Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 23-октябры № 469-б
Кыргыз Республикасында кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы аракеттенүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- белгиленген тартипте Иш-чаралардын планынан келип чыккан тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топту түзсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берсин.
3. Иш-чаралардын планын аткарууга тартылган мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-чаралардын планын аткаруу боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берсин.
4. Иш-чаралардын планын ишке ашыруу тиешелүү жылга республикалык бюджетте министрликтерди, мамлекеттик комитетти жана администрациялык ведомстволорду каржылоого каралган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чегинде камсыздалсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
Тиркеме
№ | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Эскертүү |
I. Ченемдик укуктук базаны жакшыртуу | ||||
11 | КР ЖПКсынын 155-беренесине төмөнкү жол-жоболорду караштырган 4-бөлүк менен ("Кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү милдеттүү кабыл алуу жана кароо'') толуктоо киргизүү мүмкүндүгүн кароо: соттук териштирүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларынын кимдир-бирөөсү тарабынан жасалган кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү соттук отурумдун протоколуна киргизилет жана соттук өндүрүшкө чейинки стадияда аларды текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар иштин материалдарында жок болсо ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди аткарууну камсыздоо үчүн прокурорго жөнөтүлүп, бул тууралуу сот аныктама чыгарат. Соттук териштирүү жалпы тартипте улантылат. | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Кылмыш жөнүндө арызды жана билдирүүнү кароонун мындай жол-жобосу КР ЖПКсынын 156-беренесине ылайык ар тараптуу, толук текшерүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет |
22 | КР ЖПКсынын 40-беренесинин ("Шектүүнүн укуктары жана милдеттери") 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4, 5, 6, 7, 8, 9-пункттарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо: (1) шектүү төмөнкүлөргө укуктуу: 1) Ал эмнеге шектелип жатканын жана ошондой эле аны иш жүзүндө кармаган учурдан тартып кармоонун себептерин билүүгө; 2) жазык иши козголгондугу тууралуу токтомдун. кармоо протоколунун көчүрмөсүн алууга; 4) жеке өзүн коргоого жана иш жүзүндө кармалган күндөн тартып адвокаттын укуктук жардамынан пайдаланууга; 5) үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жок учурда - туугандарынын бири же өз каалоосу менен башка адамга өзүнүн кармалганы жана жаткан жери жөнүндө кабарлоо максатында телефон аркылуу бир жолу бекер сүйлөшүүгө; 6) өзүнө, жубайына, башка жакын туугандарына жана мыйзам менен аныкталган адамдарга каршы көрсөтмө бербөөгө жана өзүн күнөөлүү деп эсептебөөгө; 7) иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 46 саат өткөнгө чейин аны кармоонун мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко жеткирилүүгө же тергөөчүнүн токтому боюнча бошонууга; 8) кармоонун бардык мөөнөтүндө шектүүнүн талабы боюнча камсыздалышы керек болгон. дарыгердин жардамына жана медициналык күбөлөндүрүүгө; 9) сот же прокуратура органдары тарабынан кармалуунун мыйзамсыздыгы таанылган учурда, кайра калыбына келтирүүгө - материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга укугу бар | 2015-жылдын1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | 4) адвокаттын катышуусун камсыз кылууга мүмкүн болбогон алыскы, жетүүгө кыйын болгон райондордо иш жүзүндө кармоо учурлары мүмкүн; 5) эгерде шектүү кылмышка кошо катышкандарга белги берүү үчүн аны пайдалангандыгын болжолдоого жеткиликтүү негиз болгон учурда, бул укукту берүүдөн баш тартуу мүмкүндүгүн карайт; 7) алыскы. жетүүгө кыйын болгон райондордо шектүүнү иш жүзүндө кармоо учурунда убакыт менен кыйынчылыктын пайда болуу мүмкүндүгү |
33 | КР ЖПКсынын мамлекетте кыйноону колдонуу коркунучуна туш болуучу, аны берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөн жазык жоопкерчилигине тартуу же өкүмдү аткаруу үчүн адамдарды берүүгө тыюу салган 434-беренесине толуктоо киргизүү маселесин кароо. | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Бул толуктоо мүмкүн болгон кыйноолорду колдонуудан качууга мүмкүндүк берет |
44 | КР ЖПКсынын 99-беренесине ("Кармалгандыгы жөнүндө шектүүнүн туугандарына кабарлоо") өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн кароо: (1) Иш жүзүндө кармоо учурунда, алгачкы текшерүү органы, тергөөчү шектүүнүн, айыпталуучунун кармалгандыгы тууралуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине, ал эми алар жокто - туугандарынын же жакын адамдарынын бирине кабарлоого, же шектүүнүн өзүнө бекер кабарлоого мүмкүндүк берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча иш жүзүндө кармоо учурунда кабарлоого мүмкүндүк болбосо, мындай мүмкүндүк шектүү, айыпталуучу алынып келгенден кийин алгачкы текшерүү органына тезинен берилиши керек. Жүргүзүлгөн кабарлоо жөнүндө кармоо протоколуна белги коюлат. (2) Эгер шектүү, айыпталуучу башка мамлекеттин жараны болсо, ал мамлекеттин элчилиги же консулдугу ушул берененин биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте кабарландырылышы керек, ал тууралуу кармоо протоколуна белги коюлат | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | (1) Эгерде шектүү кылмышка кошо катышкандарга белги берүү үчүн аны пайдалангандыгын болжолдоого жеткиликтүү негиз болсо, шектүүнүн өзүнө бул укукту бергенде жүйөлүү баш тартуу мүмкүндүгүн кароо |
55 | КР ЖПКсынын 95-беренесине ("Кылмыш жасоодо шектелүүчү адамдарды кармоо тартиби") өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу: (1) Кылмыш жасоодо шектүү адамдын кармалгандыгы жөнүндө протокол ал иш жүзүндө кармалган учурда түзүлөт. Эгерде иш жүзүндө кармалган учурда объективдүү себептер боюнча протокол түзүүгө мүмкүн болбосо, шектелүүчү алгачкы текшерүү (тергөө) органына жеткирилгенден кийин протокол тезинен түзүлөт. Кандай болсо дагы, иш жүзүндө кармалган учурда шектенүүгө, ал эмнеге шектелип жатканы айтылышы керек, ошондой эле өзүнө каршы көрсөтмө бербөө укугу жана адвокаттын укуктук жардамынан пайдалануу укугу түшүндүрүлүшү керек (2) Эгерде кармоо алгачкы текшерүү органы тарабынан жүргүзүлсө. анда шектелүүчү тергөөчүгө тезинен жеткирилет жана иш жүзүндө кармалган убактысы жана тергөөчүгө жеткирилген убактысы протоколго белгиленет. (3) Кармоо жөнүндөгү протоколдо анын түзүлгөн датасы жана орду. протоколду түзгөн адамдын аты-жөнү, шектүүнүн инсандыгы жана анын кармоо учурундагы ден соолугунун абалы жөнүндө маалыматтар, негиздер жана жүйөлөр, кармалган орду жана убактысы (саатын. мүнөтүн көрсөтүү менен), ушул Кодекстин 40-беренесинде каралган шектүүнүн укуктарынын түшүндүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар, жеке тинтүүнүн натыйжалары көрсөтүлөт. Шектүү алгачкы текшерүү (тергөө) органына жеткирилгенден кийин кармоо жөнүндө протокол түзүлгөн учурда, анда шектүү иш жүзүндө кармалган учурда протокол түзүлбөй калгандыгы боюнча объективдүү себептер көрсөтүлүшү керек. (4) Кармоо жөнүндө протоколго алгачкы текшерүү, тергөө органынан өкүлдөнүүчү ыйгарым укуктуу адам. кызматтык адам кол коёт. Муну менен кармалган адам, анын адвокаты өз колу менен иш жүзүндө кармалган так убактысын, шектүүнү алгачкы текшерүү, тергөө органына жеткирүү убактысын так көрсөтөт жана протоколго кол коет. 5) Укуктарынын жана милдеттеринин тизмеси менен протоколдун көчүрмөсү кармалган адамга тезинен берилет жана он эки сааттын ичинде прокурорго тапшырылат. Шектүү суралганга чейин анын өтүнүчү боюнча адвокат менен жалгыз жана жашыруун жолугушуусу камсыздалат. Ишти карап жаткан тергөөчү шектүүнүн туугандары менен дароо же кайрылган учурда бир жолу жолугууга уруксат берет. Шектүүнүн катышуусу менен болгон процесстик аракеттердин өндүрүшүнүн зарылдык учурунда, жолугушуунун бир саатка чейинки узактыгы шектүүгө жана анын жактоочусуна бул жөнүндө алдын ала кабарлоо милдети менен тергөөчү тарабынан чектелиши мүмкүн. 6) Протоколго алгачкы текшерүү (тергөө) органынын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан, шектүүнү алгачкы текшерүү (тергөө) органына жеткирүүнүн так убактысын көрсөтүү менен кол коюлат. 7) Шектүү иш жүзүндө кармалган учурдан тартып 46 сааттын ичинде анын кармалганынын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн сотко милдеттүү түрдө жеткирилиши керек. 8) Сотко кармалганына даттанган учурда шектүүнүн даттануусу кармалганды кармаган жердин начальниги тарабынан тез арада сотко жөнөтүлөт. Даттануу сот тарабынан, эгерде ал билдирилсе. бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө тергөөчүнүн өтүнүчү же ушул Кодексте каралган эрежелер боюнча кармоонун мыйзамдуулугун текшерүү менен бир учурда каралат | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор мүмкүн болгон кыйноолордун алдын алууга мүмкүндүк түзөт |
66 | Эгерде тараптар башка нерселер тууралуу сүйлөшпөсө, медиация процессинин жүрүшүндө ага белгилүү болгон кырдаалдар жөнүндө медиатор күбө катары суракка жатпагандыгын караган КР ЖПКсынын 60-беренесине ("Күбө") толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Эгерде медиатор күбө катары иш боюнча суралса, анда бул ага карата айыпталуучу тарабынан дагы, жабырлануучу тарабынан дагы ишенбөөчүлүктү пайда кылат, ушуга байланыштуу ал өз милдетин аткара албайт |
77 | "Соттолуучуну актаганда, ошондой эле жазасын белгилебестен, же жаза өтөөдөн бошотуу, же шарттуу соттоо, же эркинен ажыратууга байланышпаган жазага соттоо, же жазык ишинин өндүрүшүн токтотуу айыптоо өкүмүнүн токтомунда, камакка алынган соттолуучу өкүм мыйзамдык күчүнө киргенден кийин тезинен бошотулары" жөнүндө жобону алып салган жана тез арада бошотууну камтыган КР ЖПКсынын 325-беренесине ("Соттолуучуну камакка алуудан бошотуу") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
|
88 | Айыпталуучунун, шектүүнүн көрсөтмөлөрүнүн видеожазуусун тергөөдө милдеттүү колдонууну караган КР ЖПКсына толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ |
|
99 | Айыпталуучунун кыйноону колдонууда милдеттүү түрдө кызматтан четтетүүгө жатарын белгилеген КР ЖПКсынын 118-беренесине ("Кызматтан убактылуу четтетүү'') өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Кыйнагандыгы үчүн айыпталганды ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү ишти объективдүү териштирүүгө мүмкүндүк түзөт |
110 | Жазык процессинин бардык стадияларында. өзгөчө шектүү адамдар, алар камакта жаткан мезгилинде, ошондой эле ал УКЖнын чегинен чыгарылган учурда. ТКЖга пайда келген учурда, көз карандысыз медициналык экспертизага өз убагында алынуусунун кепилдигин белгилеген КР ЖПКсына жана "Кылмыштарды жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө долбоорду иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Сунушталуучу иш-чара кыйноолорду өз убагында табууга. ачууга, окуялардын жагдайларын объективдүү изилдөөнү камсыз кылат |
11 | Камакта жаткан адамдардын жактоочусуна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына. Акыйкатчыга (Омбудсменге), ошондой эле адам укуктары боюнча эл аралык органдарга жазган каттарын цензуралоого абсолюттук тыюу салууну белгилеген '"Кылмыш жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Сунушталуучу иш-чара кыйноолордун алдын алууга. табууга, бөгөт коюуга мүмкүндүк түзөт |
12 | Министрликтердин жана ведомстволордун ведомстволук актыларына УКЖда. ТКЖда жаткан адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин, аларды кармоо шарттарын, УКЖда. ТКЖда болуу эрежелерин, тартип бузгандыгы үчүн таасир этүү ыкмаларын, даттанууларды кароо тартибин козгогон бардык документтерден жашыруундуулукту чектөөчү грифтерди алып салуу максатында текшерүү жүргүзүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | УКМК, ИИМ, ЖАМК | Жашырындуулукту чектөөчү грифтерди алып салуу жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо маселесинде ачык-айкындыкты камсыздайт, бул прокурордук көзөмөлдүн натыйжалуулугун жана жарандык коом тарабынан контролду жогорулатат |
13 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-ноябрындагы № 875, 2006-жылдын 2-февралындагы № 57, 2012-жылдын 9-октябрындагы № 682, 2012-жылдын 31-октябрындагы № 760 токтомдору менен бекитилген Баңгизаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын убактылуу кармоо жайларынын ички тартибинин эрежесин, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын убактылуу кармоо жайларындагы ички тартибинин эрежесин жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак жайларынын ички тартибинин эрежесин эл аралык стандарттардын адамдарды татыктуу, гумандуу жана коопсуз кармоону камсыздоо бөлүгүнө, анын ичинде Кыйноого жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадырын-баркын кемсинтүүчү мамилелердин түрлөрүнө жана жазалоолорго каршы БУУнун конвенциясына жана "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ. УКМК, БКМК | Сунушталуучу иш-чара УКЖда кармалгандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт |
14 | УКЖ, ТКЖга келип түшкөн учурда, ошондой эле тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн УКЖдан, ТКЖдан чыгаргандан кийин аларды кайра алып келгенде камактагылардын ден соолугунун абалын жана денесине залал келтирүүнүн бардыгын белгилөө үчүн Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү формасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, ССМ |
|
15 | Укук бузуу фактылары боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу, аларды ар тараптуу жана объективдүү текшерүү, даттанууларды өз убагында алууну уюштуруу, камактагыларды жана эркинен ажыратылгандарды кармоо орундарында даттануулар үчүн жабык жашиктерди орнотууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Ведомстволор аралык жумушчу топ | Жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушунун объективдүү картиналарын белгилөө |
II. Маалыматтык-агартуучу иш-чаралар | ||||
16 | Кармоо жүргүзгөн жана укук коргоо органдарына жеткирилген адамдар тууралуу, изоляторго киргизүү, камакка алуу, изолятордун ичинде жана анын тышында орун алмаштыруу маалыматтарын көрсөтүү менен, кармалгандардын жана камакка алынгандардын бардыгынын борбордук электрондук реестрин (маалыматтар базасын) жүргүзүүнүн тажрыйбасын жана практикасын изилдөө. Жыйынтыгы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын январы | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК | Бул иш-чара кыйноолордун алдын алууга, табууга, бөгөт коюуга мүмкүндүк берет |
17 | Адам УКЖга келип түшкөндө кармалгандардын укуктары. УКЖдагы ички тартип эрежелери, тартипти бузганда көрүлүүчү аракеттердин мүнөзү, тартипке чакыруунун таасир этүү чаралары, аларды колдонууга даттануунун тартиби, башка бардык маселелер боюнча даттанууларды берүүнүн жол-жоболору жөнүндө маалыматты жазуу жүзүндө берүү | Дайыма | ИИМ, УКМК, БКМК | Бул иш-чара кармалгандарды алардын укуктары жөнүндө кабардар кылат, бул алардын укуктары бузулган учурда даттануу жана кайрылуулары үчүн мүмкүндүк түзөт |
18 | УКЖнын ар бир камерасында укуктар жана эрежелер жөнүндө маалымат менен маалымат тактачаларын (плакаттарды) кыргыз жана орус тилдеринде (мүмкүнчүлүккө жараша башка тилде дагы) жайгаштыруу жана алардын тиешелүү абалын камсыздоо | Дайыма | ИИМ, УКМК, БКМК | Көрсөтүлгөн маалыматка ээ болуу менен, УКЖда кармалган адамдар, көрсөтүлгөн талаптардын алкагында өздөрүн кантип алып жүрүү керектигин билип калышат |
19 | Башкы прокуратура, ИИМ, УКМК, БКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК кызматкерлеринин жана соттордун кыйноолорду колдонууга тыюу салуучу эл аралык стандарттардын, кыйноону, ырайымсыз мамилелерди териштирүү тартибин жана сурак жүргүзүү ыкмаларын жөнгө салуучу жоболордун маселелери боюнча милдеттүү даярдыктан өткөрүүнүн эсебинен кыйноонун, ырайымсыз мамилелердин алдын алуудагы алардын ролу жөнүндө билим деңгээлдерин жогорулатуу.Тергөөчүлөрдү. Прокурорлорду, сотторду кайра даярдоо боюнча курстарды даярдоо жана уюштуруу | Мезгил-мезгили менен, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес | Жогорку сот (макулдашуу боюнча), ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Тергөөчүлөрдү, прокурорлорду, сотторду кыйноого каршы күрөшүү ишиндеги кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга даярдоо жана кайра даярдоо |
20 | Соттор тарабынан бөгөт коюу чарасын, камакка алуу түрүндө бөгөт коюунун альтернативдүү чараларын колдонуу практикасын жылдар боюнча салыштырып изилдөө жана алардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | Камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чараларын колдонуу учурларын кыскартуу |
21 | Башка өлкөлөрдүн жаңы альтернативалар, мисалы, камактагы адамдын жүргөн жерин контролдоо үчүн радио-билериктерди пайдалануу тажрыйбасын үйрөнүү. аларды Кыргыз Республикасынын жазык сот өндүрүшүнүн алкагында жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, ЖАМК |
|
22 | Соттолгон аялдардын, жашы жете электердин жана башка ЖАМК мекемелериндеги аялуу топтордун укуктарын сактоо маселелери боюнча коомдук угууларды, конференцияларды, "тегерек үстөлдөрдү", жумушчу жолугушууларды өткөрүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ЖАМК, Акыйкатчынын аппараты (макулдашуу боюнча) | Көрсөтүлгөн иш-чара соттолгондордун саналган топторунун укуктарын сактоону камсыздоого багытталган |
23 | Мурда соттолгондорго карата коомдук позицияны өзгөртүү максатында чечим кабыл алуучу мамлекеттик түзүмдөрдө дагы, кеңири коомчулуктун арасында дагы маалыматтык-агартуу ишин дайыма жүргүзүү | Мезгил-мезгили менен | ЖАМК, ЭМЖЖ, ИИМ | Максат - кийин эмгекке жайгаштырууда мурда соттолгондорго коомчулукта жакшы мамилени калыптандыруу |
24 | Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинде, ыкчам-иликтөө кызматтарынын, тергөө бөлүмдөрүнүн жана кармалган жана камактагы адамдарды камакта кармоо шарттарын камсыз кылуучу кызматтардын кызматкерлеринин укуктук тарбия жана билим системасын дайыма жакшыртуу. Өзгөчө көңүлдү кызматкерлердин моралдык жана кесиптик сапаттарына бөлүү керек | Дайыма | ИИМ, УКМК, БКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Укук коргоо органдарынын көрсөтүлгөн кызматкерлеринин укуктук тарбия жана билим берүү деңгээлдерин жогорулатуу |
25 | ЖМК мекемелериндеги тергелүүчү, соттолуучу аялдар жана башка аялуу топтор менен, анын ичинде өмүр бою эркинен ажыратылгандар менен иштөө боюнча методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу | 1-кварталынын аягына чейин | ЖАМК, ИИМ, УКМК, ССМ, Акыйкатчы аппараты (макулдашуу боюнча) | Бул методикалык колдонмо эске алынган соттолгондор менен иштөөнү жакшыртууга мүмкүндүк түзөт |
III. Уюштуруу-техникалык камсыздоо | ||||
26 | УКЖ, ТКЖлардын бардыгында. укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, оперативдүү ыйгарым укуктуу, участкалык инспекторлордун иш бөлмөлөрү жайгашкан коридорлордо каржылоо булактарын белгилөө менен видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча Кадамдык планды иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, ЖАМК, БКМК | Видеобайкоонун максаты - кыйноо фактыларын алдын алуу, табуу, болтурбай коюу жана ачуу |
27 | ИИМ, БКМКнын карамагындагы убактылуу кармоо жайларын ЖАМКнын карамагына которуу маселесин изилдөө | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, БКМК, ЖАМК | Иш-чара кылмыш ишин кыйноону колдонуу жолу менен ачууга ЖАМКнын кызыкдар эместиги сыяктуу кыйноо фактыларынын алдын алууга көмөк көрсөтөт |
28 | Укук коргоо органдарынын коштомо күзөт кызматтарынын штатынын жетиштүүлүгү жөнүндө маселени кароо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК | Бул маселелерди чечүү камакта кармалган адамдарды тигил же бул мекемеге ыкчам жеткирүүгө мүмкүндүк берет, бул тергөө жана сот процесстерин тездетет |
29 | Автопарктарды жаңылоо тууралуу, этапташтыруу үчүн адистештирилген автоунаалардын санынын жетиштүүлүгү жөнүндөгү маселени кароо | |||
30 | Кыйноону колдонууда кызмат адамдарын айыптоо боюнча териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча адистештирүүнү киргизүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Мындай адистештирүүнү киргизүү бир кыйла жогорку кесиптик деңгээлде аталган категориядагы жазык иштерин териштирүүгө мүмкүндүк берет |
31 | Кыйноонун курмандыктарына психологиялык-психиатриялык жардам көрсөтүү жана/же медициналык реабилитациялоо системасын иштеп чыгуу | 2015-жылдын январы | ССМ | Кыйноонун курмандыктарынын ден соолугун калыбына келтирүү |
32 | Ар түрдүү тармактагы адистерден турган комиссияны түзүү менен, камакта кармоочу жайларда, алардагы адамдарды кармоо үчүн жараксыз объектилерди табуу максатында текшерүү жүргүзүү жана аларды жабуу жөнүндө маселени чечүү | Этап менен, 2015-жылдын 2-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, Акыйкатчынын аппараты (макулдашуу боюнча) | Адамдарды камакта кармоо үчүн жараксыз объектилерди пайдалануу аларды өлүмгө кириптер кылып, ден соолугуна зыян келтирип, башка кесепеттерге да туш кылышы мүмкүн |
33 | Мыйзамда белгиленген стандартты сактоону камсыздоо үчүн УКЖнын камераларынын ашыкча толуп кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралардын системасын иштеп чыгуу | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, ЖАМК, БКМК | УКЖнын камераларынын ашыкча толуп кетишинин алдын алууга, аларда турган адамдардын дене боюнун жапа чегүүлөрүн четтетүүгө мүмкүндүк берет |
34 | ТАКЖда тиешелүү стандартка жооп берүүчү шарттарга ылайык кош бойлуу жана бала эмизген аялдарды кармоо үчүн өз алдынча камераларды түзүү | |||
35 | Эл аралык жана жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан жүргүзүлүүчү кыйноолордун алдын алуу жана адам укуктарын коргоонун башка маселелери боюнча билим берүү программаларына прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн катышуусуна колдоо көрсөтүү | Дайыма | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Кызыктыруунун сунушталган чаралары кыйноого каршы күрөшүүдө прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү демилгелөөгө багытталган |
36 | Кыйноону колдонуунун табылган фактыларынын санын белгилөө Башкы прокуратуранын, ИИМдин, УКМКнын, БКМКнын. ЖАМКнын. ЭККМКнын. МБКнын ишин баалоонун негизги критерийлеринин бири экендигин аныктоо | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Укук коргоо органдарынын ишин объективдүү баалоо |
37 | Маалыматтык борборду ИИМдин карамагынан Башкы прокуратуранын карамагына берүү маселесин изилдөө | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ИИМ, Юстмин, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Сунушталган маалыматтык борборду Башкы прокуратуранын карамагына берүү кылмыштуулуктун абалын объективдүү чагылдырууну камсыз кылат |
38 | Жарандардан аларга карата кыйноо колдонулгандыгы жөнүндө бир нече кайрылуу түшкөнүнө карата ведомстволордун кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды жалпылоо жолу менен туруктуу мониторинг өткөрүү | Дайыма | ИИМ, УКМК, БКМК, ЖАМК, ЭККМК, МБК, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Мындай мониторингдин натыйжалары жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлерге колдонулган кыйноолор жөнүндө арыз ээсинин кайрылууларын кароодо пайдаланылышы мүмкүн |
39 | Далилдерди мыйзамдуу ыкма менен алуу, аларды мыйзамсыз жол менен алуу (анын ичинде кыйноо жолу менен) фактыларын азайтуу максатында Бишкек шаарында экспертизанын башка түрлөрүнүн техникалык каражаттары, жаңы методикалары менен камсыздоо менен ДНК-экспертизаларынын өндүрүшү боюнча мамлекеттик лаборатория ачуу жөнүндө маселени чечүү | 2015-жылдын 1-кварталынын аягына чейин | ССМ, Юстмин | ДНК-экспертизаларынын өндүрүшү шексиз далилдерди чогултуу процессинде чоң мааниге ээ болот |
Кыскартуулардын тизмеси:
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Акыйкатчынын Аппараты | - | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) аппараты |
Өкмөттүн аппараты | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
Юстмин | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ЭМЖМ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
БКМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
УКЖ | - | Убактылуу кармоочу жай |
ТКЖ | - | Тергөө камак жайы |
КР КЖК | - | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси |
КР ЖПК | - | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси |
ТА | - | Түзөтүү абагы |
ТМ | - | Түзөтүү мекемеси |
ДНК | - | Дезоксирибонуклеиналык кислота |