Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 1138-IV
2009-жылдын 30-апрелине Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2009-жылдын 30-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
"Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Чүй областынын Москва районундагы Петровка айылында 2009-жылдын 26-апрелинде болгон окуяларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"2009-жылдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун тандап алуу боюнча тендердик комиссиянын курамына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен талапкерлерди бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу;
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 жылдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;
"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 19-мартындагы № 1060-IV токтому менен түзүлгөн 2009-жылдын 13-мартында Кой-Таш айылына жакын жердеги Бишкек-Теплые ключи автожолунда болгон жол кырсыгынын фактысын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы жөнүндө.
Төрага | А.Тагаев
|