ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы № 782-VI «2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы «Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант» (DCI-ASIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция23.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 23-июну № 782-VI

"2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 20-июнундагы № 343 токтому) "2016-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа бирлигинин ортосундагы "Шайлоо системасын реформалоо аркылуу демократияны чыңдоо - секторду реформалоо боюнча грант" (DCI-ASIЕ/2015/038-149) программасы боюнча Финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков