Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы № 1261-VI
2017-жылдын 16-январында кыйроого учураган учактын бортунда ташылган жүктөрдүн тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-мартындагы № 1391- VI токтомуна редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 16-январында кыйроого учураган учактын бортунда ташылган жүктөрдүн тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча маселени ар тараптуу изилдөө максаттарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй курамдагы убактылуу депутаттык комиссиясы (мындан ары - комиссия) түзүлсүн:
Ж.К.Акаев
М.Г.Мадеминов
М.А.Аманкулов
Т.З. Зулпукаров - КСДП депутаттык фракциясынан;
К.Т.Зулушев
М.Э.Сабиров
Б.С.Ибраимжанов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
К.К.Исаев
А.Б.Баатырбеков - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
М.И.Бакиров - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
М.Ю.Абдылдаев - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
Н.В. Никитенко - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-мартындагы № 1391- VI токтомуна редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарыл болсо өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул маселенин тармагы боюнча адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия 2017-жылдын 20-февралына чейин өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|