ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 826-VI «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция29.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 29-июну № 826-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтому менен бекитилген 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эскертүү:

- акциялардын мамлекеттик пакетинин жана мамлекеттик үлүшүнүн менчиктештирилүүчү бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталышы мүмкүн;

- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына карата "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмегинин" 1-тиркеменин 6-1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти менчиктештирүү "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-статьясынын 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ишке ашырылат;

- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасына карата "Менчиктештирүү акцияларынын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүшүн белгиленген тартипте сатуу жолу менен ишке ашырылуучу объекттердин тизмегинин" 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын.

"

6-1

"БТА Банк" ЖАКы

1000000,0

15,4

15,4

 

Төрага

Ч. Турсунбеков