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жарандарга;
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-главасында көрсөтүлгөн милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга;
2) баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен - калган жарандарга.
Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда тиешелүү адистер жана/же лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөрдүн айрым бир түрлөрүн (кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр менен манипуляцияларды эске албаганда) өткөрүү үчүн шарттар болбогон учурда, аталган изилдөөлөр келишимдин негизинде саламаттык сактоонун башка мекемелеринде өткөрүлөт. Изилдөөлөр үчүн акы пациентти жиберген саламаттык сактоо мекемеси тарабынан төлөнөт. Мында, изилдөөлөр жүргүзүлгөн саламаттык сактоо мекемесинде пациенттен кошумча акы алынбайт.
Медициналык кызматтарга баалардын прейскуранты монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
Жеңилдикке укугу бар экендигине карабастан катталбаган калкты медициналык тейлөө иштери баалардын Прейскурантына ылайык акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 302, 2016-жылдын 6-июнундагы № 302 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Калыбына келтирүүчү жана физиотерапевттик жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
- социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
- калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
10-1. Стационардык-ордун алмаштыруучу жардам төмөнкүдөй көрсөтүлөт:
социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга акысыз;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
- калктын калган категориясына баалардын Прейскуранты боюнча акы төлөө менен.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 2. Амбулатордук шарттарда көрсөтүлүүчү шашылыш медициналык жардам жана шашылыш консультативдик медициналык жардам (санитардык авиация)
11. Шашылыш медициналык жардам – бул жашоо көрсөткүчтөрү боюнча өмүргө коркунуч жараткан жана шашылыш түрдө медициналык жардамды талап кылган учурда (кокустан болгон кырсык, травма, уулануу, башка оорулар жана абалдар) бейтаптарга көрсөтүлүүчү медициналык жардам, ал:
- шашылыш тез медициналык жардам кызматы;
- менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелери;
- шашылыш консультативдик медициналык жардам тарабынан көрсөтүлөт.
12. Шашылыш медициналык жардам, анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо бейтаптын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келүүчү абалдан чыкканга чейин бардык жарандарга акысыз көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Шашылыш консультативдик медициналык жардам күнү-түнү жана саламаттык сактоо мекемелеринде дарыланууда жүрүшкөн бардык жарандар үчүн кечиктирилбестен көрсөтүлөт. Шашылыш консультативдик медициналык жардам өзүнө бетме-бет жана сырттан берилүүчү консультациялар менен бирге менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринде көрсөтүлүүчү практикалык жардамдарды камтыйт. Шашылыш консультативдик медициналык жардам төмөнкү учурларда көрсөтүлөт:
- оорулуунун ден-соолугунун абалына байланыштуу анын өмүрүнө коркунуч жаралган учурларда саламаттык сактоо мекемесинде тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы дарыгер-адис жок болсо же медициналык илимдин жана практиканын заманбап жетишкендиктеринин деңгээлинде адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл шарттар жок болсо;
- бейтапка жасалган терапиядан натыйжа болбой, оорулуу адамдын абалы барган сайын начарласа;
- ооруну табуу жана дарылоо тактикасын аныктоодогу кыйынчылыктарда;
- оор абалда жаткан оорулуу адамды медициналык жардам көрсөтүүнүн алда канча жогорку деңгээлиндеги саламаттык сактоо мекемесине жеткирүү зарылчылыгында.
Шашылыш консультативдик медициналык жардамдын ишин уюштуруу саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган бекитүүчү Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
§ 3. Амбулатордук шарттардагы адистештирилген медициналык жардам
14. Амбулатордук шарттардагы адистештирилген медициналык жардам:
- стационарлардын амбулатордук-диагностикалык бөлүмдөрүнүн;
- стационарлардын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүнүн;
- үй-бүлөлүк медицина борборлорунун;
- жалпы дарыгерлик практика борборлорунун адистери тарабынан көрсөтүлөт.
15. Амбулатордук шарттардагы адистештирилген медициналык жардам үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жазылган жарандарга ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында, ошондой эле 9-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн көлөмдө бекер көрсөтүлөт.
16. Стационарлардын амбулатордук-диагностикалык жана консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүндө ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 17-пунктунда көрсөтүлгөн кымбат баалуу изилдөөлөр менен манипуляциялардан тышкары, ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 8-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында аталган иш-чаралар менен катар эле лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жолдомо каты болгон учурда төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) социалдык статусу жана клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча жеңилдик алууга укуктуу жарандарга - акысыз;
2) милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга - баалардын Прейскуранты боюнча медициналык кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызы өлчөмүндө;
3) калган жарандарга - Медициналык кызмат көрсөтүүлөргө баалардын прейскуранты боюнча.
Пациенттин үй-бүлөлүк медицина борборлорунан/'үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, жалпы дарыгерлик практика борборлорунан алынган зарыл анализдери жана стационардык дарыланууга жолдомо каты болсо, пациент стационарлардын консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүндө кошумча текшерүүлөрсүз жаткырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Жарандар жеңилдикке укуктарынын бар экендигине карабастан төмөндөгү кымбат баалуу изилдөөнүн жана манипуляциялардын наркын баалардын прейскуранты боюнча төлөшөт:
- перифериялык кан тамырлардын, мээнин жана ички органдардын кан тамырларынын ангиографиясы;
- жүрөк оорусундагы ангиокардиография;
- гемосорбция;
- гемодиализ;
- компьютердик томография;
- коронарография;
- плазмоферез;
- ядролук-магниттик-резонанстык томография;
- литотрипсия.
Кымбат баалуу лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр, саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелериндеги манипуляциялар тиешелүү адистин жолдомо каты бар учурларда Улуу Ата мекендик согуштун майыптары менен Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына бекер жасалат.
171. Бешинчи баскычтагы өнөкөт бөйрөк кемтиги менен ооругандарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 4. Стационардык жардам
18. Шашылыш көрсөткүчтөр боюнча стационарга келип түшкөн бардык жарандарга көрсөтүлүүчү стационардык жардам өмүргө коркунуч жаратуучу абалдан чыгып, гемодинамика жана дем алуу көрсөткүчтөрү туруктуу болгонго чейин бекер көрсөтүлөт. Андан кийин пациенттер ооруканага жаткыруу же амбулатордук шарттарда дарылануу үчүн зарыл болгон жолдомо каты барлар катары пландуу стационардык жардам көрсөтүү шарттары боюнча дарылоого өткөрүлөт.
19. Ооруканага жаткырууга жолдомо каты бар учурда пландуу стационардык жардам төмөнкүлөргө көрсөтүлөт:
1) төмөндө көрсөтүлгөн жарандарга бекер:
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин I бөлүмүндө, бирок жылына пландуу эки госпитализациядан көп эмес (6 жашка чейинки балдарды эске албаганда);
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин II бөлүмүндө, негизги оорулар боюнча;
2) минималдык өлчөмдөгү кошо төлөө шарттарында төмөнкү жарандарга:
- 70 жашка чейинки курактагы пенсионерлерге;
- «Эмгек ветераны» медалы менен сыйланган адамдарга;
- ай сайын социалдык жөлөк пул алышкан адамдарга;
3) орточо өлчөмдөгү кошо төлөө шарттары менен:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандарга, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу взносторун өз алдынча төлөп ММК Полисин алгандарга;
- ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 1-тиркемесинин I бөлүмүндө көрсөтүлгөн (6 жашка чейинки курактагы балдарды эске албаганда) жана пландуу стационардык дарыланууга жылына үч жана андан көп ирет дарылануу үчүн келген жарандарга;
4) минималдык өлчөмдөгү кошо төлөө шарттары менен бул пункттун 1-3-пунктчаларында көрсөтүлбөгөн калган жарандарга.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Кошо төлөөнүн өлчөмү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 2-тиркемесинде көрсөтүлдү жана жеңилдиктерге, оорунун жана көрсөтүлгөн кызматтын профилине жараша дифференцияланат. Оорунун жана көрсөтүлгөн кызматтын профилине жараша төмөнкүлөр белгиленет:
- терапевттик профилдеги кошо төлөөлөр;
- хирургиялык профилдеги кошо төлөөлөр.
21. Терапевттик профилдеги кошо төлөөлөргө төмөнкү медициналык кызматтар теңештирилет:
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү чыгымы аз хирургиялык жана гинекологиялык операциялар жана манипуляциялар тизмеси боюнча жүргүзүлүүчү операциялар жана манипуляциялар;
- хирургиялык жана гинекологиялык бөлүмдөрдө дарылоо, операциясыз.
22. Стационардык дарылоодо зарыл болгон консультациялар, лабораториялык жана диагностикалык изилдөөлөр (Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 17-пунктунда көрсөтүлгөн кымбат баалуу изилдөөлөр менен манипуляциялардан башка) үчүн кошумча акы алууга жол берилбейт.
23. Ооруканага жаткыруу үчүн жолдомо каты бар жана жаткырганга чейинки этапта баштапкы текшерүүдөн өтүшкөн пациенттерди ооруканага жаткыруу кошумча акы алынбастан стационарлардын консультативдик-дарт аныктоо бөлүмдөрүндө жүзөгө ашырылат.
24. Аз камсыз болушкан адамдардын категориясына киришкен, кепилденген минималдык кирешеден аз кирешеге ээ жарандар, туруктуу жашаган орду жок адамдар, эч кандай документи жок келгендер, мөөнөттүү кызматтын аскер адамдары социалдык коргоо органдары же айыл өкмөтү, аскердик бөлүктүн командири тарабынан берилген маалымдаманын негизинде, ошондой эле аталган саламаттык сактоо мекемесинин жетекчисинин ички буйругу менен түзүлгөн саламаттык сактоо мекемесинин дарылоо-контролдоочу комиссиясынын чечими боюнча кошо төлөөлөрдөн бошотулат.
Кошо төлөөлөрдөн бошотулган жарандарга медициналык кызмат көрсөтүү саламаттык сактоо мекемесинин бириктирилген бюджетинин эсебинен жүзөгө ашырылат.
§ 41. Амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген психиатриялык жардам
(Параграф КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
241. Амбулатордук шартта адистештирилген психиатриялык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- жалпы дарыгерлик практика борборлору;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору;
- психикалык ден соолук борборлору.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
242. Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкү адистер тарабынан көрсөтүлөт:
- психикалык ден соолук борборлорунун кабыл алуу-диагностикалык жана консультативдик бөлүмдөрүнүн;
- күндүзгү стационарлардын;
- сүйлөө речинин патологиясы бөлүмдөрүнүн;
- психикалык ден соолук борборлорунун алдындагы кризистик борборлордун;
- мобилдүү адистештирилген бригадалардын.
Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- психикасынын бузулуусунан жабыркаган адамдарга;
- 18 жашка чейинки курактагы балдарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам) жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепеттерин жоюунун катышуучуларына жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- сот же тергөө органдарынын чечими боюнча баштапкы психиатриялык күбөлөндүрүүдөн, баштапкы соттук-психиатриялык экспертизадан, баштапкы соттук-психологиялык жана баштапкы соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан адамдарга;
- ай сайын социалдык жөлөкпул алуучу адамдарга.
Адамдардын калган категорияларына, ошондой эле сот же болбосо тергөө органдарынын чечими боюнча кайрадан психиатриялык күбөлөндүрүүдөн, кайрадан соттук-психиатриялык экспертизадан, кайрадан соттук-психологиялык жана кайрадан соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүп жаткан адамдарга лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
243. Стационардык шартта адистештирилген психиатриялык жардам психикалык ден соолук борборлору тарабынан көрсөтүлөт.
Психосоматика жана наркология бөлүмдөрүнө госпиталдаштырылган учурлардан тышкары стационарга госпиталдаштырууда психикалык оорулар менен жабыркаган адамдардан кошумча төлөөлөр алынбайт.
Психосоматика жана наркология бөлүмдөрүнө госпиталдаштырууда терапевттик профилдеги кошумча төлөм алынат. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 19-пунктуна ылайык жеңилдиктерге укуктары бар экендигине жараша кошумча төлөөнүн дифференцияланган өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 2-тиркемесинде берилди.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 42. Амбулатордук жана стационардык шарттарда адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам
(Параграф КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
244. Амбулатордук шартта адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам төмөнкүлөр тарабынан көрсөтүлөт:
- үй-бүлөлүк медицина борборлору;
- үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору;
- жалпы дарыгерлик практика борборлору;
- адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
245. Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлик практика борборлорунда төмөнкү оорулар менен ооругандарга диспансердик байкоо жүргүзүлөт:
- онкологиялык оорулар менен;
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоздор менен;
- гемофилия менен;
- залалдуу лимфомалар менен, анын ичинде лимфогранулематоз менен;
- апластиялык анемия менен;
- миелодисиластикалык синдромдор менен.
Диспаисердик байкоо акысыз жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
246. Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы клиникалык-диагностикалык бөлүмдөрдүн адистери тарабынан көрсөтүлөт.
Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы төмөнкүлөргө акысыз көрсөтүлөт:
- каттоодо турган адамдарга;
- 18 жашка чейинки балдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- контракт менен кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам) жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюунун катышуучуларына жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпулун алуучу адамдарга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;
- гемофилия менен ооругандарга;
- залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;
- апластиялык анемия менен ооругандарга;
- миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.
Адамдардын калган категорияларына лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөр жана консультативдик-дарылоо жардамы баалардын прейскуранты боюнча медициналык кызматтардын толук наркын төлөө менен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
247. Пландуу адистештирилген онкологиялык жардам стационардык шартта адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүчө көрсөтүлөт:
1) акысыз:
- 18 жашка чейинки курактагы балдарга;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- 12 айдын ичинде кайталап операцияга жүргүзүүгө жана кайталап нур менен дарылоого муктаж болгон адамдарга;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.
2) минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- 16 жашка чейинки балдары бар, "үй-бүлөгө көмөк" ай сайын жөлөкпулун алуучу адамдарга;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана эмгектик майып болуунун, кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I топтогу майыптыгы бар адамдарга;
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам);
4) максималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
248. Жеңилдиктерге укуктары бар экендигине, оорунун профилине, стационардык шартта көрсөтүлгөн кызматтын түрүнө жараша кошумча төлөөнүн дифференциялануучу өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 21-тиркемесинде көрсөтүлдү. Оорунун профилине жана көрсөтүлгөн кызматка жараша төмөнкүлөр белгиленет:
- терапевттик профилдеги кошумча төлөөлөр;
- хирургиялык профилдеги кошумча төлөөлөр.
Терапевттик профилдеги кошумча төлөөлөрдүн өлчөмүнө медициналык кызматтардын төмөнкү түрлөрү теңдештирилет:
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү аз чыгымдалуучу хирургиялык жана гинекологиялык операциялардын жана манипуляциялардын тизмеси боюнча операциялар жана манипуляциялар;
- хирургиялык жана гинекологиялык профилдеги бөлүмдөрдө операциясыз дарылоо.
Стационардык дарылоодо химиотерапия жана паллиативдик жардам көрсөтүү бөлүмдөрүндө дарыланууда жаткан оорулуулардан кошумча төлөөлөр алынбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
249. Онкологиялык оорулуулар үчүн химиялык препараттарды сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
2410. Стационардык шартта план боюнча адистештирилген гематологиялык жардам адистештирилген гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан төмөнкүчө көрсөтүлөт:
1) акысыз:
- курч кармаган жана өнөкөт лейкоз менен ооругандарга;
- гемофилия менен ооругандарга;
- залалдуу лимфомалар, анын ичинде лимфогранулематоз менен ооругандарга;
- апластиялык анемия менен ооругандарга;
- миелодиспластикалык синдромдор менен ооругандарга.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, Ленинград блокадачыларына, концлагерлердин жашы жете элек туткундарына;
- аскердик кызмат өтөөнүн натыйжасында майып болгон интернационалист аскерлерге;
- Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетин жоюуга катышкандарга жана анын натыйжасында майып болгондорго;
- мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына.
2) минималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
Чернобыль атомдук электростанциясындагы кыйроонун кесепетинен жабыр тарткан адамдардын балдарына (18 жашка чейинки);
- пенсионерлерге жана 70 жаштан ашкан эмгек ардагерлерине;
- бала чагынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга;
- ай сайын социалдык жөлөкпул алуучу адамдарга;
3) орточо деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен:
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камсыздандырылган жарандарга;
- контракт боюнча кызмат өтөгөн аскер кызматчыларына (офицерлер, прапорщиктер, старшиналар, сержанттар жана катардагы курам).
4) максималдык деңгээлдеги кошумча төлөө шарты менен - адамдардын калган категорияларына.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
2411. Жеңилдиктерге укуктары бар экендигине, оорунун профилине, стационардык шартта көрсөтүлгөн кызматтын түрүнө жараша кошумча төлөөнүн дифференциялануучу өлчөмдөрү ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 22-тиркемесинде көрсөтүлдү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
§ 5. Медициналык жардамдын жогорку технологиялык (кымбат баалуу) түрлөрү фондунун эсебинен көрсөтүлүүчү медициналык жардам
25. Жогорку технологиялык жана дарылоонун кымбат баалуу методдоруна муктаж жарандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте Медициналык жардамдын жогорку технологиялык фондунун каражатынын эсебинен жарым-жартылай же толук төлөө менен дарылана алышат.
§ 6. Стоматологиялык жардам
26. Стоматологиялык жардам стоматологиялык поликлиникалар жана үй-бүлөлүк медицина жана жалпы дарыгерлик практика борборлорунун стоматологиялык бөлүмдөрү (кабинеттери) тарабынан көрсөтүлөт.
27. Бардык жарандар үчүн стоматологиялык жардамдын төмөнкү түрлөрү бекер көрсөтүлөт:
- калкты тиш жана ооздун ичинин былжырлуу кыртышына камкордук көрүү боюнча санитардык-гигиеналык таалимдерге окутуу;
- мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги балдардын, жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулардын, кош бойлуулук боюнча каттоого турган аялдардын оозунун ичин алдын алуучу текшерүү иштери;
- шашылыш стоматологиялык жардам, зарыл болгон дары-дармектик камсыздоо менен бирге;
- ооздун ичинин санациясы – 10 жашка чейинки балдарды кошо алганда, 70 жаштагы жана андан улуу курактагы пенсионерлерге, кош бойлуулук боюнча чыныгы жашаган жеринде каттоого (приписка) турган аялдарга.
28. Амбулатордук шарттарда адистештирилген стоматологиялык жардам жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген Баалардын прейскурантына ылайык көрсөтүлөт.
§ 7. Дарылык жана вакциналык камсыздоо
29. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын дары менен камсыздалышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасындагы жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине ылайык республикалык бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, ошондой эле калктын медициналык кызматтар үчүн кошо төлөөлөрүнүн эсебинен саламаттык сактоо мекемелерин каржылоонун көлөмүндө аныкталат.
30. Дары-дармек менен камсыздоо төмөнкү учурларда берилет:
- кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардамды көрсөтүүдө;
- антирабикалык (кутурмага каршы) жардамды көрсөтүүдө;
- иммунопрофилактика учурунда;
- клиникалык көрсөткүчтөр боюнча айрым бир оорулардагы амбулатордук деңгээлде;
- стационардык жардам көрсөтүүдө.
31. Кечиктирилгис/шашылыш медициналык жардам көрсөтүү учурунда бардык жарандар үчүн дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар бекер берилет.
32. Медициналык кабыл алуунун жүрүшүндө зарыл болгон манипуляциялар жана текшерүүлөр үй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору тарабынан сатылып алынуучу медикаменттерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
33. Кутурма оорусун жуктуруу коркунучу менен коштолгон эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча пациенттерге антирабикалык жардам көрсөтүү үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлик практика борборлорунда, стационарларда бекер жүргүзүлөт.
§ 8. Иммунопрофилактика
34. Улуттук профилактикалык эмдөөлөр календарынын жана саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн чегиндеги иммунопрофилактика/вакцинация бардык жарандар үчүн бекер өткөрүлөт.
35. Улуттук профилактикалык эмдөөлөр календарынын жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдүн чегиндеги иммунопрофилактика/вакцинация мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, үй-бүлөлүк медицина, жалпы дарыгерлик практика борборлору жана стационарлар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жарандарды айрым бир оорулар боюнча амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен бекер жана жеңилдетилген камсыздоо
36. Узак же дары каражаттарын такай колдонууну талап кылышкан өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек жагынан жардам төмөнкү ооруларда бекер берилет:
- инсулинге муктаж кант диабети;
- инсулинге муктаж эмес кант диабети;
- гемофилия;
- кургак учук.
Гемофилия оорусунан жабыркаган 16 жашка чейинки балдарүй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгерлик практика борборлору аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн нормаларга ылайык кан факторлорунун VIII/IX концентраттары менен амбулатордук деңгээлде бекер камсыз болушат.
Зарылчылык-каттоодо турган оорулуулардын санына жана өтүп жаткан жылдагы каржылоо көлөмүнө жараша бекитилген нормаларга ылайык аныкталат.
Гемофилия оорусу менен жабыркаган балдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо мекемелеринин адистештирилген стационардык бөлүмдөрү аркылуу кан факторлорунун концентраттарын берүүгө жол берилет.
37. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүүнүн нормаларына ылайык үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгерлик практика борборлору аркылуу, Бишкек шаарында – шаардык эндокринологиялык диспансер аркылуу бекер берилет.
Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. Фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгерлик практика борборлорунун адистери тарабынан жазылып берилген жеңилдетилген рецепттин негизинде ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүү нормаларына ылайык дарыканалар түйүнү аркылуу дары каражаттары менен камсыз болуучулар:
- параноиддик шизофрения оорулуулар;
- ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар менен ооругандар;
- талма оорулуулар;
- бронханын астмасы менен ооругандар;
- гипертониялык оору менен ооругандар;
- терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогоруда саналган оорулуулардын категориялары үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунун/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун финансы каражаттарынын отчеттук мезгилде калган суммасынын чегинде жеңилдетилген рецепттерди кошумча жазып берүүгө жол берилет.
Аталган оорулардагы жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болуу укугуна үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу 14 орундуу персоналдык идентификациялык номуру (ПИН) бар жарандар ээ. Онкологиялык оорулуулар үчүн пациенттин ким экендигин тактаган документти персонификациясыз көрсөтүүгө уруксат берилет. Мындай учурда пациентти персонификациялоо саламаттык сактоо мекемелеринин сурам/арыздарынын негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан оперативдүү түрдө жүзөгө ашырылат. Жеңилдиктер дары каражаттарынын белгиленген базистик баасынын 50 пайызы өлчөмүндө жеңилдиктер берилүүчү гипертониялык оору менен ооругандардан тышкары дары каражаттарынын белгиленген базистик баасынын 100 пайыз өлчөмүндө берилет.
Айыл жергесинде наркотиктүү, психотроптук жана таасири күчтүү дары каражаттарын сатуу укугуна ээ дарыкана мекемелери жок болсо, үй-бүлөлүк медицина борборлору же жалпы дарыгерлик практика борборлору милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча терминалдык даражадагы онкологиялык оорулар, параноиддик шизофрения, ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар, бронханын астмасы менен жабыркашкан оорулууларды дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун же жалпы практика борборлорунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен бекер камсыз кыла алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
39. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыз-дандырылган жарандар дары каражаттары менен милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын негизинде дарыкана тармагы аркылуу камсыз кылынышат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары каражаттарынын тизмеси Жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлөт. Бул тизмеге Жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарынын тизмесине киргизилбеген генерикалык аталыштардын болжол менен 10 пайызын түзгөн дары каражаттарынын кошумча киргизилиши мүмкүн.
40. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 38, 39-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдик категорияларындагы рецепттерди жазып берүү, дары каражаттарын берүү жана төлөө эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Стационардык жардам көрсөтүү учурунда дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоо
41. Жарандарды стационардык шарттарда дары-дармек менен камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, атайын каражаттардын, кошо төлөөлөрдүн, гуманитардык жардамдардын, ошондой эле Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугунун негизинде саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси тарабынан бекитилүүчү дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмесинин чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
42. Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмесине стационардын профили менен спецификасына ылайык Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген генерикалык дары каражаттарынын санынын 20 пайызына чейинки дары каражаттары киргизилиши мүмкүн. Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмеси Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесин кайрадан карап чыгууга жараша кайра каралат.
Саламаттык сактоо мекемелеринде дары каражаттарын сатып алуу мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.
43. Генерикалык аталыштар боюнча дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды жазып берүү стационардык бейтаптын медициналык картасында көрсөтүлөт.
44. Саламаттык сактоо мекемелери дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын бардыгы тууралуу маалыматын бейтап көрө ала турган жерге жайгаштырылышын камсыз кылат.
45. Эгерде пациентти дары менен камсыздоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген дарылоонун орточо наркынан үч эсе көптүк кылса, жеңилдиктерге карата укуктардын бар экендигине карабастан стационардын дарылоо-контролдоочу комиссиясы дарылоону пациенттин каражатынын эсебинен улантуу үчүн дары каражаттарына кошумча чыгымды төлөө тууралуу чечим кабыл алуусу мүмкүн.
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын
жүзөгө ашырылышын баалоо жана мониторинг өткөрүү
46. Мамлекеттик кепилдиктер программасын баалоо жана ага мониторинг өткөрүү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бейтаптарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын натыйжалуулугу менен сапатын баалоо, бейтаптардын көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын алгылыктуулугу жана сапаты тууралуу оюн билүү үчүн саламаттык сактоо мекемелери менен болгон келишимдерди аткаруу боюнча клиникалык колдонмо/протоколдордо чагылдырылган индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.
§ 9. Паллиативдик жардам
35-1. Паллиативдик жардам инкурабелдик оорулууларга дене-бой же психологиялык мүмкүнчүлүктөрү олуттуу чектелген жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психосоциалдык жардамга, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында узакка башка бирөөнүн багуусуна муктаж болгон оорунун терминалдык (өмүр менен өлүмдүн ортосундагы чектелүү абал) стадиясында көрсөтүлөт.
Паллиативдик жардам көрсөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жарандарды айрым бир оорулар боюнча амбулатордук деңгээлде дары-дармек менен бекер жана жеңилдетилген камсыздоо
36. Узак же дары каражаттарын такай колдонууну талап кылышкан өнөкөт оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек жагынан жардам төмөнкү ооруларда бекер берилет:
- инсулинге муктаж кант диабети;
- инсулинге муктаж эмес кант диабети;
- гемофилия;
- кургак учук.
Гемофилия оорусунан жабыркаган 16 жашка чейинки балдар үй-бүлөлүк медицина борборлору/үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгерлик практика борборлору аркылуу милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарынын эсебинен ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн нормаларга ылайык кан факторлорунун VIII/IX концентраттары менен амбулатордук деңгээлде бекер камсыз болушат.
Зарылчылык-каттоодо турган оорулуулардын санына жана өтүп жаткан жылдагы каржылоо көлөмүнө жараша бекитилген нормаларга ылайык аныкталат.
Гемофилия оорусу менен жабыркаган балдарга шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн саламаттык сактоо мекемелеринин адистештирилген стационардык бөлүмдөрү аркылуу кан факторлорунун концентраттарын берүүгө жол берилет.
37. Дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүүнүн нормаларына ылайык үй-бүлөлүк медицина борборлору, үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, жалпы дарыгерлик практика борборлору аркылуу, Бишкек шаарында - шаардык эндокринологиялык диспансер аркылуу бекер берилет.
Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды эсепке алуу, сактоо жана берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.
38. Фельдшердик-акушердик пункттардын фельдшерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, жалпы дарыгерлик практика борборлорунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык психикалык ден соолук борборунун адистери тарабынан жазылып берилген жеңилдетилген рецепттин негизинде ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн берүү нормаларына ылайык дарыканалар түйүнү аркылуу дары каражаттары менен камсыз болуучулар:
- параноиддик шизофрения оорулуулар;
- ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар менен ооругандар;
- талма оорулуулар;
- бронханын астмасы менен ооругандар;
- терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.
Жогоруда айтылган, ушул пунктта көрсөтүлгөн категориядагы оорулуулар үчүн үй-бүлөлүк медицина борборлорунда/үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда отчеттук мезгилде финансы каражаттары болсо, ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 3-тиркемесинде келтирилген дары каражаттарын жазып берүүнүн нормалары 2 эсеге чейин жогорулатылышы мүмкүн.
Аталган оорулардагы жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз болуу укугуна үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу 14 орундуу персоналдык идентификациялык номуру (ПИН) бар жарандар ээ. Онкологиялык оорулуулар үчүн пациенттин ким экендигин тактаган документти персонификациясыз көрсөтүүгө уруксат берилет. Мындай учурда пациентти персонификациялоо саламаттык сактоо мекемелеринин сурам/арыздарынын негизинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистери тарабынан оперативдүү түрдө жүзөгө ашырылат. Жеңилдиктер дары каражаттарынын 100 пайыздык белгиленген базистик наркы өлчөмүндө берилет.
Айыл жергесинде наркотиктүү, психотроптук жана таасири күчтүү дары каражаттарын сатуу укугуна ээ дарыкана мекемелери жок болсо, үй-бүлөлүк медицина борборлору же жалпы дарыгерлик практика борборлору милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча терминалдык даражадагы онкологиялык оорулар, параноиддик шизофрения, ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар, бронханын астмасы менен жабыркашкан оорулууларды дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунун же жалпы практика борборлорунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен бекер камсыз кыла алышат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган жарандар дары каражаттары менен милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасынын негизинде дарыкана тармагы аркылуу камсыз кылынышат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дары каражаттарынын тизмеси Жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлөт. Бул тизмеге Жашоо үчүн маанилүү болгон дары каражаттарынын тизмесине киргизилбеген генерикалык аталыштардын болжол менен 10 пайызын түзгөн дары каражаттарынын кошумча киргизилиши мүмкүн.
40. Ушул Мамлекеттик кепилдиктер программасынын 38, 39-пункттарында көрсөтүлгөн жеңилдик категорияларындагы рецепттерди жазып берүү, дары каражаттарын берүү жана төлөө эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
4. Стационардык жардам көрсөтүү учурунда дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыздоо
41. Жарандарды стационардык шарттарда дары-дармек менен камсыз кылуу мамлекеттик бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынын, атайын каражаттардын, кошо төлөөлөрдүн, гуманитардык жардамдардын, ошондой эле Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесинин негизинде түзүлүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугунун негизинде саламаттык сактоо мекемесинин жетекчиси тарабынан бекитилүүчү дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмесинин чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
42. Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмесине стационардын профили менен спецификасына ылайык Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесине кирген генерикалык дары каражаттарынын санынын 20 пайызына чейинки дары каражаттары киргизилиши мүмкүн. Дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын оорукана тизмеси Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын тизмесин кайрадан карап чыгууга жараша кайра каралат.
Саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын сатып алуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарына ылайык, саламаттык сактоо уюмдарынын керектөөлөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт. Мында кошумча тизме боюнча дары каражаттарын сатып алуу дары каражаттарын сатып алууга багытталган каражаттардын жалпы жылдык өлчөмүнүн жана жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесинин он пайызынан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
43. Генерикалык аталыштар боюнча дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдарды жазып берүү стационардык бейтаптын медициналык картасында көрсөтүлөт.
44. Саламаттык сактоо мекемелери дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын бардыгы тууралуу маалыматын бейтап көрө ала турган жерге жайгаштырылышын камсыз кылат.
45. Эгерде пациентти дары менен камсыздоого кеткен иш жүзүндөгү чыгымдар милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген дарылоонун орточо наркынан үч эсе көптүк кылса, жеңилдиктерге карата укуктардын бар экендигине карабастан стационардын дарылоо-контролдоочу комиссиясы дарылоону пациенттин каражатынын эсебинен улантуу үчүн дары каражаттарына кошумча чыгымды төлөө тууралуу чечим кабыл алуусу мүмкүн.
5. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жүзөгө ашырылышын баалоо жана мониторинг өткөрүү
46. Мамлекеттик кепилдиктер программасын баалоо жана ага мониторинг өткөрүү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бейтаптарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын натыйжалуулугу менен сапатын баалоо, бейтаптардын көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын алгылыктуулугу жана сапаты тууралуу оюн билүү үчүн саламаттык сактоо мекемелери менен болгон келишимдерди аткаруу боюнча клиникалык колдонмо/протоколдордо чагылдырылган индикаторлордун негизинде жүзөгө ашырылат.
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 1-тиркеме |
Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча бекер жана жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категорияларынын
тизмеси
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 302, 2017-жылдын 3-мартындагы № 136, 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636, 2021-жылдын 27-январындагы № 26 токтомдорунун редакциясына ылайык)
I бөлүм. Социалдык макамы боюнча амбулатордук деңгээлде жана стационарларда бекер медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категориялары
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун жана Баткен окуяларынын майыптары.
3. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүү боюнча согуштук иш-аракеттердин жүрүшүндө жабыр тарткан жана майып болушкан жарандар.
4. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы күжүрмөн эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган жарандар.
5. Концлагерлердин мурдагы туткундары.
6. Ленинград шаарынын блокадачылары.
7. 70 жаштан жогорку эмгек ардагерлери.
8. "Баатыр эне" ордени жана "Мать-героиня" ордени менен сыйлангандар.
9. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында күч менен мыйзамсыз түрдө жумушчу колонналарына (эмгек армиясына) тартылышып, кийин реабилитацияланган жарандар.
10. Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин 3 даражасы менен сыйлангандар.
11. Социалисттик Эмгектин Баатырлары.
12. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамына ээ болгон, I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган жарандар.
13. Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук иш-аракеттердин катышуучулары.
14. Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыр тартышкан жарандар (радиациялык авариялардын кесепеттеринен улам пайда болгон оорулардан жапа чеккендер; 1986-1987-жылдары Чернобыль АЭСтеги авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдар; ошондой эле майып болуусу Чернобылдагы кыйроого байланыштуу экендиги аныкталгандар; 1988-1989-жылдары Чернобылдагы аварияда курман болгондордун жана Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар; Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен улам пайда болгон оорулардан каза болгондордун үй-бүлөлөрү; ажыратуу же көчүрүү аймагынан 1986-жылы Кыргыз Республикасына эвакуациялангандар (ыктыярдуу түрдө чыгып кеткендер), ошондой эле 1986-жылы жана андан кийинки жылдары көчүрүү зонасынан ыктыярдуу түрдө чыгып кеткендер; Чернобыль АЭСтеги авариядан кийин жашап турган аймагынан ыктыярдуу түрдө Кыргыз Республикасына көчүү укугу менен келгендер; аскер кызматчылары жана ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамынын көчүрүү зонасында, көчүү укугу менен жашоо зоналарында кызмат өтөшкөн адамдары; ажыратуу, көчүрүү жана жашап туруу зонасынан Кыргыз Республикасына көчүү укугу менен эвакуацияланышкан же көчүрүлүшкөн балдар жана 18 жашка чейинки өспүрүмдөр, анын ичинде эвакуация мезгилинде энесинин курсагында болгондор, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн жарандардын биринчи жана кийинки муундагы балдары).
15. Аскердик кызматтын милдетин аткаруу учурунда жаракат алып, майып болуп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер.
16. Курман болгон жана дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү (ата-энелери (атасы, энеси) пенсиялык куракка жеткенде, эгерде курман болгон адам алардын жалгыз баласы болсо; балдары он сегиз жашка чыккыча), ден соолугуна өтө оор, анча оор эмес жеңил зыян тартып, анысы соттук-медициналык экспертизанын тиешелүү корутундусу менен ырасталгандар; 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы, 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облусундагы, 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкек жана Нарын шаарларындагы, 2010-жылдын 13, 14, 19-майында Жалал-Абад облусундагы жана 2010-жылы Ош шаарындагы, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы июнь окуяларында алган травмалардын кесепетинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары таанылгандар.
17. Эмгектик, ошондой эле кесиптик же жалпы оорунун кесепетинен I жана II топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
18. Көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
19. Бала кезинен тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.
20. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдар.
21. 6 жашка чейинки курактагы балдар.
22. Мамлекеттик балдар үйүндө, үй-бүлөлүк балдар үйүндө (кабыл алган үй-бүлөлөрдө), жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугунан ажыраган балдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жетим балдар.
23. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн үй-интернаттарда жашашкан жарандар.
24. Чыныгы аскер кызматына чакырылуучу жана амбулатордук деңгээлде же стационардык шарттарда дарылоо үчүн аскердик-дарыгерлик комиссия тарабынан медициналык текшерүүгө жөнөтүлгөн жарандар.
25. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары, эгерде аскер кызматын өтөп жаткан мезгилде ведомстволук саламаттык сактоо мекемелеринде квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жок болсо.
26. ВИЧ/СПИД менен жашашкан адамдар.
27. Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары окууну бүткөнгө чейин, бирок алардын 18 жашка чейинки курагында гана, аз камсыз болушкан үй-бүлөдөгү 16 жашка чейинки курактагы балдар, социалдык өнүктүрүү органдарынан алынган маалымдаманы көрсөтүү менен.
28. 70 жаштан жогору курактагы пенсионерлер.
29. Баштапкы тергөөдөгү адамдар, ошондой эле жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар, пациенттин өмүрүнө коркунуч жаратуучу кечиктирилгис абал пайда болгон учурларда, эгерде аларга пенитенциардык системанын медициналык кызматтарында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин убактылуу кармоочу изоляторунда медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбосо.
30. Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үйүнүн, үй-интернаттардын 23 жашка чейинки бүтүрүүчүлөрү.
II бөлүм. Негизги оорунун клиникалык көрсөткүчтөрү боюнча амбулатордук жана стационардык деңгээлде бекер медициналык-санитардык жардам алуу укугуна ээ жарандардын категориясы
1. Кош бойлуулук боюнча каттоодо турган аялдар.
2. Кош бойлуулук патологиясы бар, стационардык дарылоодогу аялдар (негизги диагноз боюнча).
3. Социалдык жана медициналык көрсөткүчтөр боюнча бойдон алдыруу үчүн келишкен аялдар.
4. Төрөө үчүн келген аялдар.
5. Төрөттөн кийинки татаалдашуудан жапа чеккен аялдар, төрөттөн кийинки 10 аптанын ичинде.
6. Кургак учук менен ооругандар.
7. Бронханын астмасы менен ооругандар.
8. Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулуулар.
9. Психикалык бузулуу менен ооругандар (параноиддик шизофрения, өнөкөт жөөлүү менен байланышкан оорулар, ар кыл генездеги аффективдүү бузулуулар).
10. Эпилепсиядан жабыр тарткандар.
11. Кант диабетинен жабыр тарткандар.
12. Канттык эмес диабеттен жабыр тарткандар.
13. Өзгөчө жана карантиндик инфекциялардын (ич келте, паратиф, күйдүргү, чума) негизинде пайда болгон оорулардан жабыр тарткандар жана алар менен карым-катышта болгондор.
14. Кутурма оорусунан жабыркагандар жана оорулуу менен карым-катышта болуп, кутурма оорусун жуктуруп алуусу мүмкүн болгон адамдар.
15. Менингококктук менингиттен жабыркагандар.
16. Гемофилиядан жабыркагандар.
17. Лабораториялык изилдөө менен ырасталган жана ырасталбаган коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандар жана алар менен карым-катышта болгон адамдар.
III бөлүм Амбулатордук деңгээлде медициналык-санитардык жардамды акысыз алууга укуктуу жарандардын категориялары
1. Милдеттүү медициналык камсыздандыруусуна төгүмдөрдү төлөп жаткан иштеген жарандар.
2. ММК полиси бар адамдар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча төгүмдү өз алдынча төлөгөндөр.
3. Ай сайын социалдык жөлөк пул алуучу адамдар.
4. Дыйкан (фермердик) чарбалардын мүчөлөрү.
5. Курагы 70 жашка чейинки пенсионерлер.
6. 16 жашка чейинки курактагы балдар (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары - окууну бүткөнгө чейин, бирок алар 18 жашка чыкканга чейин).
7. Калкты иш менен камсыз кылуучу мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуздар.
8. Орто жана жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмдөрүнүн 21 жашка чейинки студенттери.
9. Аскер кызматчылары.
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 2-тиркеме |
Адистештирилген онкологиялык жана гематологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарынан тышкары Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кошумча төлөөнүн түрү | Республикалыктан башка стационарлар (сом менен) | Республикалык стационарлар (сом менен) | ||
Терапевттик профилдеги кошумча төлөө | Ооруканага жаткырууга жолдомо кат бар учурда | Минималдык деңгээл | 330 | 330 |
Орточо деңгээл | 840 | 1160 | ||
Максималдык деңгээл | 2650 | 2980 | ||
Хирургиялык профилдеги кошумча төлөө | Ооруканага жаткырууга жолдомо кат бар учурда | Минималдык деңгээл | 430 | 430 |
Орточо деңгээл | 1090 | 1510 | ||
Максималдык деңгээл | 3440 | 3870 | ||
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 21-тиркемеси |
Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Профили | Кошумча төлөөнүн түрлөрү | Стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) | Күндүзгү стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) |
1 | Терапевттик | Минималдык деңгээл | 1093 | 546 |
Орточо деңгээл | 4198 | 2099 | ||
Максималдык деңгээл | 6613 | 3306 | ||
2 | Хирургиялык | Минималдык деңгээл | 3188 | 1596 |
Орточо деңгээл | 12220 | 3055 | ||
Максималдык деңгээл | 14293 | 4810 |
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын 22-тиркемеси |
Адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында стационардык шартта медициналык кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн кошумча төлөөнүн деңгээли
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кошумча төлөөнүн түрлөрү | Стационарда дарыланууда кошумча төлөөнүн өлчөмү (сом менен) |
1 | Минималдык деңгээл | 330 |
2 | Орточо деңгээл | 1190 |
3 | Максималдык деңгээл | 4780 |
|
| Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына 3-тиркеме |
Айрым ооруларда дары каражаттарын берүүнүн нормалары
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
Оорунун аталышы | Дары каражаттын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | 1 бейтапка бир жылда берилүүчү норма | Сатып алуу үчүн жооптуу |
Инсулинге муктаж кант диабети | Инсулиндер, шприцтер | Керектөө боюнча | ССМ |
Инсулинге муктаж эмес кант диабети | Глибенкламид 5 мг | 5 куту (600 таблетка) | ССМ |
Канттык эмес диабет | Десмопрессин 5 мл | 20 флакон | ССМ |
Гемофилия | Криопреципитат 15 мг | 20 флакон | ССМ |
Кургак учук | DOTS программасы боюнча | Зарылдыгына жараша | ССМ |
Гемофилия менен ооруган 16 жашка чейинки балдар | VIII/IX фактордогу концентраттар | 6500 ME | ССМ |
Айрым ооруларда жеңилдетилген шарттарда дарыкана тармагы аркылуу дары каражаттарын берүүнүн нормалары
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Оорунун аталышы | Дары каражатынын жана медициналык багыттагы буюмдун аталышы | 1 оорулууга бир жылда берилүүчү норма |
1 | Терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулар | Кетопрофен, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 49000 мг |
Тримеперидин гидрохлориди, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 7500 мг | ||
же морфин гидрохлориди, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 5000 мг | ||
же трамадол, инъекция үчүн ампулалар, таблеткалар | 44000 мг | ||
2 | Психикалык оорулар (талма, шизофрения, аффективдүү бузулуулар) | Галоперидол, таблеткалар, инъекция үчүн ампулалар | 3200 мг |
Тригексифенидил, таблеткалар | 1000 мг | ||
Клозапин, таблеткалар, же хлорпромазин, таблеткалар | 17000 мг | ||
Амитриптилин, таблеткалар | 14500 мг | ||
Клоназепам, таблеткалар | 560 мг | ||
Фенобарбитал, таблеткалар, | 38000 мг | ||
же карбамазепин, таблеткалар | 140000 мг | ||
3 | Бронхиалдык астма | Сальбутамол, ингаляция үчүн аэрозоль | 100 мг |
Бекламетазон, ингаляция үчүн аэрозоль | 200 мг чоңдорго/100 мг балдарга | ||
Преднизолон, таблеткалар | 4100 мг | ||
4 | Гипертониялык оорулар | Бисопролол, таблеткалар | 3600 мг
|