Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 1514-VI
Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Программанын 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-2-пункт менен толукталсын:
"13-2. Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин кийин менчиктештирүү менен чарбакер коомдоштуктарга кайра түзүүгө жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги ушул Программага 5-тиркемеге ылайык аныкталат.
|
| 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 5-тиркеме |
№ катары менен | Мамлекеттик ишкананын аталышы | Мамлекеттик үлүшү (%) | Менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик үлүшү (%) |
| Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы | 100% | 49% |
Төрага | Ч. Турсунбеков
|