КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-февралы № 266-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадеминов Мурадыл Ганыевич Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
2. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исакунова Таалайкүл Базаркуловна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Токторов Алмазбек Сатиевич жана Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
3. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 38-VI "Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самигуллина Альфия Эльдаровна Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
4. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 41-V "Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жумалиева Эльмира Бусурманкуловна Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Самаев Урматбек Обозбекович Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетинин курамына киргизилсин;
Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1.1. жана 1.2-пункттар менен толукталсын:
"1.1. Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович Улуттук комитеттин башчысы болуп шайлансын.
1.2. Бекешов Дастан Далабайевич Улуттук комитеттин башчысынын орунбасары болуп шайлансын.".
5. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эсенаманова Чолпон Замирбековна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исакунова Таалайкүл Базаркуловна Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга жиберилсин.
6. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI "Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1.1. жана 1.2-пункттар менен толукталсын:
"1.1. Иса Шейшенкулович Омуркулов Комитеттин тең төрагасы болуп шайлансын.
1.2. Жамангулов Акылбек Жекшенович Комитеттин тең төрагасынын орун басары болуп шайлансын.".
7. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 37-VI "Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Токтом төмөнкүдөй мазмундагы 1.1. жана 1.2-пункттар менен толукталсын:
"1.1. Турсунбеков Чыныбай Акунович парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.
1.2. Текебаев Өмүрбек Чиркешович парламенттик делегациянын башчысынын орун басары болуп шайлансын.".
8. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 34-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин башчысынын кыргыз тарабынан орун басары болуп шайлансын.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков
|