Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1838-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-ноябры № 1055-VI
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 123-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
Жээнбеков Сооронбай Шарипович - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна;
Абулгазиев Мухамметкалый Дүйшекеевич - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Панкратов Олег Михайлович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Султанбекова Чолпон Аалыевна - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Разаков Жеңиш Парпиевич - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна;
Осмоналиев Акылбек Шарипович - Өкмөттүн Аппаратынын Жетекчисинин - Кыргыз Республикасынын министринин кызмат ордуна;
Кожошев Арзыбек Орозбекович - Кыргыз Республикасынын экономика министринин кызмат ордуна;
Касымалиев Адылбек Алешович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызмат ордуна;
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна;
Калилов Жамшитбек - Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин кызмат ордуна;
Ахметов Уран Түлөндиевич - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна;
Абдылдаев Эрлан Бекешович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна;
Исраилов Улан Жумабекович - Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна;
Боронов Кубатбек Айылчиевич - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна;
Батыралиев Талантбек Абдуллаевич - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна;
Казаков Түгөлбай Токтогулович - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызмат ордуна;
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна;
Исакунова Таалайкул Базаркуловна - Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна;
Зилалиев Дүйшөнбек Текшербекович - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Шаршембиев Бакыт Нуржанович - Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна;
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы;
Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат орду - Кыргыз Республикасынын Президентинин номенклатурасы.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине көрсөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө";
2016-жылдын 1-июнундагы № 612-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу";
2016-жылдын 29-июнундагы № 799-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
2016-жылдын 15-сентябрындагы № 888-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|