ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 1-декабрындагы № 1155-VI «Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары» ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» токтому

Редакция01.12.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 1-декабры № 1155-VI

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 221-VI токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышын иликтөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу боюнча чыгымдардын аудитин толук жана ар тараптуу жүргүзүү үчүн аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык көз карандысыз эл аралык аудиторду тартуу боюнча чараларды көрсүн;

"Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын уставдык капиталындагы "РусГидро" ААКсынын тиешелүү үлүшүн "Электрстанциялары" ААКсынын балансына кабыл алууну - өткөрүп берүүнү Макулдашууда белгиленген тартипте жүзөгө ашырсын.

3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы көз карандысыз эл аралык аудиттин жыйынтыктары боюнча "Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКсынын биргелешкен ишканасы тарабынан 37 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын пайдаланылышы боюнча аракеттерге укуктук баа берсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2 айлык мөөнөттө аудитордук текшерүүнү жүргүзсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жүктөлсүн.

  

Төрага орун басары

Н.Алимбеков