Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 790
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Калкты социалдык коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724, 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү финансылык жылга ылайык бекитилген бюджеттин чегинде Мамлекеттик кепилдиктер программасынын каржыланышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- Бирдиктүү төлөөчүнүн системасында республикалык бюджет менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттары боюнча иштеп жатышкан саламаттык сактоо мекемелерин каржылоонун нормативдерин бекитилген көлөмдүн чегинде иштеп чыгышсын;
- бекитилген көлөмдүн чегинде финансылык тобокелдиктер менен иш жүзүндөгү чыгымдарды жабуу үчүн каражаттарды төмөнкүлөргө ылайык караштырышсын:
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде калкка санитардык жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү, бирок бюджети медициналык кызматтарды көрсөтүүгө кеткен чыгымды зарыл болгон көлөмдө жаппаган саламаттык сактоо мекемелерине;
шашылыш консультативдик медициналык жардам бөлүмдөрүнө (санитардык авиацияларга);
Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде калкка адистештирилген (наркологиялык, тери-венерологиялык жана кургак учукка каршы) жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоонун консультативдик-диагностикалык бөлүмдөрүнө;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борбору жана кургак учукка каршы күрөшүү боюнча облустук борборлор үчүн биологиялык материалдарды жана кургак учукка каршы препараттарды ташууну уюштурууга;
кургак учуктан жабыркаган жана стационардык жана санатордук кургак учукка каршы мекемелерде стационардык жардам алып жатышкан балдарды окутууну уюштурууга;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жарандарга медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары жөнүндө калктын жана медицина кызматкерлеринин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн;
- төмөнкүлөргө контролду камсыздашсын:
калкка диагностикалык жана медициналык жардам көрсөтүү учурунда республикалык бюджеттин, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун жана калктын кошумча төлөм каражаттарынын эсебинен сатылып алынган дары каражаттары менен медициналык багыттагы буюмдардын толук өлчөмдө пайдаланылуусуна;
толук өлчөмдөгү каржылоо шарты боюнча жыл аягында кредитордук карыздын түзүлүшүнө жол бербөөнү.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 388 «Кыргыз Республикасынын жарандарын 2013-2014-жылдары медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө» токтомунун 1-4 пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Т.А. Сариев |