Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 566-VI
2015-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык 2015-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары - Улуттук борбор) баяндамасы эске алынсын (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде кармалган жашы жете электерге карата кыйноолорду колдонуу фактылары жөнүндө маалымат камтылган көрсөтүлгөн баяндаманын 4-бөлүгүн изилдесин, ар бир факт боюнча кеңири маалымат даярдасын жана бир айлык мөөнөттө аны Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетке берсин.
3. Улуттук борбор сунуштаган баяндаманын жыйынтыктары боюнча сунуштар кабыл алынсын жана аларды аткаруу төмөнкүлөргө тапшырылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттүү катышуусу менен кыйноолордон эркиндик укугун сактоого байланыштуу маселелерди жыйналышта жыл сайын карасын;
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы күрөшкө багытталган мыйзамдык, административдик, укуктук жана башка чаралар комплексин талкуулоого жана ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын күч аракетин бириктирсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-октябрындагы № 469 тескемеси менен бекитилген кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршылык көрсөтүү боюнча Иш-чаралар планынын алкактарында:
а) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйналышында кийин аларды кароо менен иш-чараларды аткаруунун өз ара жыйынтыктарына иликтөө жүргүзсүн жана баа берсин;
б) 2014-2015-жылдарга пландаштырылган иш-чараларды аткарбоо себептерин аныктасын жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери жөнүндөгү маселени карасын;
в) жарандык коомдун уюмдары жана эл аралык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенүүдө мөөнөтү өтүп кеткен иш-чараларды, ошондой эле мөөнөтү өтө элек иш-чараларды аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоону камсыз кылсын;
г) эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде кармоо шарттарын жакшыртууга багытталган иш-чаралар менен толуктасын;
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн шартталган учурларын табууда, каттоодо жана маалымдоодо мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын өз ара аракетинин бирдиктүү тартибин аныктаган ведомстволор аралык нускаманы иштеп чыксын;
- ИИМдин, ЖАМКнын, МУККнын ведомстволук медициналык кызматтары (параллелдүү медициналык кызматтар) жана башка ведомстволор тарабынан кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрү боюнча күч колдонууну натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык жетекчиликти колдонгондугу үчүн тикелей контролду камсыздасын;
- жабык мекемелердин медициналык персоналын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин карамагына этап боюнча өткөрүү жөнүндө маселени карасын;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш:
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнөн эркиндик укугун коргоо кепилдиктерин күчөтүүгө багытталган БУУнун адам укуктары боюнча механизмдеринин сунуштарын Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылышынын учурдагы статусуна баа берүүнү жүргүзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы:
- кыйнагандыгы үчүн жазык жоопкерчилиги каралган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 305-1-беренесине ылайык тиешелүү жосундарды туура квалификациялоону эске алуу менен укук колдонуу практикасын өркүндөтүүнү улантсын;
- кызыкчылыктар талаш-тартыштарынын ар кандай түрлөрү алып салынган натыйжалуу тергөө принциптеринин негизинде кыйноолор жөнүндө арыздарды өз мезгилинде, тыкыр жана көз карандысыз тергөөнү жүргүзүү үчүн жетиштүү ыйгарым укуктары берилген механизмди иштеп чыксын жана киргизсин;
- отчёттуулуктун ички саясатын жана ишке баа берүү критерийлерин кайра карасын жана прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан тиешелүү тергөө аракеттерин өз мезгилинде жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленгенде, башкача айтканда айыптоо өкүмүн түзүү менен ишти бүткөрүү перспективасынан улам эмес, критерийлердин өз мезгилдүүлүгүн, жетиштүү компетенциалдуулугун жана тыкыр изилденишин сактоо менен кыйноолор жөнүндө ар кандай кабарлар боюнча кылмыш иштерин козгоону камсыз кылсын;
- прокурорлор тарабынан камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын тандоо же ишти маңызы боюнча кароо жөнүндө маселени чечүүдө соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө айыпталуучуларга карата кыйноолорду колдонгондугу тууралуу арыздарды жана кабарламаларды милдеттүү кабыл алуу жана кароо жөнүндө жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыз кылсын;
- жашыруундуулук принцибин толук сактоо менен камакта кармалган жерлерде кыйноолорду колдонгондугу жөнүндө даттанууларды алуунун жана кароонун натыйжалуу механизмин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 40-беренесинин талаптарын сактоо максаттарында алгачкы текшерүү жана тергөө органдарынын кызматкерлери тарабынан физикалык күч колдонгондугу жөнүндө анын өзүнөн, анын жактоочусунан, тууганынан даттануу келип түшкөндө УКИге алып келинген шектелүүчүнүн же айыпталуучунун ар бирине медициналык милдеттүү күбөлөндүрүүнүн колдонулушу жөнүндө прокурордук көзөмөлдүн азыркы усулдарынын натыйжалуулук көз карашынан кайра карасын;
- Стамбул протоколунун принциптерине ылайык эксперттерге маселелерди коюуга жана экспертизалардын жыйынтыктарын баалоого тиешелүү кыйноолор жөнүндөгү арыздарды жана кабарламаларды текшерүүнү (тергөөнү) жүргүзүүдө соттук экспертизалардын дайындоо тартиби тууралуу усулдук көрсөтмөлөрдү иштеп чыксын;
- эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жерлерде мыйзамдардын аткарылышы үчүн контролду жана көзөмөлдү күчөтүү максаттарында сутканын түнкү мезгилдеринде Улуттук борбор менен бирдикте капысынан жана үзгүлтүксүз текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн туруктуу практикасын киргизсин;
- зарыл болгондо, кыйноолорду жана башка катаал мамиле жасоонун башка түрлөрүн ага карата колдонуу фактысы боюнча кайрылган адамдын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын токтоосуз кабыл алуу механизмин иштеп чыксын;
- укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорду жана башка катаал мамиле жасоонун түрлөрүн колдонуу фактылары боюнча андай иштерди күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартууга чейин жеткирүү көзөмөлүн күчөтсүн;
4) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- 2013-2017-жылдардын мезгилине карата ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча Аракеттер планынын алкактарында төмөнкүдөй маселелерди карасын:
а) ички иштер органдарынын ачык-айкындуулугун, алардын тышкы мамлекеттик жана коомдук контрол үчүн жеткиликтүүлүк деңгээлин жогорулатуу;
б) коомдук коопсуздукту, ошондой эле жарандык контролду жана укук коргоо органдарынын ишине баа берүүнү камсыздоо боюнча өнөктөштүк өз ара аракеттер чөйрөсүндө жарандык коомдун институттары менен ички иштер органдарынын ортосунда кызматташуунун жаңы механизмдерин жандандыруу жана иштеп чыгуу;
в) ички иштер органдарынын ишине баа берүү критерийлерин иштин бетин ачуу пайызына эмес, коомдук ишеним жана коопсуздук багытына иш жүзүндө өзгөртүү;
г) инсанды жана коомду кылмыштык кол тийүүлөрдөн коргоону камсыз кылууга күч аракеттерди топтоштуруу;
д) кадр ишинде, компетенттүү адистерди тандоодо алардын моралдык-этикалык сапаттарын эске алуу менен терс факторлорду болтурбоо;
е) ички иштер органдарынын кызматкерлерин, атап айтканда оперативдүү-издөө кызматтарынын жана камакта кармоо шарттарын камсыз кылган кызматтардын кызматкерлерин андай кадрларды тандоодо моралдык жана кесиптик сапаттарынын артыкчылыктарын эске алуу менен укуктук тарбиялоо жана билим берүү тутумун кайра кароо жана туруктуу өркүндөтүү;
ё) ички иштер органдарынын кадрларын баштапкы даярдоонун, кайра даярдоонун жана кесибин жогорулатуунун тиешелүү эл аралык стандарттарына ылайык келген окуу программаларын киргизүү;
- видеокөрүнүштү жазып алуу менен көзөмөлдөөчү прокурорду онлайн-жеткиликтүүлүгү менен камсыздоо аркылуу УКИде көрмө байкоо тутумунун иштөө тартибин жөнгө салган ченемдерди иштеп чыгуу. Видео жазып алуу материалдарына документтердин отчёттуулук мүнөзүн берүү;
- УКИде камакта кармалган адамдарды медициналык тейлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргелешкен аракеттерди координациялоону камсыз кылуу;
- аял жынысындагы кызматкерлерди УКИнын штатына киргизүү жөнүндө маселени кароо;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- күч колдонууну натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык жетекчиликке ылайык киргизилүүчү менчиктин түрүнө жана документациялоонун ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлери тарабынан жол-жоболоштуруу сапатынын мониторинг тутумун иштеп чыксын.
6) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тиешелүү кызмат адамдары:
- күч колдонууну натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык жетекчиликти колдонуу боюнча иштерди жүргүзүүдө Улуттук борборго жана медициналык кызматкерлерге көмөк көрсөтүшсүн;
- оперативдүү-издөө аракеттерин жүргүзүүнүн укук ченемдүүлүгүнө баа берүүгө мүмкүндүк бербеген тергөө аракеттерин бөлмөлөрдө жана башка жерлерде жүргүзүүнү алып салсын, мыйзамдардын процесстик ченемдеринин убактыларын сактасын;
- Улуттук борбордун ишин жүзөгө ашырууга тоскоолдуктарга жол бербесин;
7) Улуттук борбор Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте:
- күч колдонууну натыйжалуу документтештирүү боюнча Практикалык жетекчиликти аткарууну ойдогудай деңгээлде камсыздоого өбөлгө түзгөн ведомстволор аралык ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына жана ишке ашырылышына контролду жүзөгө ашырсын;
- зордук-зомбулук фактыларына, кыйноолорду колдонгондугу жөнүндө жарандардын арыздарына жана кайрылууларына өз мезгилинде маани берүүнү жана тактоону камсыз кылсын;
- Улуттук борбордун кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзсүн;
- кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча тиешелүү, мамлекеттик органдар менен Улуттук борбордун өз ара иштөө аракеттерин күчөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 17-июлундагы "2014-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директорунун ар жылдык баяндамасы жөнүндө "№ 5250-V токтомунун 2-пунктунун 1-6-пунктчаларында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары аталган токтом менен кабыл алынган Улуттук борбордун сунуштарын ишке ашыруу боюнча иштерди улантсын.
5. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн бардык мамлекеттик органдар кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча кабыл алынган сунуштарды ишке ашыруу боюнча маалыматты ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна берсин.
6. 2015-жыл үчүн кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан кабыл алынган сунуштарды ишке ашыруунун мониторингин жүргүзсүн жана кезектеги ар жылдык баяндаманы Жогорку Кеңешке киргизүүдө маалымат берсин.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |