Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-майы № 551-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети жөнүндө Жобону (типтүү үлгүнү) бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ченемдик укуктук актылары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети жөнүндө жобо (типтүү үлгү) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогорку Кеңештин комитеттерине тиешелүү комитеттер жөнүндө жобону иштеп чыгууда комитеттердин карамагындагы маселелерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитети жөнүндө жобону (типтүү үлгүнү) негиз катары алуу сунушталсын.
Төраганын орун басары | А. Омурбеков |
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 551-VI токтому менен бекитилген |
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин (мындан ары - комитет) ишин уюштуруунун жана иш-аракетинин тартибин аныктайт.
1.1. Комитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) туруктуу иштөөчү органы болуп саналат.
1.2. Комитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" (мындан ары - Жогорку Кеңештин Регламенти), "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин контролдук функцияларын жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, башка мыйзамдарды, ушул Жобону, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана анын орунбасарларынын тескемелерин жетекчиликке алат.
1.3. Комитеттердин саны, аларды иш-аракеттин багыттары боюнча түзүү, комитеттердин курамдарын калыптандыруу, ошондой эле комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо маселелерин чечүү жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи кезектеги тартипте Жогорку Кеңештин Регламентинин негизинде жана ага ылайык жүзөгө ашырылат.
1.4. Комитет өз иш-аракетин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 12-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин карамагындагы маселелерди бекитүү жөнүндө" № 24-VI токтому менен ага бекитилген маселелердин чектеринде жүзөгө ашырат.
1.5. Комитеттин иш-аракети мыйзамдуулук, талкуулоо эркиндиги, маселелерди чечүүнүн коллегиялуулугу принциптерине, каралуучу маселелердин мүнөзү жабык жыйналыштарды өткөрүүнү талап кылган учурларды кошпогондо, айкындык принцибине негизделет.
1.6. Комитеттер тиешелүү комитет жөнүндө жобону ушул Жобонун негизинде иштеп чыгышат жана өз жыйналыштарында бекитишет.
1.7. Комитеттин иш-аракетин укуктук, уюштуруучулук, талдоочулук, маалыматтык жана башка камсыздоону тийиштүү комитеттин бөлүмү ишке ашырат.
2.1. Комитеттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
2.2. Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине Комитеттин иш-аракетин пландаштыруу.
2.3. Жогорку Кеңешке Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) киргизген мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун, жалпы мамлекеттик программалардын долбоорлорун жана Комитеттин карамагына берилген башка маселелерди алдын ала кароо жана өз корутундулары менен аларды Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзамда белгиленген мөөнөттө киргизүү.
2.4. Комитеттин карамагына берилген маселелер боюнча Жогорку Кеңеште кабыл алынууга жаткан токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгуу.
2.5. Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна карата түзөтүүлөр жөнүндө сунуштарды кароо.
2.6. Комитеттин кароосунда турган маселелер боюнча коомдук талкуулоону камсыз кылуу.
2.7. Комитеттин карамагында турган, кабыл алынган мыйзамдарга мониторинг жүргүзүү.
2.8. Мыйзамдардын, Жогорку Кеңеш жана Комитет кабыл алган чечимдердин турмушка ашырылышын контролдоо.
2.9. Мамлекеттик кызмат ордуна шайлоо үчүн, дайындоого макулдук берүү үчүн, кызмат ордуна талапкерлигин жактыруу, кызмат ордунан бошотуу үчүн көрсөтүлгөн талапкерлерди алдын ала кароо.
2.10. Комитеттин карамагына берилген маселелерге ылайык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жана кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана баяндамаларын алдын ала угуу.
2.11. Жогорку Кеңеште ратификацияланууга же денонсацияланууга жаткан эл аралык келишимдердин долбоорлорун бул келишимдерге Президент же Өкмөт кол койгонго чейин карамагындагы маселелерге ылайык макулдашууну жүзөгө ашыруу.
2.12. Жарандардын, мамлекеттик органдардын жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын кайрылууларын кароо.
3.1. Ушул Жобонун II бөлүгүндө көрсөтүлгөн милдеттерди чечүү үчүн комитет:
3.1.1. Комитеттин алдын ала кароосуна келип түшкөн мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлору боюнча корутундуларды мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө берет.
3.1.2. Биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна карата түзөтүүлөр жөнүндө сунуштарды алдын ала карайт.
3.1.3. Өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлорун даярдоону жүзөгө ашырат.
3.1.4. Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун жана башка маселелерди жалпы талкуулоо үчүн парламенттик угууларды, "тегерек столдорду", конференцияларды, семинарларды, кеңешмелерди жана башка иш-чараларды уюштурат.
3.1.5. Жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына залал келтириши мүмкүн болгон мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар табылган учурларда бул бузууларды четтетүү жөнүндө чечим чыгарат.
3.1.6. Кезектеги сессиялык жылга комитеттин иш планын бекитет.
3.1.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды аткарат.
4.1. Ушул Жобонун III бөлүгүндө көрсөтүлгөн функцияларды ишке ашыруу максатында комитет төмөндөгүлөргө укуктуу:
4.1.1. Мыйзамдын концепциясынын, максаттарынын жана милдеттеринин кыскача баяндамасын (мыйзам чыгаруу сунушун) берүү менен Өкмөткө мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырууга.
4.1.2. Мыйзам долбоорлорун сунуштарды жана сын-пикирлерди берүү үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка уюмдарга жөнөтүүгө.
4.1.3. Өз алдынча же башка комитеттер менен бирдикте, көз карандысыз эксперттерди тартуу укугу менен, мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө, айрым маселелерди даярдоо, иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринен, мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу тийиштүү субъекттердин, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн жумушчу топторду түзүүгө.
4.1.4. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин токтомдорунун долбоорлоруна карата көз карандысыз экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга.
4.1.5. Өзүнүн жыйналыштарына жана жумушчу топтордун жыйналыштарына мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу тийиштүү субъекттердин өкүлдөрүн, зарыл болгондо көз карандысыз эксперттерди -уюмдардын өкүлдөрүн чакырууга.
4.1.6. Комитеттин карамагындагы маселелерге ылайык мыйзамдардын жана Жогорку Кеңеш кабыл алган чечимдердин турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча текшерүүлөрдүн планын Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизүүгө.
4.1.7. Контролдук-көзөмөлдүк функциялар берилген мамлекеттик органдардын, ошондой эле көз карандысыз аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн, айрым адистерди мыйзамдардын жана Жогорку Кеңеш кабыл алган башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын текшерүүгө катышууга тартууга.
4.1.8. Зарыл учурларда жабык парламенттик угууларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга.
4.1.9. Башка комитет карап жаткан маселе боюнча өзүнүн пикирин билдирүүгө.
4.1.10. Тийиштүү ведомстволор, уюмдар, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрү менен өз ара аракеттенүүгө.
4.1.11. Жогорку Кеңештин расмий интернет-сайтындагы комитеттин барагында комитеттин иш-аракети жөнүндө маалыматтарды (комитеттин ачык жыйналыштарынын стенограммалары, комитеттин чечимдери д.у.с.) жайгаштырууга.
5.1. Комитеттин курамы анда Жогорку Кеңештин кеминде 6 депутаты - Жогорку Кеңештин ар бир фракциясынан өкүлдөр болгондо өз иш-аракетине киришүүгө укуктуу болот.
5.2. Комитеттин курамына комитеттин төрагасы, анын орун басары (орун басарлары) жана мүчөлөрү кирет.
5.3. Комитеттин түзүмүндө комитеттин төрагасынын экиден ашпаган орун басарларынын кызмат орду каралат.
5.4. Комитеттин төрагасы Жогорку Кеңештин комитетинин төрагасынын жана убактылуу комиссиясынын төрагасынын кызмат ордун бир убакта айкалыштырууга укугу жок. Мындай учурда комитеттин төрагасы өзүнүн комитеттин төрагасы катары иш-аракетин токтото турууга милдеттүү.
5.5. Комитеттин төрагасы же анын орунбасары өз ыйгарым укуктарын төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотот:
- комитеттин төрагасынын же анын орунбасарынын өз ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арызы берилгенде;
- депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганда;
- Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.
5.7. Комитеттин төрагасын, анын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе фракциянын демилгеси боюнча Жогорку Кеңешке киргизилет.
5.8. Комитеттин төрагасын, анын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө токтом катышкандардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн ашыгынын добушу менен кабыл алынат.
5.9. Комитеттин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктары жеке арызы боюнча тапшырылган же болбосо комитеттин төрагасы же анын орунбасары кызмат ордунан кайра чакыртылып алынган учурларда ал, эгерде бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш башкача чечим кабыл албаса, ошол эле комитеттин мүчөсү бойдон калат.
6.1. Комитеттин төрагасы:
6.1.1. Комитеттин иш-аракетине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат.
6.1.2. Комитет бөлүмүнүн ишин багыттайт жана контролдойт.
6.1.3. Жогорку Кеңештин Төрагасы жана анын орун басарлары, Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиялары, мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу субъекттери, аткаруу бийлик органдары, коомдук уюмдар, башка уюмдар, чет мамлекеттердин парламенттеринин тийиштүү органдары, эл аралык уюмдар менен өх ара мамилелерде комитеттин атынан чыгат.
6.1.4. Комитеттин жыйналышында төрагалык кылат.
6.1.5. Комитеттин бөлүмүнүн жетекчилигинин көмөгү менен комитеттин жыйналышынын күн тартибин түзөт жана бул жыйналышка зарыл материалдарды даярдоону уюштурат.
6.1.6. Документтердин долбоорлорун даярдоо жана аларды комитеттин жыйналышына киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорун жана башка материалдарды бөлүм башчысына берет.
6.1.7. Комитетке келип түшкөн материалдарды кароо жана сунуштарды даярдоо үчүн өзүнүн орун басарларына берет.
6.1.8. Өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт.
6.1.9. Кызыкдар жактарды комитеттин жыйналышына катышууга чакырат.
6.1.10. Комитеттин жыйналыштарынын протоколдоруна, чечимдерине, корутундуларына жана башка документтерине кол коёт.
6.1.11. Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин курамына кирет жана анын ишине (жыйналыштарына) катышат.
6.1.12. Комитеттин иши жөнүндө ар жылдык отчетторду Жогорку Кеңешке берет.
7.1. Комитеттин төрагасынын орун басарынын милдеттери:
7.1.1. Комитеттин төрагасынын жана анын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык ага жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
7.1.2. Комитеттин төрагасы болбогон учурда комитеттин жыйналышында төрагалык кылат.
8.1. Комитеттин мүчөлөрүнүн милдеттери:
8.1.1. Комитеттин жыйналышына катышат.
8.1.2. Комитет уюштурган парламенттик угууларга, "тегерек столдорго", конференцияларга, семинарларга, кеңешмелерге, эл аралык уюмдар менен жолугушууларга катышат.
8.1.3. Депутаттык этиканын эрежелерин сактайт.
8.2. Комитеттин мүчөлөрүнүн укуктары:
8.2.1. Комитеттин жыйналышында кароо үчүн маселелерди сунуштайт.
8.2.2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңеш жана комитет кабыл алган чечимдердин турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө сунуш киргизет.
8.2.3. Комитеттин карамагына берилген маселелер боюнча аткаруу бийлигине тиешелүү мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин маалыматын угуу жөнүндө сунуш киргизет.
8.2.4. Жогорку Кеңештин Регламентинде аныкталган башка укуктарды жүзөгө ашырат.
9.1. Комитеттин жыйналыштары дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүндө, ал эми зарыл болгондо - шайлоочулар менен иштөө мезгилин, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагын кошпогондо, башка күндөрдө.
9.2. Комитеттин жыйналышы ачык же жабык, кезектеги жана кезексиз, ошондой эле көчмө жана кошмо (Жогорку Кеңештин башка комитеттеринин катышуусу менен) болушу мүмкүн.
9.3. Комитеттин жыйналыштары анда каралуучу маселелердин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылган учурларды кошпогондо ачык болуп саналат. Комитеттин жабык жыйналышын өткөрүү жөнүндө чечим комитеттин жыйналышка катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
9.4. Комитеттин кезексиз жыйналыштарын комитеттин төрагасы, ал болбогон учурларда анын төрагалык кылуучу орун басары өзүнүн демилгеси боюнча же Комитетин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн биринин же болбосо Жогорку Кеңештин Төрагасынын демилгеси боюнча чакырылат.
9.5. Комитет анын жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин 3 күндөн кечиктирбестен жыйналыштын күн тартибин, анын убагы жана орду жөнүндө маалыматты Жогорку Кеңештин Интернет-сайтына жайгаштырат.
9.6. Комитеттин жыйналышы өткөрүлө тургандыгы жөнүндө комитеттин мүчөлөрү эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен, ал эми жыйналыштын калган мүчөлөрү күн мурдатан кабардар кылынат. Комитеттин жыйналышы жөнүндө зарыл маалыматтар Жогорку Кеңештин башка депутаттары үчүн Жогорку Кеңештин расмий Интернет-сайтына жайгаштырылат.
9.7. Комитеттин жыйналышына карата материалдар ал өткөрүлө турган күнгө чейин эки жумушчу күндөн кечиктирилбестен комитеттин мүчөлөрүнө берилет.
9.8. Комитеттин жыйналышында мыйзам долбоорлору төмөндөгүлөр болгондо каралат:
- Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык кызматынын корутундусу;
- эгерде мыйзам долбоорунда мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүү каралса, Өкмөттүн бул чыгымдарды финансылоо булактарын аныктаган расмий корутундусу;
- эгерде мыйзам долбоорунда ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу каралса, регулятивдүү таасир көрсөтүү талдоосу.
9.9. Комитеттин жыйналышы ага комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышкан шартта укуктук күчкө ээ болот.
9.10. Комитет көчмө жыйналышын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Көчмө жыйналыш өткөрүлүүчү жерди комитет аныктайт, бул тууралуу комитеттин мүчөлөрү кабардар кылынат.
9.11. Комитеттердин биргелешкен жыйналыштары бир нече комитеттердин карамагына тиешеси бар маселелер боюнча өткөрүлөт. Биргелешкен жыйналыштарда ар бир комитеттин жыйналышка катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен биргелешкен чечимдер кабыл алынат, аларга комитеттердин төрагалары, алар болбогондо - комитеттин төрагасынын орун басарлары кол коёт. Эгерде комитеттердин ортосунда пикир келишпестиктер болсо, чечимди ар бир комитет өз алдынча кабыл алат.
9.12. Комитеттин жыйналышында комитеттин төрагасы, ал болбогондо - анын орун басары төрагалык кылат.
9.13. Төрагалык кылуучу комитеттин жыйналышын алып баруунун тартибинин сакталышын камсыз кылат, жыйналыштын күн тартибине ылайык сөз берет.
9.14. Комитеттин кийин боло турган бир же бир нече жыйналышына катыша албай турган комитет мүчөлөрү добуш берүү укугун комитеттин башка мүчөсүнө - өз фракциясынан депутатка бере алат. Тиешелүү комитетте бир гана депутат фракциянын атынан чыкса анда добуш берүү укугу анын каалоосу боюнча башка фракциядан депутатка өткөрүлүп берилет.
Добуш укугун өткөрүп берүү депутаттык бланкада өткөрүлүп берилүүчү добуштун жоктугунун, убактысынын себептерин, ошондой эле добуш берүүдө добушту кандай тескей тургандыгын көрсөтүү менен таризделет. Добуш укугу өткөрүлүп берилген комитеттин мүчөсү тарабынан каралган көрсөтмөлөр аткарылбаган учурда добуш укугу өткөрүлүп берилген ал бул жүйө боюнча тиешелүү комитетке жазуу жүзүндө түшүндүрмө берет.
9.15. Комитет өз компетенциясынын бардык маселелери боюнча чечим кабыл алат. Комитеттин чечими анын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Кийинкиге калтырылбай турган жана коомдук талкуулоону талап кылбаган маселелерди кароодо комитет атын атап сурамжылоонун жыйынтыктары камтылган макулдашуу баракчасын тариздөө, тиешелүү маселе боюнча "макул" же "каршы" пикири менен комитеттин мүчөлөрүнүн кол тамгаларын коюу жолу менен чечим чыгарууга укуктуу.
9.16. Комитеттин жыйналыштарына Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, Өкмөттүн туруктуу өкүлү, Өкмөттүн мүчөлөрү, ошондой эле киргизген мыйзам долбоорлору каралып жаткан мыйзам чыгаруу демилгесине укуктуу субъекттердин өкүлдөрү катышууга укуктуу.
9.17. Комитеттин жыйналышына эксперттер, кызыкдар мамлекеттик органдардын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
9.18. Комитет мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле жарандардан жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардан анын иш-аракетине зарыл документтерди жана материалдарды сурап алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын өзүнүн жыйналыштарына чакырууга укуктуу.
9.19. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар, ишканалар жана мекемелер, ошондой эле менчигинде мамлекеттик же муниципалдык үлүш болгон башка юридикалык жактар жана алардын кызмат адамдары комитеттин жыйналышына чакырылган учурда комитеттин жыйналышына катышууга, ошондой эле комитет сураган документтерди жана материалдарды бир айлык мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
9.20. Комитеттин чечими боюнча мыйзам долбоору корутунду берүү үчүн Өкмөткө, тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго, мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле илимий экспертизага жөнөтүлүшү мүмкүн.