Загрузка документа…
КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 9-ноябрындагы № 1055-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 799-VI
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы вице-премьер-министрдин кызмат орду менен толукталсын.
2. Төмөнкүлөрдүн талапкерликтери жактырылсын:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна Разаков Жениш Парпиевичтин;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызмат ордуна Бекбоев Турдуназирдин;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин кызмат ордуна Айдаров Замирбек Казакбаевичтин;
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Зилалиев Дуйшенбек Текшербековичтин;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Шаршембиев Бакыт Нуржановичтин.
3. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 440-VI токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин кызмат ордуна - Разаков Жениш Парпиевич";
он экинчи абзацындагы "айыл чарба жана мелиорация министринин" деген сөздөр "Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацындагы "транспорт жана коммуникациялар министринин" деген сөздөр "Транспорт жана жол министринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы жаңы абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна - Шаршембиев Бакыт Нуржанович".
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|