Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну № 828-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 1498-IV токтому менен бекитилген "Парламенттер аралык комиссиялардын кыргыз тарабы, чет өлкөлүк парламенттер менен кызматташтык боюнча достук депутаттык топтору менен парламенттер аралык жана эл аралык уюмдардагы туруктуу депутаттык делегациялар жөнүндө" жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
"Жалпы жоболор" деген I бөлүм төмөнкү мазмундагы 1.3. пункт менен толукталсын:
"1.3. Жогорку Кеңештин депутаты бир гана парламенттер аралык комиссиянын же туруктуу делегациянын курамына кирүүгө укуктуу.";
2.1. пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2.2. пункттун алтынчы абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Достук тобунун жетекчиси башка достук топторунун жетекчисинин орун басары болуп шайланууга укугу жок.";
2.3. пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Туруктуу делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаты эл аралык же парламенттер аралык уюмдун бир гана туруктуу комиссиясына гана мүчө болушу мүмкүн.".
2. 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
биринчи абзацтагы "260" деген цифра "148" деген цифра менен алмаштырылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык парламенттик уюмдардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө" жобого төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
I бөлүмдүн биринчи абзацындагы "260" деген цифра "148" деген цифра менен алмаштырылсын;
III бөлүмдүн бешинчи абзацындагы жана IV бөлүмдүн үчүнчү жана тогузунчу абзацтарындагы "Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин карамагында эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
IV бөлүмдө:
биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Ыйгарым укуктуу өкүл Жогорку Кеңештин Аппаратынын карамагында эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык маселелери болгон Жогорку Кеңештин комитети менен макулдашылган Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчисинин сунушу боюнча эл аралык парламенттик уюмдардын уюштуруу документтеринде каралган мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы тарабынан дайындалат жана бошотулат. Мындай мөөнөттөр болбогон учурда ыйгарым укуктуу өкүл ошол эле тартипте үч жылдык мөөнөткө дайындалат. Кызматтык зарылдык боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт ыйгарым укуктуу өкүлдүн макулдугу менен Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан узартылышы, бирок бир жылдан ашыкка эмес узартылышы мүмкүн. Бир эле адам эки жолу ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалышы мүмкүн эмес.";
экинчи абзацтагы "Жогорку Кеңеште беш жылдан кем эмес иш стажы бар" деген сөздөр "ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын карамагында эл аралык жана парламенттер кызматташтык маселелери болгон бөлүмдөрдө үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|