Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-июну № 612-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин кызмат ордуна Жунушалиев Кашкар Астакановичтин талапкерлиги жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" № 440-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун сегизинчи абзацындагы "Турганбаев Мелис Токтомамбетовичтин" деген сөздөр "Жунушалиев Кашкар Астакановичтин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков |