ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 1144-IV «Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому

Редакция30.04.2009 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 30-апрели № 1144-IV

"Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык

бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана

толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2009-жылдын 22-апрелиндеги № 243 токтому) "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2008-жылдын 19-декабрындагы № 840-IV "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралу Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун аткаруу боюнча чараларды көрсүн;

- бюджеттик мекемелерди каржылоо үчүн 2008-жылда каралган бюджеттик милдеттенмелерди 2009-жылда аткарууну камсыз кылсын.

 

Төрага

А.Тагаев