КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 1144-IV
"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык
бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 22-апрелиндеги № 243 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008-жылдын 19-декабрындагы № 840-IV "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралу Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- бюджеттик мекемелерди каржылоо үчүн 2008-жылда каралган бюджеттик милдеттенмелерди 2009-жылда аткарууну камсыз кылсын.
Төрага | А.Тагаев
|