ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 1514-VI «Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому

Редакция20.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 20-апрели № 1514-VI

Пайдалуу кендерди изилдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Программанын 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-2-пункт менен толукталсын:

"13-2. Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин кийин менчиктештирүү менен чарбакер коомдоштуктарга кайра түзүүгө жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги ушул Программага 5-тиркемеге ылайык аныкталат.

 

 

 

2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына 5-тиркеме

Уставдык капиталындагы акциялардын (үлүштөрдүн) мамлекеттик пакетин кийин менчиктештирүү менен чарбакер коомдоштуктарга кайра түзүүгө жаткан мамлекеттик ишканалардын тизмеги

 

№ катары менен

Мамлекеттик ишкананын аталышы

Мамлекеттик үлүшү (%)

Менчиктештирүүгө жаткан мамлекеттик үлүшү (%)

 

 

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы

100%

49%

 

Төрага

Ч. Турсунбеков