Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 826-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эскертүү:
- акциялардын мамлекеттик пакетинин жана мамлекеттик үлүшүнүн менчиктештирилүүчү бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталышы мүмкүн;
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына карата "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмегинин" 1-тиркеменин 6-1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти менчиктештирүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ишке ашырылат;
- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына карата "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмегинин" 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын.
"
6-1 | "БТА Банк" ЖАКы | 1000000,0 | 15,4 | 15,4 |
Төрага | Ч. Турсунбеков
|